Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 14-майы № 206-б
1. Кыргыз Республикасы менен Европанын жана Борбордук Азиянын региондорунун потенциалын өнүктүрүү боюнча көп тараптуу донорлук программалык трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор берген гранттык каражаттардын (ТF 071624) тескөөчүсү катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашуунун (грант № ТР 016850) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Гранттын номери TF 016850
2015-жылдын ___________________
Бул Макулдашууга 2015-жылдын _________________________:
Кыргыз Республикасы ("Алуучу") менен
Европанын жана Борбордук Азиянын региондорунун потенциалын өнүктүрүү боюнча көп тараптуу донорлук программалык ТF 071624 трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор берген гранттык каражаттардын тескөөчүсү катары чыгуучу Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ("Дүйнөлүк банк") ортосунда кол коюлду.
Ушуну менен, алуучу жана Дүйнөлүк банк төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
I берене. Стандарттык шарттар. Аныктамалар
1.01. Дүйнөлүк банк ар кайсы фонддордон берүүчү гранттар үчүн стандарттык шарттар 2012-жылдын 15-февралындагы редакциясында ("Стандарттык шарттар") ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзүшөт.
1.02. Эгер контекстте башкача айтылбаса, ушул Макулдашууда пайдаланылуучу баш тамга менен жазылган терминдер аларга "Стандарттык шарттарда" же ушул Макулдашууда берилген тийиштүү маанилерди билдиришет.
II берене. Долбоор
2.01. Алуучу долбоордун ушул Макулдашуунун ("Долбоор") 1-тиркемесинде баяндалган максаттарына умтулаарын билдирет. Бул максатта Алуучу Долбоорду Айыл чарбалык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү (ОРСП) аркылуу, "Стандарттык шарттардын" 11-беренесинин жоболоруна ылайык ишке ашырууга тийиш.
2.02. Ушул Макулдашуунун 2.01-бөлүмүнүн жоболорунун алкагында, Алуучу жана Дүйнөлүк банк башкача макулдашкандан башка учурларда алуучу Долбоордун ушул Макулдашуунун 2-тиркемесинин жоболоруна ылайык ишке ашырылышын камсыздоого тийиш.
III берене. Грант
3.01. Дүйнөлүк банк Алуучуга Долбоорду каржылоо боюнча колдоо көрсөтүү үчүн ушул Макулдашууда айтылган же эскертилген шарттарда төрт жүз сексен жети миң беш жүз ($ 487500) АКШ доллары өлчөмдө грант ("Грант") берүүгө макул.
3.02. Алуучу Гранттын каражаттарын ушул Макулдашуунун 2-тиркемесинин IV бөлүмүнө ылайык алса болот.
3.03. Бул Грант жогоруда айтылган трасттык фонддун каражатынан каржыланат, анын алкагында Дүйнөлүк банк трасттык фонддун донорлорунан такай взносторду алып турат. "Стандарттык шарттардын" 3.02-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык Дүйнөлүк банктын төлөө милдеттенмелери ушул Макулдашууга байланыштуу жогоруда айтылган трасттык фонддун алкагында донорлор берген каражаттардын өлчөмүндө чектелген, ал эми алуучунун Гранттын каражаттарынан алуу укугу ошондой каражаттардын жеткиликтүүлүгү менен чектелет.
IV берене. Күчүнө кирүүсү. Жарактуулугунун токтотулушу
4.01 Дүйнөлүк банкка төмөнкүдөй шарттардын аткарылгандыгы жөнүндө Дүйнөлүк банктын талаптарын канааттандыруучу ырастоо берилмейинче Бул Макулдашуу күчүнө кирбейт, ал шарттар:
(a) Алуучунун ушул Макулдашууга кол коюшу; жана
(b) Алуучунун Дүйнөлүк банкка ушул Макулдашуунун юридикалык жактан милдеттүү мүнөзүн камсыздоо үчүн керектүү баардык мамлекеттик жол-жоболордун аткарылганы жөнүндө кабарлоосу.
4.02. Алуучу менен Дүйнөлүк банктын ортосунда башкача макулдашуу болгондон бөлөк учурларда ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүчү датасы болуп Дүйнөлүк банк Алуучуга бул Макулдашуунун Алуучу тарабынан кол коюлушу жана аткарылышы үчүн керектүү баардык мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылганы тууралуу билдирүүнү жактыргандыгы жөнүндө кабарды жиберген күнү эсептелүүгө тийиш. Эгер ушул Макулдашуунун күчүнө кирүүчү датасынан мурдагы мезгилде Дүйнөлүк банкка Алуучунун Гранттык эсептен каражат алуу укугун ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин убактылуу токтотуп турууга негиз берүүчү сыяктуу кандайдыр бир окуя болсо, анда Дүйнөлүк банк ошол окуя (окуялар) аягына чыкканга (бүткөнгө) чейин ушул Бөлүмдө айтылган андай билдирүү жиберүүнү кийинкиге калтырышы мүмкүн.
4.03. Ушул Макулдашуу түзүлгөн датадан токсон (90) күн өткөндөн кийин Дүйнөлүк банк мындай кечеңдөөнүн себебин карагандан кийин бул Бөлүмдүн максаттары үчүн кечирээк мөөнөттү белгилебесе бул Макулдашуу жана Тараптардын ал боюнча баардык милдеттенмелери токтотулат. Дүйнөлүк банк Алуучуга андай кечирээк мөөнөт жөнүндө токтоосуз кабарлайт.
IV берене. Алуучунун өкүлү. Адрестер
5.01. "Стандарттык шарттардын" 7.02-бөлүмүндө айтылган Алуучунун өкүлү анын Финансы министри болот.
5.02. "Стандарттык шарттардын" 7.01-бөлүмүндө айтылган Алуучунун адреси:
Финансы министрлиги
Эркиндик бульвары, 58
Бишкек, 720040
Кыргыз Республикасы
Факс:
(996-312) 661645
5.03. "Стандарттык шарттардын" 7.01-бөлүмүндө айтылган Дүйнөлүк банктын адреси:
International Development Association
1818 H Street, N.W.
Washington, D.C. 20433
United States of America
Кабельдик байланыш: | Телекс: | Факсимиле: |
INDEVAS Washington, D.C. | 248423 (MCI) or 64145 (MCI) | 1-202-477-6391 |
____________________ шаарында ушул документтин башында көрсөтүлгөн жылы жана күнү Макулдашылды.
|
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ Тараптан: |
|
| _______________________________________ |
|
| Ыйгарым укуктуу өкүл |
|
| Аты-жөнү: __________________________________ |
|
| Кызматы: _____________________________ |
|
|
|
|
| Европанын жана Борбордук Азиянын региондорунун потенциалын өнүктүрүү боюнча көп тараптуу донорлук программалык трасттык фонддун алкагында ар кандай донорлор берген ТF071624 гранттык каражаттардын тескөөчүсү катары чыгуучу ЭЛ АРАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ АССОЦИАЦИЯСЫ Тараптан: |
|
| _______________________________________ |
|
| Ыйгарым укуктуу өкүл |
|
| Аты-жөнү: Сародж Кумар Джа |
|
| Кызматы: Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча региондук директор |
1-тиркеме
Долбоорго баяндама
Долбоордун максаты төмөнкүдөй: (а) "Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу" долбоорун даярдоого жардамдашуу; жана (b) жергиликтүү институттардын жана "Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууга негизги кызыкдар тараптар үчүн потенциалды өнүктүрүү.
Долбоор төмөнкүдөй төрт бөлүктөн турат:
1-бөлүк: Жамааттык жайыттарды башкарууну пландаштыруу
(a) Жайыт комитеттердин жамааттык жайыттарды башкаруу боюнча пландарды ишке ашыруудагы потенциалдарын баалоо; жана
(b) Алуучунун Жайыттар департаментинин, Айылдык консультациялык кызматтардын (техникалык жактан) жана АРИСтин (социалдык интеграция жана башкаруу жагынан) потенциалдарын жайыт комитеттерди "Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууда колдоону камсыздоо жагынан өнүктүрүү.
2-бөлүк: Жайыт комитеттердин жаныбарлардын ден соолугун чыңдоо боюнча иши
(a) Жеке ветеринарлардын жана жайыт комитеттердин жайытта багылуучу малдын ден соолугун чыңдоо боюнча ийгиликтүү пландарды ишке ашыруу жагындагы потенциалдарын баалоо; жана
(b) Алуучунун Ветеринария палатасынын жана Айылдык консультациялык кызматтардын "Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу" долбоорунун алкагында жеке ветеринарларга жана жайыт комитеттерге колдоону камсыздоо жагынан потенциалдарын өнүктүрүү.
3-бөлүк: Жайыттарды мониторингдөө жана баалоо
(a) Айыл чарбалык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жана Жайыттар департаментинин потенциалын баалоо; жана
(b) Долбоордун алкагында төмөнкүлөр үчүн негиз катары: (i) Айыл чарбалык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүн мониторингдөө жана баалоо; жана (ii) Жайыттар департаментинин жайыттык реформаларды ишке ашыруусун мониторингдөө жана баалоо системаларын иштеп чыгуу.
2-тиркеме
Долбоорду ишке ашыруу
I бөлүм. Институттук жана башка механизмдер
A. Ишке ашыруу механизмдери
Долбоорду ишке ашыруу максатында Долбоор ишке ашырылып жаткан кайсы убакта болсо да Алуучу Долбоор боюнча баардык тийиштүү функцияларды аткаруу максатында, анын ичинде сатып алуулар, финансылык башкаруу, отчет, мониторинг жана баалоо максатында Дүйнөлүк банк үчүн алгылыктуу техникалык тапшырмаларга, квалификацияга жана функцияларга жараша Айыл чарбалык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүн жетиштүү сандагы профессионал кадрлар менен камсыздайт.
B. Коррупцияга каршы чара көрүү
Алуучу Долбоордун ишке ашырылышын 2006-жылдын 15-октябрындагы, 2011-жылдын январында кайра каралган "МБРРдин заемдорунун жана МАРдын кредиттери менен гранттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлордо алдамчылыкты жана коррупцияны болтурбоо жана аларга каршы күрөшүү боюнча колдонулуучу принциптердин" ("Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча колдонуучу принциптер") жоболоруна ылайык ишке ашырууну камсыздоого тийиш.
II бөлүмүн. Долбоорго мониторинг, отчет жана баалоо
А. Долбоордун отчеттору, Долбоордун аяктагандыгы жөнүндө отчет
1. Алуучу Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн мониторингдейт жана баа берет, ошондой эле "Стандарттык шарттардын" 2.06-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык, Дүйнөлүк банк үчүн алгылыктуу көрсөткүчтөрдүн негизинде отчетторду жасайт. Долбоор боюнча ар бир отчет бир календарлык жарым жылдык мөөнөттү камтыйт жана Дүйнөлүк банкка ушул отчет камтыган мезгил аяктагандан кийин бир айдан кечиктирилбей берилүүгө тийиш.
2. Алуучу Долбоордун аяктагандыгы жөнүндө отчетту "Стандарттык шарттардын" 2.06-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык жасайт. Долбоордун аяктагандыгы жөнүндө отчет Дүйнөлүк банкка Долбоор аяктоочу дата келгенден кийин алты айдан кечиктирилбей берилүүгө тийиш.
В. Финансылык башкаруу; финансылык отчеттор; аудитордук текшерүүлөр
1. Алуучу "Стандарттык шарттардын" 2.07-бөлүмүнүн жоболоруна ылайык финансылык башкаруу системасын жүргүзүүнү камсыздайт.
2. Алуучу Долбоор боюнча, кварталды камтыган жана Дүйнөлүк банкты канааттандыруучу формадагы жана мазмундагы орто аралыктагы, текшерилбеген финансылык отчетторду ар бир календарлык квартал аяктагандан кийин бир айдын ичинде түзүүнү жана Дүйнөлүк банкка берүүнү камсыздайт.
3. Алуучу Долбоордун финансылык отчетторунун аудитин "Стандарттык шарттардын" 2.07 (b) бөлүмүнүн жоболоруна ылайык камсыздайт. Финансылык отчеттордун андай аудити Гранттын эсебинен каражаттарды алуу ишке ашырылган бүткүл мезгилди камтыйт. Андай мезгил үчүн текшерилген финансылык отчеттор Дүйнөлүк банкка ошол мезгил аяктагандан кийин алты айдын ичинде берилүүгө тийиш.
III бөлүм. Сатып алуулар
А. Жалпы принциптер
1. Консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу боюнча колдонуучу принциптер. Долбоор үчүн керектүү, Гранттын каражаттарынан каржыланууга тийиш болгон баардык товарларды, консультациялык жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу төмөнкүлөрдө айтылган же баяндалган талаптарга ылайык ишке ашырылат:
(a) "Колдонмонун: товарларды жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда карыз алуучулардын МБРРдын заемдорунун жана МАРдын кредиттери менен гранттарынын алкагында товарларды, жумуштарды жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусу", 2011-жылдын январы менен дата коюлган (2014-жылдын июлунда кайра каралган ("Сатып алуулар боюнча колдонмонун") I бөлүмүндө;
(b) МБРРдын заемдору жана МАРдын кредиттери менен гранттары боюнча карыз алуучулардын консультанттарды тандоосу жана жалдоосу боюнча колдонмонун, 2011-жылдын январы менен дата коюлган (2014-жылдын июлунда кайра каралган) ("Консультанттарды тандоо боюнча колдонмонун") I жана IV бөлүмдөрүндө; ошондой эле
(с) Ушул III бөлүмдүн жоболорунда, анткени мындай жоболор алуучу Долбоор боюнча "Сатып алуулар боюнча колдонмонун" 1.18-пунктуна жана "Консультанттарды тандоо боюнча колдонмонун" ("Сатып алуулар планынын") 1.25-пунктуна ылайык даярдалган жана мезгил-мезгили менен жаңыртып туруучу сатып алуулар пландарында иштелип чыгууга тийиш.
2. Аныктамалар. Баш тамга менен берилген жана Дүйнөлүк банк тарабынан сатып алуулардын айрым методдорун жана айрым контракттарды кароонун методдорун баяндоо үчүн пайдаланылуучу терминдер "Консультанттарды тандоо боюнча колдонмонун" II, III, IV жана V бөлүмдөрүндө баяндалуучу тийиштүү методдорго таандык.
B. Товарларды жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун өзүнчө методдору. Товарларды жана консультациялык эмес кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу "Шопинг" методунун негизинде берилүүчү контракттардын алкагында ишке ашырылууга тийиш.
C. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун өзүнчө методдору
1. Сапаттын жана баанын негизинде тандоо. Эгер төмөндөгү 2-пунктта башкача каралбаса, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Сапаттын жана баанын негизинде тандоонун негизинде берилүүчү контракттардын алкагында ишке ашырылууга тийиш.
2. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун башка методдору. Консультанттардын кызматтарын сатып алуу жана Сатып алуулар планында көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу үчүн Сапаттын жана баанын негизинде тандоодон айырмаланган төмөнкүдөй методдор колдонулса болот, алар: (а) Сапаттын негизинде тандоо; (b) Туруктуу бюджеттин шарттарында тандоо; (с) Эң арзан баанын негизинде тандоо; (е) Консультанттардын квалификациясынын негизинде тандоо; (е) Консалтингдик компанияларды бир булактан алуу методу менен тандоо; (f) Жеке консультанттарды тандоо; (g) Жеке консультанттарды алуу үчүн бир булактан тандоо процедурасы.
D. Дүйнөлүк банктын сатып алуулар боюнча чечимдерди текшерүүсү
Сатып алуулар планында Дүйнөлүк банк алдын ала текшерүүгө тийиш болгон контракттар эскертилип айтылат. Калган баардык контракттарды Дүйнөлүк банк алар аткарылгандан кийин текшерүүгө тийиш.
IV бөлүм. Гранттын каражаттарын алуу
A. Жалпы жоболор
Алуучу консультанттардын кызматтарына, окутууга жана операциялык сарптоолорго, анын ичинде салыктарга жумшалуучу Жол берилүүчү сарптоолордун 100%ын каржылоо үчүн Гранттын каражаттарын төмөндөгү жоболорго ылайык алса болот: (а) "Стандарттык шарттардын" III беренесинин; (b) ушул Бөлүмдүн; жана (с) Дүйнөлүк банк билдирүү формасында өзүнчө көрсөтүшү мүмкүн болгон кошумча нускамалардын (анын ичинде "Дүйнөлүк банктын долбоорлорду ишке ашырууга кредиттерди берүү боюнча колдонмосу", 2006-жылдын майы менен дата коюлган, Дүйнөлүк банк мезгил-мезгили менен кайра карап туруучу жана ошондой нускамаларга жараша ушул Макулдашууга карата колдонулуучу нускамалар).
B. Каражатты алуунун шарттары. Каражатты алуучу мезгилдер
1. Ушул Макулдашуунун 3.01-бөлүмүнүн жоболоруна карабастан, алуучу ушул Макулдашууга кол коюлган датага чейин берген төлөмдөрдү каржылоо үчүн каражаттарды алууга жол берилбейт.
2. Стандарттык шарттардын 3.06-бөлүмүндө айтылган жабуу датасы болуп 2015-жылдын 31-декабры эсептелет.
Тиркеме
1. "ОРСП" - Айыл чарбалык долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүн билдирет - Алуучунун Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин структурасында түзүлгөн бөлүм.
2. "АРИС" - Алуучунун Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги.
3. "АЧМ" - Алуучунун Айыл чарба жана мелиорация министрлигин же анын баардык укук улантуучусун же укук улантуучуларын билдирет.
4. "Жайыттар департаменти" - Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин структурасында түзүлгөн департаментти, же анын баардык укук улантуучусун же укук улантуучуларын билдирет.
5. "Операциялык сарптоолор" - Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу болгон жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө, байланыш жана камсыздандыруу кызматтарына, банктарга комиссиялык акыларды төлөөгө, офис жайларды ижарага алууга жана кармоого, коммуналдык кызматтардын акысын төлөөгө, документтерди копиялоого/басып чыгарууга, оозеки жана жазуу жүзүндөгү котормолордун акысына, сарпталуучу материалдарга, Долбоордун кызматкерлеринин Долбоорду ишке ашырууга байланыштуу иш сапарларынын транспорттук чыгымдарын, суткалык чыгымдарын төлөөгө, ошондой эле Долбоордун контракт боюнча иштеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө чыгымдарды (консультанттардын кызматтарына төлөнүүчү чыгымдан жана алуучунун мамлекеттик кызматтагы кызматкерлеринин эмгек акысынан башкаларды), Дүйнөлүк банк тарабынан макулдук берилген жана алгылыктуу сарптоолорду билдирет.
6. "Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу долбоору" - Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу долбоорун билдирет - сунушталып жаткан Долбоор, ал жайыттарга бирдей жеткиликтүүлүктү көбөйтүү, мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү жана алуучунун аймагында Долбоорлорду ишке ашырган участоктордо узак мөөнөттүү келечекте жайыттардын деградациясын азайтуу үчүн чыгымдарды каржылоо максатында Дүйнөлүк банктын Директорлор кеңешинин кароосуна берилет.
7. "Айылдык консультациялык кызматтар" - Алуучунун аймагында иштеген жеке консультантты же ар кандай укуктук формалардагы уюмдарды, анын ичинде өкмөттүк эмес уюмдарды, фонддорду же консультанттардын ассоциацияларын билдирет.
8. "Окутуу" Дүйнөлүк банк тарабынан жактырылган, Долбоордун алкагында өткөрүлүүчү тренингдерге жана семинарларга, анын ичинде тренингдин катышуучуларын окутууга, аларга транспорттук чыгымдарын жана суткалык чыгымдарын төлөөгө, семинарлардагы инструкторлордун жана лекторлордун кызматтарына төлөнүүчү акылар, тренингдер жана семинарлар үчүн жайларды ижарага алууга акыларды, тренингдер жана семинарлар үчүн материалдарды түзүүгө жана копиялоого акыларды, ошондой эле окутуу курстарын жана семинарларды даярдоого жана өткөрүүгө түздөн-түз байланышкан башка чыгымдарга акыларды төлөөнү билдирет (бирок буга товарлар жана консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү кирбейт).
"Ветеринария палатасы" - 2011-жылдын 25-апрелиндеги өзүнүн Уставына ылайык түзүлгөн жана Алуучунун аймагында иштеген көз карандысыз коммерциялык эмес уюмду билдирет.