Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-апрели № 116
Мамлекеттер аралык колдонулуучу суу чарба курулмаларынан суу чыгаруу көлөмдөрүнүн бекитилген көрсөткүчтөргө шайкеш келишин текшерүү максатында, "Кыргыз Республикасының Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Мамлекеттер аралык колдонулуучу суу чарба курулмаларынан суу чыгаруу көлөмдөрүнүн бекитилген көрсөткүчтөргө шайкеш келишин текшерүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2 жумалык мөөнөттө мамлекеттер аралык колдонулуучу суу чарба курулмаларынан суу чыгаруу көлөмдөрүнүн бекитилген көрсөткүчтөргө шайкеш келишин текшерсин.
3. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн, зарыл болгон документтерди, маалыматтарды өз убагында беришсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын коитролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Сулайманов Акылбек Таштанбекович
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин суу ресурстары, суу пайдалануу жана мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүү бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Стамалиев Атмаз Керимович | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин электр энергияны өндүруү жана берүү бөлүмүнүн башчысы; |
Байызбеков Жолдошбек Калчороевич | - "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун гидротехника кызматынын жетектөөчү инженери (макулдашуу боюнча); |
Жумабеков Эркинбек Айтакунович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ыкчам ишмердүүлүк боюнча башкы башкармалыгынын улук офицери; |
Апышев Тюлеберды Абдукамытович | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгынын оперкызматкери; |
Сулайманов Азамат Абдишукурович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Абдыжапаров Байыш Абдыназарович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Кабаев Азамат Асанакунович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн пунктунун эксперти; |
Маматалиев Айбек Гыламидинович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Баткен шаарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн пунктунун эксперти. |