Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-апрели № 186-б
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Корея Республикасынын Жогорку прокуратурасынын ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Корея Республикасынын Жогорку прокуратурасынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгертүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Корея Республикасынын Жогорку прокуратурасы кызматташтыкты жана достукту чындоо максатында, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1- берене
Тараптар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жана өз мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өз ара өнүгүү максатына жетүү үчүн Кызматташат.
2- берене
Тараптар биргелешкен семинарларды, окуу программаларын, өз ара визиттерди жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү аркылуу кызматкерлердин ортосунда тажрыйба алмашууга жана алардын кесиптик квалификацияларын жогорулатууга көмөк көрсөтүшөт.
3- берене
Тараптар укуктук жардам берүү жөнүндө бардык суроо-талаптарды натыйжалуу жана өз убагында аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү чараларды көрүшөт.
4- берене
Тараптар тажрыйба жана маалыматтарды натыйжалуу алмашуу максатында өздөрүнүн кызматкерлеринин ортосундагы кесиптик байланыштарды жана мамилелерди өнүктүрүшөт.
5- берене
1. Эгерде, прокурордук иштин маселелери боюнча консультацияларды жана Изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгы келип чыкса, Тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу делегацияны экинчи Тарапка жибере алышат. Мында, Тараптар бардык тиешелүү маселелер боюнча бири-бирине жардам көрсөтүшөт.
2. Эл аралык командировкалык чыгымдарды жана өз ара жиберишүү боюнча делегацияларды кабыл алууга байланыштуу кабыл алуучу Тарап төлегөн чыгымдарды эгерде, Тараптар алдын ала башкача макулдашпаса, жиберип жаткан Тарап көтөрет.
6-берене
Ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында Тараптар бири-бири менен түз байланышат. Бирок дипломатиялык каналдарды пайдалануу мумкүнчүлүгү да четтетилбейт.
Түз байланышуу үчүн Тараптар төмөнкү даректерди жана байланыш каражаттарын пайдаланышат:
Кыргызстан тарап:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Токтоналиев көчөсү, 139;
тел: +996 312 54 28 75, факс: +996 312 54 28 65;
электрондук no4Ta:press@prokuror.kg.
Корея таран:
Корея Республикасынын Жогорку прокуратурасы;
706, Баньпо Ро, Сеочо-гу, Сеул, Корея;
тел:+82 2 535 0414, факс:+82 2 535 0807;
электрондук почта: koreapros@spo.go,кг.
7- берене
Ушул Меморандумду чечмелөө жана ишке ашыруу менен байланышкан бардык маселелерди Тараптар өз ара түшүнүшүү жана урматтоо принциптерине ылайык чечишет.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга кайсы убакта болбосун өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, ал ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
8- берене
Ушул Меморандум Тараптар же алардын мамлекеттери үчүн кандайдыр бир жаңы укуктук милдеттенмелерди түзбөйт жана алардын колдонулуп жаткан бардык эл аралык милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт жана Тараптардын тиешелүү каражаттарынын жана персоналынын болуу шарты менен түзүлөт.
9- берене
Ушул Меморандум ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Тараптардын кимиси болбосун экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо жиберүү аркылуу ушул Меморандумду бузууга укуктуу.
Ушул Меморандумга шаарында 2015-жылдын "_____ " _____ эки нускада кыргыз, корея, орус жана англис тилдеринде кол коюлду. Мында баардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер жаралган учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын атынан | Корея Республикасынын Жогорку прокуратурасынын атынан
|