Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 25-майы № 174
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын ишин текшерүү боюнча тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын ишин текшерсин, текшерүүнүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын ишин текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Каримбеков Алик Жолдошмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Караталов Бакытбек Омурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик органдарды координациялоо боюнча сектордун инспектору, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча); |
Чаяхметов Бауыржан Жыргалбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Ниязбаев Самар Нурединович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын мыйзамдуулукка мониторинг жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Джумабеков Эстебек Артистбекович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкармалыгынын начальниги; |
Алиев Муслим Шахбабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын башкы инспектору; |
Айманбаев Чингиз Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын улук оперкызматкери; |
Алымкулов Азизбек Эсенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын оперкызматкери. |