Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-майы № 194-б
Кыргыз Республикасы менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспортторуна ээ болгон жарандардын өз ара сапарларынын режимин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисине ушул Макулдашууга принциптүү эмес мүнездөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу), өлкөлөрдүн ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүүдө жалпы кызыкчылыктарды жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасы менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспортторунун ээлери үчүн сапарлардын жол-жоболорун жеңилдетүү ниетин билдирүү менен,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1- берене
Колдонулуу мөөнөтү алты (6) айдан көп болуучу дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттору бар бир Тараптын мамлекетинин жарандары Тараптардын мамлекеттеринин аймактарына кирген күндөн баштап отуз (30) күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде визасыз кирүүгө, чыгууга, анда болууга жана экинчи Тараптын аймагы аркылуу транзит менен жүрүүгө укуктуу. Болуу мөөнөтү Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык узартылышы мүмкүн.
2- берене
1. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери болуп саналган, колдонулуу меөнөтү алты (6) айдан көп болуучу дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспортторго ээ болгон бир Тараптын мамлекетинин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү дипломатиялык өкүлчүлүктөгү расмий миссиясынын бүткүл мезгилинде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына визасыз кирүүгө, чыгууга, анда болууга укуктуу.
2. Аккредиттөөчү мамлекеттин элчилиги келүүчү өлкенүн Тышкы иштер министрлигине ушул берененин 1-пунктунда аталган адамдардын келген өлкөнүн аймагындагы жумуш ордуна келгендиги жана келген өлкөдөн чыккандыгы тууралуу алдын ала кабарлоосу керек.
3- берене
Анык дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттору бар Тараптардын мамлекеттеринин жарандары Тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүтө жана анда болууга, ошондой эле экинчи Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык эл аралык каттамдар үчүн ачылган мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункттары аркылуу өтүүгө укуктуу.
4- берене
Анык дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттору бар Тараптардын мамлекеттеринин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болгон учурда келген өлкенүн мыйзамдарын сактоосу тийиш.
5- берене
1. Ар бир Тарап нон грант персона деп эсептеген дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттун ээсинин өзүнүн аймагына кирүүсүнөн же анда болуусунан баш тартууга укуктуу. Мындай баш тартуу жөнүндө кабарлоо экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу дароо жиберилүүгө тийиш.
2. Ар бир Тарап улуттук коомдук тартипти, коопсуздукту же саламаттыкты сактоо максатында ушул Макулдашуунун колдонулушуна убактылуу чектөө киргизүүго же толугу менен же жарым-жартылай токтото турууга укуктуу. Экинчи Тарап дипломатиялык каналдар аркылуу мындай чектөөлөрдүн жана толуктоолордун киргизилгендиги тууралуу токтоосуз кабардар болушу керек.
6- берене
1. Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун үлгүлерүн, ошондой эле аларды пайдалануу тартиби жөнүндө маалыматты ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптар аткарган күндөн баштап отуз (30) күндүн ичинде алмашышат.
2. Тараптар дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспортторго карата өзгөртүулөр жөнүндө мындай өзгөртүүлөр күчүнө кирген күнгө чейин алтымыш (60) күндөн кечиктирбестен дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине маалымдашат.
7- берене
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык кайчы пикирлер жана талаш-тартыштар сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечилет.
8- берене
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс белугу болуп саналган жана 9-беренесинде каралган тартипте күчунө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет.
9- берене
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндвгү кабарлоо алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушун дипломатиялык каналдар аркылуу (90) күндүн ичинде анын колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндегү кабарлоону экинчи Тарапка жиберүү менен токтото алат.
Өз Өкмөтүнүн атынын кол коюуга тиешелүү тердө ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгондор муну ырастоо үчүн ушул Макулдашууга кол коюшту.
____ ______ шаарында 201____-жылдын _______ эки түп нускада кыргыз, орус, лаос жана англис
тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Текстти чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
| Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтү үчүн
|