РаспоряжениеКүчүндө

КР Премьер-Министринин 2015-жылдын 27-майындагы № 193 ( Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялуу жана ысымы жазылган саат менен сыйлоо) буйругу

Редакция27.05.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2015-жылдын 27-майы № 193

Аскердик кызматтын милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн төмөнкү аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:

Акматов Ринат Исакович

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Ош шаардык аскер комиссариатынын аскер комиссары, полковник;

Абдусаматова Кундус Кулмановна

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташуу башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги, майор;

Айдаралиев Кылычбек Акимович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын 99718-аскер бөлүгүнүн командиринин авиация боюнча орун басары, полковник;

Ташиков Жаныбек Кусеинович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын тарбиялык иштер башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги, полковник;

Батырканова Чинаркүл Шаршеевна

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын финансы башкармалыгынын акчалай үлүш жана эмгек акы бөлүмүнүн начальниги, майор;

Долбин Владимир Викторович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын 99718-аскер бөлүгүнүн абадан коргонуу начальнигинин орун басары, подполковник;

Бекинбетов Ильярбек Эркинбекович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын 30670-аскер бөлүгүнүн чалгындоо тобунун командиринин орун басары, ефрейтор;

Жуманбаев Аскарбек Абдылалатович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2023-аскер бөлүгүнүн коменданттык ротасынын старшинасы, прапорщик;

Мамадали уулу Тынчтыкбек

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын 718-аскер бөлүгүнүн көчмө зениттик-ракеталык комплекс бөлүмчөсүнүн командири, сержант;

Суюнов Гапыржан Курбаналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын 707-аскер бөлүгүнүн техникалык камсыздоо взводунун устакана башчысы, прапорщик;

Алпаров Тынычбек Саркушевич

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын 52806-аскер бөлүгүнүн талаалык окуу борборунун нускоочусу, прапорщик;

Усенов Кадыр Сыдыкович

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасынын начальнигинин орун басары, кызматчы;

Эшенов Дильмурат Алтыханович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2029-аскер бөлүгүнүн "Чоң-Капка" чек ара тозотунун бөлүмчөсүнүн командири, катардагы жоокер;

Усманов Рустамбек Камбаралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын 52806-аскер бөлүгүнүн коменданттык ротасынын старшинасы, прапорщик.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн төмөнкү аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйланышсын:

Жунусалиев Бактыбек Качкынович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллерия башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүмдүн башчысы, полковник;

Князев Владимир Николаевич

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүмдүн начальниги, полковник;

Ташматов Талант Зарлыкович

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын коменданттык кызмат бөлүмүнүн начальниги, полковник;

Кожошев Алмазбек Токтобекович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын 703-аскер бөлүгүнүн командири, полковник;

Курбанбеков Бакытбек Турдубаевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын 703-аскер бөлүгүнүн командири, полковник;

Исаков Мансур Токтобаевич

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2025-аскер бөлүгүнүн "Торугарт" чек ара тозотунун начальниги, майор;

Саркеев Саматбек Борубаевич

-

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун финансы кызматынын начальниги, майор;

Султанбеков Эдилбек Султанбекович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн "Тамдык" чек ара тозотунун начальниги, улук лейтенант;

Умаров Искендер Нармырзаевич

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын 2024-аскер бөлүгүнүн окуу борборунун начальнигинин орун басары, улук лейтенант;

Дыйканбаев Руслан Калматович

-

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 41597-аскер бөлүгүнүн талаалык оңдоо взводунун оңдоо-эксплуатациялоо тобунун начальниги, прапорщик;

Искандеров Курбанбай Алибаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;

Джанузаков Адилет Канатович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

Бакиров Амангелди Сайдимаматович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев