Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 14-майы № 204-б
Милан шаарында (Италия Республикасы) "ЭКСПО-2015" Дүйнөлүк көргөзмөсүндө 2015-жылдын 28-31-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүн өткөрүүгө катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. "ЭКСПО-2015" Дүйнөлүк көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүн 2015-жылдын 29-майында өткөрүүнүн иш-чаралар программасын иштеп чыксын.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын делегациясынын жана коштоочу адамдардын Милан шаарына (Италия Республикасы) баруусуна байланышкан:
- делегация башчысынын чыгымдары - "ЭКСПО-2015" Дүйнөлүк көргөзмөсүнүн (Италия Республикасы) уюштуруу комитетинин каражатынын эсебинен;
- делегация мүчөлөрүнүн чыгымдары - жиберүүчү уюмдардын эсебинен;
- делегация мүчөлөрүнүн чыгымдары - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президентинин жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысынын, коштоочу адамдардын - артисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн чыгымдары - "ЭКСПО-2015" Дүйнөлүк көргөзмөсүн уюштурууга жана Кыргыз Республикасынын катышуусуна бөлүнгөн каражаттардын эсебинен;
- коштоочу адамдардын - бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн чыгымдары өз каражаттарынын эсебинен төлөнсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Делегациянын мүчөлөрү: | ||
Диль Валерий Исидорович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Шаршекеев Марат Дүйшөбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Искакова Гүлнара Тентиевна | - | Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, айкалыштыруучулук боюнча; |
Назарбеков Марат Рыспекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Томпошев Бакыт Таштанбекович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы. |
Коштоочу адамдар: жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана артисттер: | ||
Боталиева Э. | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын "Деловые Вести" журналынын кабарчысы, (макулдашуу боюнча); |
Тойгонбаева А. | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын "Деловые Вести" журналынын башкы редактору, (макулдашуу боюнча); |
Асанжанова А. | - | оператор, монтажер, режиссер (макулдашуу боюнча); |
Жапарова Ч. | - | артист (макулдашуу боюнча); |
Жетиген уулу А. | - | артист (макулдашуу боюнча); |
Оморова А. | - | артист (макулдашуу боюнча); |
Берикова К. | - | артист (макулдашуу боюнча); |
Ишенбек уулу Э. | - | артист (макулдашуу боюнча); |
Айдаралиев А. | - | артист (макулдашуу боюнча); |
Шерик уулу Ш. | - | артист (макулдашуу боюнча); |
Өмүргазы уулу Ж. | - | артист (макулдашуу боюнча); |
Адракаев Т. | - | артист (макулдашуу боюнча); |
Шатенов Б. | - | артист (макулдашуу боюнча). |
Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү: | ||
Эргешов О. | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти, "Түштүк департаменти" мекемесинин директору, (макулдашуу боюнча); |
Кайыпов А. | - | "Скай" ЖЧКнын директору - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Төлөнбаев К. | - | жеке ишкер - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Макашов С. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук чеберлер союзунун башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдралиева Г. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук чеберлер союзунун жетектөөчү адиси, (макулдашуу боюнча). |