Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 29-апрели № 189-б
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) Бишкектеги борборунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги борборунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги борборунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуу
Мындан ары "КР УГ" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы, жана мындан ары "ЕККУнун Бишкектеги борбору" деп аталуучу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги борбору, биргеликте "Тараптар" деп аталып,
Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүчү органдарынын ортосундагы ез ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатуу, энергетикалык инфратузүмдүн өзгөчө маанилүү объекттерин кошкондо, мамлекеттик маанилүү объекттерди кайтарууга жооптуу ведомстволордун ортосундагы кызматташтыкты чындоо, КР УГнын материалдык-техникалык абалын өркүндөтүү, ошондой эле аскер кызматчыларынын квалификациясын жана кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу жолу менен Кыргыз Республикасынын потенциалын андан ары чыңдоо зарылдыгын таанып,
коргоо, коопсуздук, терроризмге каршы аракеттенүү жана туруктуу өнүктүрүү жаатында Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле доктриналарды, стратегияларды, концепцияларды, программаларды жана башка саясий документтерди аткаруу зарылчылыгына ишеним артуу менен,
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун коопсуздук секторуна ар тараптуу реформаларды жүргүзүүгө жана эл аралык келишимдердин универсалдык жоболорун, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун коргоо, коопсуздук, терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы жетекчиликке алынган документтерин аткарууга багытталган күч аракеттерин колдоп,
КР УГ менен ЕККУнун Бишкектеги борборунун ортосунда болгон кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон каалоону өзгөчө белгилеө менен,
төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1-берене
Ушул Макулдашуунун предмета КР УГнын терроризмге каршы аракеттенүүчү бөлүнүштөрүнүн ишин өркүндөтүү жана жакшыртуу, коргоону жана коопсуздукту чындоо, ошондой эле мындан ары "долбоордук иштер" деп аталуучу ишенимди бекемдеө болуп саналат.
Тараптар темөнкү иш-чараларды ишке ашыруу жолу менен КР УГнын потенциалын жогорулатууга багытталган долбоордук иштерди аткаруу максатында кызматташтык жөнүндө макулдашты:
- КР УГнын бөлунүштөрүн каржылоо жана жабдууга материалдык-техникалык жардам көрсөтүү;
- инфратүзүмдүн стратегиялык объекттерин коргоо, потенциалдуу коркунучтарга таасир этүү боюнча КР УГнын атайын бөлунүштөрүнүн ыкчам даярдыгын жогорулатуу, ошондой эле КР УГнын бөлүнүштөрүнүн турак жай-казармалар фондун куруу жаатында потенциалды чындоо;
- окутууну жана/же зарылдыкка жараша КР УГнын кайрылуусуна ылайык уюштуруу жана өткөрүү жолу менен КР УГнын потенциалын жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын башка күч түзүмдөрунүн катышуусу менен биргелешкен окууларды өткөрүү;
- коопсуздукту камсыздоо жана терроризмге каршы аракеттенүү чейрөсүндө эл аралык институттар жана башка чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү;
- ишенимди жана коопсуздукту чындоо чараларына көмөк көрсөтүү;
- аскердик-саясий кызматташтык боюнча ЕККУ жана/же башка эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү башка программаларга, окууларга жана иш-чараларга катышуу.
Долбоордук иштерди ишке ашыруунун алкагында Тараптар ар бир календардык жылга иш-чаралардын планын иштеп чыгышат жана бекитишет.
2- берене
Долбоордук иштерди ишке ашыруу максатында КР УГ төмөнкүлөрге көмөк көрсөтөт:
- долбоордук иштерди ишке ашыруунун алкагында ЕККУнун Бишкектеги борборунун кызматкерлерине;
- ЕККУнун Бишкектеги борборуна долбоордук иштерге мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө, ошондой эле долбоордук иштерди ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылуучу иш-чараларга баа берүүгө жана тийиштүү корутундуларды жана сунуштамаларды иштеп чыгууга катышууну камсыз кылууга;
- КР УГнын өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын башка күч түзүмдөрүнөн квалификациялуу адистеринин долбоордук иштерди ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүчү, алардын тематикасына ылайык биргелешкен окууларга катышуусун камсыздоого.
3- берене
Долбоордук иштерди ишке ашыруу максатында ЕККУнун Бишкектеги борбору төмөнкүлөргө көмөк көрсетөт:
- ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган иш-чараларды ишке ашырууга;
- долбоордук иштерди координациялоого;
долбоордук иштердин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө, долбоордук иштердин алкагында ишке ашырылуучу иш-чараларга баа берүүгө жана тийиштүү корутундуларды жана сунуштамаларды иштеп чыгууга.
4- берене
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөргө милдеттенишет:
- долбоордук иштердин ишке ашырылышын камсыздоого;
- долбоордук иштерди ишке ашыруунун натыйжасында алынган жашыруун жана жайылтылууга тийиш болбогон башка маалыматтарды ар бир Тараптын алдын ала макулдугусуз үчүнчү тарапка ачыкка чыгарбоого жана бербөөгө.
Долбоордук иштерди ишке ашыруу максатында Тараптар долбоордук иштерди жүргүзүүдө Тараптардын атынан чыгууга ыйгарым укук берилүүчү өздөрүнүн өкүлдөрүн кат алышуу жолу менен дайындашат.
5- берене
КР УГ менен ЕККУнун Бишкектеги борбору долбоордук иштердин алкагында долбоордук иштерди ишке ашырууга байланышкан бардык маселелерди, анын ичинде биргелешкен мониторинг жүргүзүүнү өз ара координациялашат жана макулдашат.
Тараптар жыл сайын долбоордук иштердин алкагында бөлүнгөн финансы каражаттарынын чегинде жалпы иш-чаралардын планына кол коюшат.
6- берене
Долбоордук иштерди каржылоо ЕККУнун Бишкектеги борборунун жалпы жылдык бюджетинен, ошондой эле КР УГ үчүн учурдагы жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде КР УГнын жарым-жартылай техникалык колдоосу менен ишке ашырылат.
Тараптардын ез ара макулдугу боюнча долбоордук иштерди каржылоо ЕККУнун Бишкектеги борборунун бюджеттен тышкаркы каражаттарынын, мүмкүнчүлүк болгон учурда ЕККУнун донор-өлкөлөрүнүн эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн.
7- берене
Мындан ары "долбоордук мүлк" деп аталуучу долбоордук иштерди ишке ашыруу үчүн ЕККУнун Бишкектеги борборунун каражаттарынан алынган мүлк КР УГнын баланстык эсебине өткөрүлүп берилет.
Долбоордук мүлктү өткөрүп берүү Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюучу тийиштүү акт аркылуу жүргүзүлөт.
Долбоордук мүлк ЕККУнун Бишкектеги борборунун менчиги болуп эсептелет жана ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүнө КР УГнын пайдалануусуна берилет.
КР УГ долбоордук мүлктү максаттуу пайдаланылышы үчүн толук жоопкерчилик тартат.
Эгерде долбоордук мүлк максатсыз пайдаланылса КР УГ ЕККУнун Бишкектеги борборунун талабы боюнча долбоордук мүлктү 30 (отуз) календардык күндүн ичинде кайтарып берүүгө милдеттенет.
Долбоордук иштерди ишке ашыруу аяктагандан кийин Тараптардын биргелешкен чечими боюнча аныктаган долбоордук мүлк гуманитардык жардам катары кайтарымсыз негизде КР УГнын менчигине өткөрүлүп берилет.
8- берене
ЕККУнун Бишкек шаарындагы борбору ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында үчүнчү тараптын дооматтары, анын ичинде Ушул Макулдашууда каралган жардам көрсөтүүнүн жүрүшүндө келип чыккан дооматтар боюнча кандайдыр-бир жоопкерчилик тартпайт.
9- берене
Тараптардын оз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашуунун айрым жоболору алып салынышы, өзгөрүшү жана толукталышы мүмкүн. Киргизилген ондоолор өзүнчө протоколдор менен таризделет.
Ушул Макулдашуу ал жеткис кырдаал (форс-мажор) түзүлгөн учурда Тараптардын биринин демилгеси боюнча бузулушу мүмкүн. Мындай учурда Макулдашуу аны аткаруу мүмкүн болбой калган учурдан баштап бузулат.
10- берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга жана чечмелөөгө карата талаш-тартыштар келип чыккан учурда Тараптар аларды сүйлөшүүлөрдү жана/же консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечишет.
11- берене
Ушул Макулдашуунун жоболорунун же ага тиешеси бар жоболордун эч бири ЕККУнун Бишкектеги борбору жана анын расмий өкүлдөрү пайдаланган артыкчылыктардан жана иммунитеттен баш тартты деп эсептелбейт.
12- берене
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө иштелип чыккан бардык материалдарга жана ойлоп табууларга, анын ичинде автордук укуктар жана патенттер менен чектелбестен берилген бардык укуктар Тараптардын менчигинде гана болот.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптар ээ болгон интеллектуалдык менчикке укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Тараптардын ортосунда тиешелүү келишимдерди түзүү аркылуу үчүнчү тарапка берилиши жана/же үчүнчү тарап пайдаланышы мүмкүн.
13- берене
Ушул Макулдашуу ага Тараптар кол койгон учурдан баштап күчүнө кирет жана 1 (бир) жыл бою күчүндө болот, андан кийин автоматтык түрдө, эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону аны колдонулушунун кезектеги мөөнөтү аяктаганга чейин 2 (эки) айдан кем эмес убакта жибербесе, долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдарга кандайдыр-бир долбоорго компенсацияларды төлөбөстөн кийинки 1 (бир) жылга узартылат.
________ шаарында 2015-жылдын "________" _______ эки нускада, кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, алар бирдей юридикалык күчкө ээ болот жана КР УГнын жана ЕККУнун Бишкектеги борборунун архивдеринде сакталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы үчүн | ЕККУнун Бишкектеги борбору үчүн
|