Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 5-июну № 244-б
Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуу системасын түзуү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын реформалоо концепциясы (мындан ары - Концепция) ушул буйруктун тиркемесине ылайык жактырылсын;
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- Концепцияны ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзсүн;
- 2015-жылдын 25-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Мамлекеттик мүлктү башкаруу экономиканы мамлекеттик жөнгө салуунун жана менчик ээсинин функцияларын мамлекеттин ишке ашыруусунун каражаттарынын бири болуп саналуу менен төмөнкүдөй максаттарга туура келиши керек: «Мамлекеттин, коомдун, өлкө элинин жалпы улуттук кызыкчылыктарында мамлекеттик менчик объектилеринин бардык жыйындысынын сапаттык параметрлеринин бүтүндүгүн, сакталышын, тийиштүү колдонууну, өнүктүрүүнү жана жакшыртууну, натыйжалуу иштешин жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу».
Ушул Концепцияда колдонулуучу мамлекеттик мүлк түшүнүгү өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү камтыбайт, ал мамлекеттин менчигинде болуу менен, өзгөчө мааниге жана атайын статуска ээ, Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдарына ылайык эсепке алынат жана башкарылат, атап айтканда:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетиндеги каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын активдери жана анын башкаруусунда турган активдер;
- маданңй баалуулуктар;
- жер казынасы жана обочолонгон суу объекттери;
- токойлор жана коп жылдык өсүмдүктөр.
Мамлекеттик мүлктүн айрым бирдиктери темөнкү максаттарда колдонулат:
- коргонуу, коопсуздук жана укук тартибин коргоону камсыз кылуу;
- мамлекет тарабынан өзүнүн социалдык ролун жана турмуштук маанилүү функцияларын аткаруу.
Мындай мүлктөрдү эсепке алуу жана башкаруу ушул Концепциянын алкагында аларды кароону жокко чыгаруучу тартипте жүргүзүлөт.
I. Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү башкаруунун негизги кемчиликтери, реформалардын өбөлгөлерү жана алардын макса ттары
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы 20 жылдан ашыкты түзөт, бирок бул чөйрөнү натыйжалуу жана ийгиликтүү деп айтуу кыйын, анткени практика көрсөткөндөй, бул чөйрөдө натыйжалуу башкаруунун негизги маселелери чечилбеген бойдон калууда:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетишсиз каржыланышы анын кадрдык потенциалына терс таасирин тийгизүүдө жана анын ишинде жогорку коррупциялык керүнүштөрдү пайда кылат;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө чечим кабыл алуу маселесинин саясатташып кеткендиги экономикалык натыйжалуулукка карата саясий максатка ылайыктуулуктун басымдуулугуна алып келет;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тармактык министрликтердин, ведомстволордун ортосундагы тармактык саясатты жүргүзүүдөгү макулдашылбагандык мамлекеттик үлүш катышкан компанияларда жана мамлекеттик ишканаларда корпоративдик укук мамилелеринин табигый мүнөзүн бузат, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу маселесиндеги жоопкерчиликтин жок болушун бекемдейт.
Мамлекеттик мүлктү башкаруудагы жогоруда аталган проблемалар ушул жаатта реформа жүргүзүү үчүн объективдүү өбөлгө түзөт. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүнө зарыл болгон реформалар беш багьпты камтыйт, алардын ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды реформалоо боюнча багыт башкаларына Караганда негиздүү болуп саналат:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды реформалоо;
- стратегиялык пландоо жана натыйжалуу корпоративдик башкаруу;
- натыйжалуу мотивациялар аркылуу сапаттуу менеджмент;
- мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун баалоо жана аудит;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу процессинин жана жыйынтыктарынын ачык-айкындуулугу.
Жогоруда аталган багыттар боюнча реформа жүргүзүү кыска меенөттүн ичинде томоикүлоргө мүмкүндүк берет:
- Кыргыз Республикасында жарандык коом үчүн «ачык-айкын» болгон, мамлекеттик мүлктү башкаруунун заманбап ыкмаларын жана методдорун колдонгон, жогорку кесипкөй кадрларга ээ болгон, мамлекеттик үлүш катышкан жаңы компанияларды түзүү, алар мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкарышат;
- орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджеттик түшүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк түзүүчү жаңы ыкмаларды түзүү жана колдонуу;
- мамлекеттик ишкапалардын тизмегин .актуалдаштыруу, алардын болушунун максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүү жана анын негизинде алардын ишин оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү;
- мамлекеттик үлүш катышкан акционердик коомдор үчүн «кадр маселесин» нормалдаштыруу жана тармактык министрликтерге жана ведомстволорго мындай компанияларда керектүү болгон тармактык саясатты жүргүзүүге мүмкүндүк түзүучү так механизмдерди белгилөө;
- мыкты эл аралык практикага ылайык мамлекеттик үлүш катышкан акционердик коомдордо жана мамлекеттик ишканаларда ички контролдоо системасын өнүктүрүү үчүн туруктуу негизди түзүү;
- мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун эсептөөгө үмкүндүк түзген баалоочу индикаторлор системасын, ошондой эле амлекеттик мүлктү башкарууга жана анын жыйынтыктарына карата аалыматты ачуу системасын иштеп чыгуу жана жайылтууга киришүү.
II. Мамлекеттик мүлктү башкаруунун эл аралык тажрыйбасы жана Кыргыз Республикасы үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруунун молслин иштеп чыгууга мамилелер
Дүйнөлүк практикада мамлекеттик мүлктү башкаруунун төмөнкүдөй ;кмаларын жана моделдерин бөлүп көрсөтүү кабыл алынган:
1. Мамлекеттик мүлктү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ргандар аркылуу башкаруу. Бул ыкманы төмөнкүдөй моделдерге бөлүүгө болот:
- борбордон ажыратылган модель, анда мамлекеттик мүлк сетектөочү тармактык мииистрликтер жана ведомстволор тарабынан ашкарылат (Германия Федеративдик Республикасы жана Чех Республикасы);
- борборлоштурулган модель - ишканаларды бир ыйгарым укуктуу рган тескейт (Кытай Эл Республикасы, Швеция Королдугу, Норвегия Соролдугу);
- кош модель - эки мамлекеттик орган (тармактык жана юрборлоштурулган), алардын ар бири өз алдынча ишкананы тескешет Корея Республикасы, Италия Республикасы, Жаңы Зеландияда).
2. Мамлекеттик мүлктү башкаруу үчүн холдингдик, же башкаруучу :омпаниялар-рыноктук негизде иштеген уюмдар түзүлөт, тартылат.
- улуттук холдинг компанияларынын ишине негизделген модель Казакстан Республикасы, Сингапур Республикасы), алардын максаты юлдингдин капиталына мамлекет тарабынан киргизилген активдерди Зашкаруу болуп сапалат;
- улуттук же чет өлкөлүк башкаруучу компаниялардын ишине негизделген модель, алардын ишинин негизине мүлктү башкаруу жөнүндө чечилишим, же мамлекеттик үлүш катышкан компаниялардын аткаруу зргандарынып милдеперии аткаруу коюлган.
Кыргыз Республикасында кош модель колдонулууда, мында чамлекеттик мүлктү башкарууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, эшондой эле тармактык министрликтер жана ведомстволор ишке ашырат. 20 жылдан ашуун колдонулуп келген мындай ыкманын натыйжасы аз, анткени оул чөйрөдө бир катар олуттуу проблемалар топтолгон. Аларды чечүү үчүн башка ыкмаларды колдонуу мүмкүндүгүн, анын ичинде улуттук холдингдердин жана башкаруучу компаниялардын моделине негизделгеыдерди дагы карап чыгуу керек.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү башкаруунун принциптери жана эрежелери анын мамлекеттик түзүмүнүн модели менен
макулдашылышы, ошондой эле ушул Концепциянын максаттарына шайкеш келиши керек.
Ушул Концепция менен Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү башкаруунун моделин долбоорлоого карата төмөнкүдөй ыкмалар аныкталган:
1. Башкаруу процессине кесипкөй кадрларды тартууга жана ушул чөйродо коррупциямын деңгээлин төмөндөтүү үчүн каржылоонун жетиштүү денгээлине ээ болгон түзүм же түзүмдөр мамлекеттик мүлктү башкарышы керек. Мыпдай түзүмдүн ийгиликтүү иштеши үчүн маанилүү маселе болуп мамлекеттик мулктү башкаруу маселесинин саясатташкандыгын төмөндөтүү саналат, экономикалык натыйжалуулук саясий максатка ылайыктуулуктан жогору болушу керек, буга өлкөнүн коопсуздугун жана коргоо жөндөмдүүлүгүн камсыздоо талап кылынган кырдаалдар кирбейт.
2. Мамлекеттик мүлктү башкаруу процессине тармактык мамлекеттик органдардын катышуу эрежелерин иштеп чыгуу жана мыйзамдуу деңгээлде бекитүү. Мындай эрежелер жана аларга шайкеш келген механизмдер, бир жактан, мамлекеттик үлүш катышкан компанияларды жана мамлекеттик ишканаларды стратегиялык пландоо процессине тармактык мамлекеттик органдардын катышуу мүмкүндүгүн караштырышы, экинчи жактан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана алардын уставдык документтери менен бекитилген корпоративдик башкаруунун принциптерин зордук менен болбошу жана жаманатты кылбашы керек.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу стратегиялык пландоого жана иш жүзүндөгү маанисин башкаруу процессинин натыйжалуулук деңгээлин чагылдырган заманбап индикторлорду белгилөөгө негизделиши керек. Бул индикаторлор мамлекеттик бюджет үчүн дивиденддердин болушунча мүмкүн болгон денгээлине же таза баланстык пайданын өлчөмүнө гана багытталбастан, мамлекеттик компаниялардын ишин пландоого жана мамлекеттик мүлктү башкарууга карата узак мөөнеттүү мамилелерди да эске алышы керек.
3. Мамлекеттик мүлктү башкаруудагы бардык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмотүнө жана коомчулукка милдеттүү түрдө отчет берилиши керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик мүлктү башкаруунун патыйжалуулугун камсыз кылат, мында коомчулук мамлекеттик мүлктү башкаруу шарттарына жана анын жыйынтыктарына жетүүго кеңири мүмкүнчүлүк алат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жогоруда келтирилген ыкмаларын жана каралып чыккан моделдерди салыштыруу Кыргыз Республикасына киргизүү үчүн үч моделди бөлүп чыгарууга жана аларды төмөнкүдөй тартипте колдонууга мүмкүндүк түзөт.
Биринчи орунда иштеп чыгуу жана кабыл алуу талап кылынган атайын мыйзамдын чегинде иштеген улуттук холдингдердин иштешине негизделген модель. Мисалы, «Улуттук холдингдик компаниялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул модель Кыргыз Республикасында 1амлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө топтолгон бардык негизги (аселелерди болушунча натыйжалуу түрдө чечүүгө мүмкүндүк түзөт. Мында Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү сөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына оңдоолорду киргизүү талап ылыиат.
Экинчи орунда улуттук жана чет өлкөлүк башкаруу компанияларын үзүүго жана/же мамлекеттик мүлктү башкарууга тартууга негизделген модель. Мындай моделдин негизин мүлктү ишенимдүү башкаруу түзөт. Мындай моделди жайылтуу тиешелүү мыйзам чыгаруу иштерин жүргүзүүнү: улуттук башкаруучу компаниялар жөнүндө атайын мыйзамды иштеп чыгууну, «Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башкаларга ондоолорду киргизүүнү, шюндой эле белгиленген мыйзамдарга мыйзам алдындагы ченемдик жтыларды шайкеш келтирүү боюнча ишти талап кылат. Мамлекеттик мүлктү башкаруу процесстеринин ашыкча саясатташкандыгы алдында мындай моделдин туруктуулугу биринчи моделге Караганда төмөнүрөөк, бул гоптолгон проблемаларды ийгиликтүү чечүүнүн ыктымалдыгын төмөндетет.
Үчүнчү орунда мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча жалгыз же бир нече ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардьгн ишине негизделген модель. Бул модель мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө болгон маселелерди, биринчи кезекте - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын ишинде саясатташууну жана коррупцияны төмөндөтүүнү камсыздоо жана каржылоонун тийиштүү деңгээлине жетишүү боюнча маселени ийгиликтүү чечүүнүн томен мүмкүндүгүнө ээ. Мындан тышкары, бул моделди ишке ашыруу буга чейинки моделдерде аталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү кошо алганда, мыйзамдык базаны кайра карап чыгууну талап кылат. 20 жылдан ашык мезгилде мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган бир нече жолу кайрадан уюштуруудан өткөн, бирок, бул мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун сапаттык жогорулатууга алып келген жок.
Экинчи жана үчүнчү моделдер мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды реформалоого резервдик ыкмалар катары гана каралышы мүмкүн; ага ылайык реформалар жүргүзүлө турган негиз модель болуп «Улуггук холдингдик компаниясы» шарттуу аталышы менен биринчи модель болушу керек.
III. Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү башкаруу системасып реформалоонун негизги аспекттери
1. Мамлекеттик мүлктү башкаруунун принциптери
Мамлекеттик мүлктү башкаруу негизделе турган негизги принциптер төмөнкүлөр деп саналат.
Шайкештик принциби. Мамлекеттик мүлктүн курамынын ашыкча мүлктү ырааттуу менчиктештирүү, кайра уюштуруу же жоюу менен мамлекеттин милдеттерине шайкештиги.
Пландаштыруу жана контролдоо принциби. Аны пайдалануунун натыйжасына системалуу көзөмөл жүргүзүүдө жана ишин улантуучулукту сактаган учурда мамлекеттик мүлктү колдонуу чөйрөсүндөгү стратегиялык пландаштыруу.
Мыкты дүйнөлүк практика принциби. Мамлекет контролдук жүргүзүүчү компанияларда корпоративдик башкаруу, менеджмент, ички козомол жана аудит жаатында мыкты дүйнөлүк практиканы ишке киргизүү.
Транспаренттүүлүк принциби. Пландар, методдор, учурдагы кырдаал жана мамлекеттик мүлктү башкаруу жыйынтыктары тууралуу коомчулукка ар тараптуу маалымдоо.
Жоопкерчилик принциби. Натыйжа үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу процессинин бардык катышуучуларынын кесипкөйлүгүн, тийиштүү мотивациясын жана жоопкерчилигин камсыз кылуу жана иштин белгиленген көрсөткүчтөрүнө жетүү.
Келтирилген принциптер ушул Концепциянын II бөлүгүндө келтирилген мамлекеттик мүлктү башкаруунун практикалык моделин долбоорлоого карата ыкмалар менен айкалышат.
2. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик органды реформалоо
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд биргелешип иштөөдө мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик органды - «Улуттук холдингдик компанияны» реформалоонун модели тандалган.
Калган эки модель негизги моделге ылайык реформаларды жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген, каршы тура алгыс күчтүн шарттары пайда болгон учурда «реформалардын резервдик варианттары» болуп саналышат.
«Улуттук холдингдик компания» моделинин негизги шарттары:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ачык же жабык акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында Улуттук холдингдик компания (мындан ары - УХК) же бир нече компанияларды (тармактык белгиси боюнча) түзүү. Мындай компаниянын же компаниялардын түзүлүшү жана ниш «Улуттук холдингдик компаниялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамы менен регламенттелиши керек. Ошондой эле «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына оңдоолорду киргизүү талап кылынат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитилген планга ылайык мамлекеттик активдерди холдингге өткөрүп берүү жолу менен УХК капиталын түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү УХКнын бирден бир кционери болот. Ушул моделди ишке ашыруу мамлекеттик мүлктүн измегин иштеп чыгууну жана бекитүүнү жана аны этап менен УХКнын апиталына өткерүп берүүнү талап кылат. Мында УХКнын миноритардык кционерлери катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү гана эмес, ири нвестициялык түзүмдөр чыга ала турган варианттарды карап чыгуу 1аксатка ылайыктуу, бул УХКнын акционери - Кыргыз Республикасынын )кмотүно со**доолорунан УХКнын активдерине кошумча коргоону түзүүгө [үмкүндук берет. УХКга өткөрүп берүүдө мамлекеттик мүлктүн наркы ксперттик бааланууга тийиш болот.
3. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу [амлекеттик орган этап менен (2-3 жылдын ичинде) ага жүктөлгөн функцияларды өткорүп берет:
- ижаралык операцияларды кошкондо, мамлекеттик мүлккө ээ болуу сана башкаруу жана холдингдик компаниялардын менчиктештирүү иш-араларын ишке ашыруу;
- мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана ал боюнча баланстык •перацияларды жүргүзүү бөлүгүндө - мүлктүн айрым түрлерүне (жер жана ыймылсыз мүлк, транспорт, чарбалык коомдордогу үлүштөр) менчик кугун каттоону жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга. ардык функцияларды өткөрүп берүү аяктагандан кийин мамлекеттик [үлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жоюлат.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тизмеги ктуалдаштырылат. Мамлекеттик ишканалардын иши алардын болушун негиздоо жана алардын ишинин патыйжалуулугун баалоо максатында алдоого тийиш болот. Мамлекеттик ишканаларды баалоо жана инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча мындан аркы алардын иштешинин максатка ылайыктуулугу ырасталган жана негизделген (амлекеттик ишканалар оздорүнүн ишин тиешелүү мамлекеттик ргандардын ведомстволук уюмдары катары улантыщат, ал эми калгандары акционерлештирилет, же кайрадан уюштурулат, же жоюлат.
Практикада мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндө реформаларды жүргүзүү жана ушул моделди ишке ашыруу ушул Концепцияда баяндалган прогммаларга жана принциптерге негизделет.
3. Стратегиялык пландоо жана натыйжалуу кориоративдик башкаруу
«Түшүндүр же сат» принцибин ишке киргизүү Кыргыз 'еспубликасында мамлекеттик мүлктү башкарууну менчиктештирүү |роцессин ишке ашыруунун башксы идеясы болууга тийиш. Мындай ыкмада ''ХК капиталына еткөрүп бершлгендерди кошо алганда, мамлекеттик 1енчикте турган обьекттин ар бирине карата мамлекет же УХК эмне үчүн же :андай максат менен ушул объежтке ээ болгондугуна так түшүнүк болушу керек. Эгерде мүлктүп мамлекеттик менчикте турушу негизделбесе, мындай мүлк менчиктештирүү программасына киргизилиши керек.
- УХКнын менчигине өткөрүп берилген мүлктү кошо алганда, мамлекеттик мүлктүн ар бир объекта боюнча 5 жылдан кем эмес пландоо горизонту менен аны пайдалануу стратегиясы иштелип чыгышы жана кабыл алынышы керек. УХКнын курамына кирген компанияларды кошо алганда, мамлекеттик үлүш катышкан коомдордун ар бири, ошондой эле УХК жана ар бир мамлекеттик ишкана 3 жылдан кем эмес пландоо горизонту менен өзүнүн өнүгүүсүнүн финансылык моделдерин кошо алганда езүнүн өнүгүүсүнүн стратегиясына ээ болушу керек.
- УХКга кирген коомдорду кошо алганда, мамлекеттик үлүш катышкан акционердик коомдордун директорлор кеңешинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында:
- алардагы мамлекеттик окүлдөр менен өз ара мамилелерди тартипке келтирүү, ошондой эле алардын укуктарын жана милдеттерин регламенттөе;
- УХКга кирген акционердик коомдорду кошо алганда, мамлекеттик үлүш катышкан компаниялар үчүн директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү институтун киргизүү;
- УХКнын курамына кирген акционердик коомдорду кошо алганда, мамлекеттик үлүш катышкан акционердик коомдордун директорлор кецешинде: стратегиялык пландоо боюнча, кадрлар жана сыйлоолор боюнча, бюджет жана аудит боюнча үч милдеттүү комитеттерди белгилөө;
- УХКнын курамына кирген компанияларды кошо алганда мамлекеттик үлүш катышкан компаниялардын ишин тескөөчү тармактык мамлекеттик органдардын милдеттерин аныктоочу укуктук ченемдерди киргизүү зарыл.
Жогоруда аталган багыттарды ийгиликтүү ишке ашыруу стратегиялык жана финансылык менеджмент жаатында, ошондой эле корпоративдик башкаруу жана тобокелдиктерди башкаруу чөйрөлөрүндө мамлекеттик органдардын адйстеринин, мамлекеттик компаниялардын жана ишканалардын кызмат адамдарынын квалификациясын жогорулатууну талап кылат. Бул үчүн аталган багытгар боюнча мезгилдүү окутуучу тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү зарыл.
4. Натыйжалуу мотивация аркылуу сапаттуу менеджмент
УХКнын курамына кирген мамлекеттик ишканаларды жана компанияларды кошкоидо мамлекеттик үлүш катышкан акционердик коомдордун кызмат адамдарын мотивациялоо жаатында стандарттарды белгилоо. Стандарттар коп тепкичтүү мотивациялык шкаланы (кызматтык маяналар. кошумча толом, бонустар ж.б.), ошондой эле максаттуу корсоткүчтор системасын ла камтышы керек, аларга жетишүү кызмат адамдары үчүн ийгиликтүүлүктүн индикатору болот. УХКнын кызмат адамдарын мотивациялоо принциптери алардын УХКнын курамына кирген кандайдыр бир конкреттүү компаниянын ишинин натыйжасына карата сыйкыларды алуу мүмкүндүгүн жокко чыгарып, УХКнын ишинин тйжаларын эске алышы керек.
УХКга кирген мамлекеттик ишканаларды жана компанияларды кошо нда, мамлекеттик компанияларга кызмат адамдарын дайындоо же ,оодо талапкерлерди кадрдык тандоонун ачык-айкын системасын ишке киргиизүү. Мындай система кесиптик критерийлер жана саясатташпаган жана коррупцияга аралашпаган жеке сапаттары боюнча менеджерлерди тандоону :ыз кылуусу керек. Кызмат адамдарын керсөтүүнүн жана тандоонун (онуудагы принциптери жана жол-жоболору Кыргыз Республикасында .алган жана дүйнө жүзүндө таанылган корпоративдик башкаруунун :лине шайкеш келиши керек.
УХКнын курамына кирген компанияларды кошо алганда, мамлекеттик таниялардын кызмат адамдары үчүн контракттардын негизги шарттары нча укуктук ченемдерди, ошондой эле аларды түзүү жана бузуу жол-элоруна талаптардын киргизилүүсү. Мындай талаптар кызмат (дарынын кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле алардын милдеттерин жазык куугунтугун кошо алганда жоопкерчиликтерин регламенттөөчү (нүктүү ченемдерди жана критерийлерди камтышы керек. Ошондой эле текеттик мүлктү башкарууга башкаруучу компанияларды тартуу, анын |де мамлекеттик компаниялардын аткаруучу органы катары башкаруучу шнияларды жалдоо практикасын колдонуу үчүн укуктук шарттарды ү зарыл.
Ушул Концепцияда көрсөтүлгөн багыттагы программалар боюнча уу аркылуу мамлекеттик компаниялардын, анын ичинде УХКга берилген тниянын кызмат адамдарынын милдеттүү түрдө квалификациясын >рулатуу боюнча талаптарды ишке киргизүү.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун баалоо жана аудит
Мамлекетгик компанияларда жана мамлекеттик ишканаларда «COSO-Enterpriseprise Risk Management)) сыяктуу эл аралык таанылган моделдин зинде ички коптролдоо системасын ишке киргизүү.
Компанияга коптролдоо моделин тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүчү: же зиялык комиссия, же ички аудит кызматы менен бирге директорлор ши аркылуу акционердик коюмдордо ревизиялык комиссияны түзүү жана юсүнө мамилени өзгөргүү.
Мамлекеттик компаниялар учүн милдеттүү түрдө тышкы көз чдысыз аудит тармагын кенейтүү. Тышкы аудит финансылык отчётту камтыбастан, тобокелчнлик-менеджменти менен кошо ички контролдоо шасынын аудитин, ошондой эле компаниянын корпоративдик башкаруу тин да камтышы керек. Кыргыз Республикасындагы коммерциялык гарда аудит жүргүзүү практшкасын багыт катары пайдаланууга болот.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мамлекеттик үлүш катышкан компанияларды текшерүү боюнча ыйгарым укуктарын кайра карап чыгуу, ошондой эле мамлекеттик үлүш катышкан компанияларды аныктоого «Мамлекеттик сатып алуулар женүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамыпын ченемдеринин жайылтылышын чектөө зарыл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен бирдиктүү методиканын негизинде УХКнын курамындагы компанияларды кошо алганда, мамлекеттик үлүш катышкан компанияларда башкаруу жана контролдоо органдарынын ишипип натыйжалуулугуна жыл сайын баалоо жүргүзүүнү киргизүү, ошону менен мындай баалоонун маалыматтары кызмат адамдарын кайра дайындоодо, бонустарды төлөөдө жана башкаруу системасын жакшыртууда эске алыпышы керек.
Мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун баалоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу мамлекеттик бюджетке кирешелердин келип түшүүсү боюнча болжолдуу планын аткарууга гана негизделбестен, мамлекеттин жана ошол мамлекеттик компаниянын кыска мөөнөтгүү жана узак мөоноттүү кызыкчылыктарын айкалыштырган мамлекеттик мүлктү башкарууга карата комплекстүү ыкмаларды камсыз кылууга негизделиши керек.
6. Мамлекеттик мүлктү башкаруу процессинин жана иатыйжаларынын айкындыгы
Ар бир адамдын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйресүндогү эрежелерге, жол-жоболорго, талаптарга, ошондой эле кабыл алынган чечимдерге жана жетишилген натыйжаларга төмөнкүлер аркылуу жетүүсүн камсыз кылуу зарыл:
- мамлекеттик мүлктүн курамы жөнүнде маалыматты ачуу системасын түзүү, айкын компаниянын маалыматтарды ачуу процессинин учурдагы ыкмаларын өркүидөтүү;
- мамлекеттик ишканалардын, УХКнын курамындагы компанияларды кошкопдо мамлекеттик үлүш катышкан компаниялардын корпоративдик интернет - сайттарын өнүктүрүү.
IV. Корутунду жоболор
Ушул Концепция мамлекеттик мүлктүн. айрым түрлөрүнө (Концепциянын преамбуласында көрсөтүлгөн чектөөлөргө ылайык) ээлик кылуу, колдонуу жана теское боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрө билүүсүн жана аракеттерин жалпылаган документ болуп саналат.