Редакцияот 13.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

БУЙРУК

2015-жылдын 13-майы № 203-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен Түркия Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазалар жана түрмөлөр боюнча башкы дирекциясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен Түркия Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазалар жана түрмөлөр боюнча башкы дирекциясынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө протоколунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен Түркия Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазалар жана түрмөлөр боюнча башкы дирекциясынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө ПРОТОКОЛ

Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Түркия Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазалар жана түрмөлөр боюнча башкы дирекциясы,

теңчилик жана өз ара пайда алуунун негизинде эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү ниетинде,

бул кызматташуу жалпы кызыкчылыктарга багытталгандыгын эсепке алуу менен,

Тараптардын мамлекеттеринин эл аралык укук ченемдерине жана улуттук мыйзамдарына таянып,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене.

Тараптардын мамлекеттеринин жазык-аткаруу системасын өнүктүрүү жаатында кызматташуунун зарылчылыгын эсепке алуу менен төмөнкү тармактарда кызматташуу жөнүндө макулдашты:

- пенитенциардык кызматтардын ишин жана алардын укуктук түзүмдөрүн регламенттөөчү мыйзамдар боюнча маалымат алмашуу;

- биргелешип жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында муктаждыктар жана иш багыттары боюнча мүмкүн болуучу кызматташуу чөйрөлөрүн аныктоо максатында пенитенциардык кызматтардын ишин изилдөө боюнча Тараптардын адистеринин топторун түзүү;

- өз ара макулдашуу боюнча Тараптардын кызматкерлерин окутууну уюштуруу;

- Тараптардын тажрыйба алмашууну талап кылган багыттары боюнча семинарларды жана конференцияларды өткөрүү;

- Тараптар зарыл болгон тармактарда кыска жана узак мөөнөттүү изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн адистер менен алмашуу.

Тараптардын пенитенциардык кызматтарын реформалоодо техникалык жана методикалык жактан жардам көрсөтүү ыктыярдуу негизде жана ар бир Тараптын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.

2-берене.

Ушул Протоколдун алкагында ар бир Тарап өзүнүн өлкөсүндө жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча өз алдынча чыгым тартат. Ушул Протоколду ишке ашыруу боюнча каржылоо менен байланышкан иш-чаралар эл аралык уюмдардын гранттарынын жана Тараптын улуттук мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактарынын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.

3-берене.

Протоколду ишке ашыруу боюнча иш-чараларды координациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана Түркия Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазалар жана түрмөлөр боюнча башкы дирекциясы тарабынан жүргүзүлөт. Ушул Протоколдо каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө Тараптар бири-бирине маалымат беришет.

4-берене.

Ушул Протоколго ылайык Тараптар англис, түрк, кыргыз жана орус тилдеринде кызматташат.

5-берене.

Тараптардын өз ара макулдугу менен ушул Протоколго өзүнчө протокол менен таризделген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

6-берене.

Ушул Протоколду чечмелөөдө жана колдонууда келип чыгуучу талаштар жана пикир келишпестиктер консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.

7-берене.

Эгерде Тараптардын бири ушул Протоколдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо жибербесе, анда ал мөөнөтсүз түзүлөт. Бул учурда Протокол өзүнүн колдонулушун аталган кабарлоону экинчи Тарап алган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин токтотот.

Ушул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Протоколго ________________ шаарында 2015-жылдын "___" _____________ кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде эки нускада кол коюлду. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Протоколду чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстке таянышат.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы үчүн

 

Түркия Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазалар жана түрмөлөр боюнча башкы дирекциясы үчүн