Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 2-августу № 326-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 487-б , 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 183-б, 2016-жылдын 14-июнундагы № 260-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Чек ара коопсуздугун камсыздоо жаатында мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында:
1. Мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу (мындан ары - МЧБК) тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 487-б, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 183-б, 2016-жылдын 14-июнундагы № 260-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасында Мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбор Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп эсептелери белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 260-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасында МЧКБ тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбор жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссия өзүнүн алдында турган милдеттерди чечүү үчүн белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ата мекендик жана чет өлкөлүк эксперттерди ишке тартууга (макулдашуу боюнча);
- маалыматтарды сурап алууга, МЧКБ тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жаатында министрликтер жана ведомстволор жүргүзгөн иш чараларга мониторинг жүргүзүүгө.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Ведомстволор аралык комиссиянын жана УКБнын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 266-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
МЧКБ УКБнын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет, МЧКБ УКБнын персоналдык курамы Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 260-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326 буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек араны комплекстүү
башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
боюнча Улуттук координациялык борбору жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 487-б, 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 183-б, 2016-жылдын 14-июнундагы № 260-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. УКБнын функциялары, максаттары жана милдеттери
III. УКБнын укуктары
IV. УКБнын ишин уюштуруу
1. Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек араны комплекстүү башкаруу тутумун (мындан ары - МЧКБ) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбор (мындан ары - УКБ) МЧКБ тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) жумушчу органы болуп эсептелет.
УКБ чек ара коопсуздугу жаатындагы мамлекет саясатты натыйжалуу ишке ашыруу стратегиясын иштеп чыгууну жана МЧКБ тутумун ишке киргизүүнүн алкагында негизги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык сектордун иштерин координациялоону камсыз кылат.
УКБ ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары, башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
2. УКБ өз ишинде Ведомстволор аралык комиссияга жана «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына» отчет берет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 183-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. «УКБнын жетекчиси болуп Башкы штабдын начальниги - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары эсептелет.»;
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 487-б , 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 183-б буйругунун редакцияларына ылайык)
УКБнын курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
УКБнын ишине техникалык колдоо көрсөтүү Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы ишке ашыруучу "Борбордук Азияда чек араларды башкарууга көмөктөшүү" (ВОМСА) Европа союзунун программасы тарабынан ишке ашырылат.
4. УКБ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик башкаруунун башка органдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, донор өлкөлөр жана жарандык коомчулук менен байланышта иштейт.
УКБнын жыйынына белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн, коомдук уюмдардын жана бирикмелердин өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн (макулдашуу боюнча).
5. УКБнын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- МЧКБ тутумунун стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү маселелеринде Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон министрликтери менен ведомстволорунун ишин координациялоо;
- чек ара коопсуздугун камсыздоо жаатында улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү;
- чек ара коопсуздугуна тиешелүү функционалдык милдеттерди аткаруу боюнча министрликтер менен ведомстволордун ортосундагы өз ара байланыш жана маалымат алмашуу тутумун түзүү.
6. УКБнын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- МЧКБны ишке киргизүү стратегиясын иштеп чыгууда артыкчылыктуу багыттарды аныктоо;
- МЧКБнын иш-чараларын жүзөгө ашырууда министрликтер менен ведомстволордун комплекстүү жана ырааттуу ыкмасын камсыз кылуу, МЧКБны ишке ашыруу максаттарына жетүүгө багытталган зарыл чараларды көрүү үчүн Ведомстволор аралык комиссиянын сунуштарын иштеп чыгуу жана даярдоо;
- МЧКБ тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын ишин камсыздоо, Ведомстволор аралык комиссия кабыл алган чечимдерди мамлекеттик бийлик органдарынын, министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишке ашыруу процессин башкаруу;
- Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун чыңдоого көмөктөшүү жаатында эл аралык уюмдар, донор өлкөлөр менен кызматташуунун колдонулуудагы программалары менен долбоорлорун өнүктүрүү жана жаңыларын ишке киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин алкагында чектеш мамлекеттердин КМШга, ЕврАзЭСке, ШКУга катышуучу мамлекеттердин мыйзамдары менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө.
7. УКБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- белгиленген тартипте Ведомстволор аралык комиссиянын жана УКБнын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча маалыматтарды министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон жана башка уюмдардан суроого жана алууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин жана УКБнын сунуштарын жана рекомендацияларын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө мамлекеттик органдардын расмий өкүлдөрүн угууга;
- МЧКБ тутумунун стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жаатында министрликтер менен ведомстволор өткөрүүчү иш-чараларга мониторинг жүргүзүүгө;
- зарылдыгына жараша эксперт катары министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын адистерин, ошондой эле эл аралык уюмдардын, донор өлкөлөрдүн жана жарандык сектордун (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн тартууга;
- МЧКБнын стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруунун жолдорун натыйжалуу издөө боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилерине киргизүүгө;
- Ведомстволор аралык комиссия үчүн тиешелүү сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу менен мыйзам базасын өнүктүрүүгө багытталган УКБнын мүчөлөрүнүн сунуштарын талкуулоого;
- МЧКБны ишке киргизүү стратегиясын ишке ашыруу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына сунуштарды жана рекомендацияларды киргизүүгө;
- жасалган иштер жөнүндө тартылган министрликтерден жана ведомстволордон отчетторду талап кылууга;
- УКБнын иши жөнүндө ай сайын отчет даярдоого;
- улуттук мыйзамдардын алкагында УКБнын алдына коюлган максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон башка иш аракеттерди аткарууга.
8. УКБнын ишине жетекчиликти анын жетекчиси - Башкы штабдын начальниги - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары жетекчиликти жүргүзөт.
МЧКБ УКБнын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кирет. МЧКБ УКБнын персоналдык курамы Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы тарабынан аныкталат.
УКБнын жетекчиси күн тартибин аныктайт жана УКБнын жыйындарын жетектейт, программаларды ишке ашыруу маселелери боюнча башка мамлекеттердин тийиштүү органдары жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде УКБнын атынан чыгат;
- УКБнын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды аткарат.
УКБнын жетекчиси жана анын мүчөлөрү өз иштерин коомдук негизде ишке ашырышат. Жетекчи жок болгон учурда анын функциясын жетекчинин орун басары - УКБ катчысы аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 183-б, 2016-жылдын 14-июнундагы № 260-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
УКБнын жетекчиси күн тартибин аныктайт жана УКБнын жыйындарын жетектейт, программаларды ишке ашыруу маселелери боюнча башка мамлекеттердин тийиштүү органдары жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде УКБнын атынан чыгат;
- УКБнын ишин жетектөө боюнча башка функцияларды аткарат.
УКБнын жетекчиси жана анын мүчөлөрү өз иштерин коомдук негизде ишке ашырышат. Жетекчи жок болгон учурда анын функциясын жетекчинин орун басары - УКБ катчысы аткарат.
9. УКБ өз ишин Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы бекиткен планга ылайык уюштурат.
10. УКБнын жыйындары зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
11.УКБнын жыйындары тиешелүү протоколдук чечим менен таризделет, ага УКБнын жетекчиси кол коет. Протоколдор Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына, ошондой эле башка кызыкдар болгон тараптарга берилет. УКБнын чечимдеринин негизинде Ведомстволор аралык комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна документтердин долбоорлору даярдалышы жана киргизилиши мүмкүн.
12. УКБнын чечимдери жыйындарга катышкан министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү макул болгон учурда кабыл алынат.
13. УКБ айына бир жолу Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин жана УКБнын протоколдук чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчет берет.
14. УКБнын иш кагаздарын жана жыйындарын протоколдоону жетекчинин орун басары - УКБнын катчысы, же болбосо УКБнын жетекчисинин чечими боюнча аны алмаштыруучу жүргүзөт.
15. Ведомстволор аралык комиссия ишин токтоткон учурда УКБ дагы өзүнүн ишин токтотот.