Редакцияот 26.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

БУЙРУК

2015-жылдын 26-майы № 227-б

1. 2015-жылдын 28-29-майында Бурабай поселогунда (Казакстан Республикасы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жогоруда аталган жыйынына киргизилүүчү документтердин тиркелген долбоорлору 2-тиркемеде келтирилген тизмекке ылайык жактырылсын.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

1-тиркеме

2015-жылдын 28-29-майында Бурабай поселогунда (Казакстан Республикасы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ

Расмий делегация:

Сариев Темир Аргембаевич(*)

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын башчысы;

Омуралиев Эсенгул Касымович

-

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси;

Касымалиев Адылбек Алешович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Панкратов Олег Михайлович(***)

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министри;

Бешимов Аскар Жолчубекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

Усупов Усен Макаевич(*), (***)

-

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык комиссиядагы өкүлү;

Молдоисаева Миргуль Родбековна(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Асанкожоева Зина Мукаевна

-

КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү.

Коштоочу адамдар:

Токтоматов Нурмамбет Талгатович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;

Султанов Нурбек Албанбаевич(*)

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы;

Мамбеталиев Искендербек Султанович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - башкы штабдын начальниги;

Джакыпов Кылычбек Джумадилович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Асанбаев Алмазбек Жолчуевич

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;

Калиев Айбек Рыспекович

-

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Сулайманов Азамат Талапбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

Сулайманова Чолпон Мелисбековна(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

Бейшенкулов Руслан Фронтбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;

Базарбаев Таалай Чолпонбекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы;

Сыдыкова Гульмира Ракыевна(*), (***)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык бирикмелер жана макроэкономика боюнча секторунун башчысы;

Мукашев Болотбек Бейшенбекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин директору;

Жамшитова Айпери Жаныбаевна(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Мураталиева Алтынай Джанжалбековна(*)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

Толонов Расул Арапбаевич(*), (**)

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун референти;

Айльчиев Сабыр Сагынбекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке фотографы;

Деркембаев Алтынбек Шамирович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке оператору;

Кожомбердиев Сулейман Мелсович(**)

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын протоколдук иш-чаралар бөлүмүнүн референти;

Маматов Адылбек Самаганович(**)

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын протоколдук иш-чаралар бөлүмүнүн референти;

Насиров Эдуард Кашкаевич

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин кеңешчиси;

Омурзакова Айгерим Бакытовна

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин атташеси;

Аданов Азиз Абдурахимович(**)

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинин эксперти.

Басма сөз:

Карымшакова Чолпон Амановна

-

Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кабарчысы;

Таласбек Аманбек уулу

-

Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын оператору;

Мамекова Диана Кубанычбековна

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кабарчысы (макулдашуу боюнча);

Асанбаев Эльдияр Замирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын оператору (макулдашуу боюнча);

Подольская Дарья Александровна

-

"24 kg" маалыматтык агенттигинин кабарчысы (макулдашуу боюнча);

Смаилбекова Алтынай Смаилбековна

-

"Акипресс" Борбордук-Азия жаңылыктар кызматынын кабарчысы (макулдашуу боюнча);

Калдыбаева Салтанат Эсеновна

-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Биринчи радиосунун" атайын кабарчысы (макулдашуу боюнча);

Абдраева Айганыш Салмоорбековна

-

"Knews.kg" маалыматтык агенттигинин кабарчысы (макулдашуу боюнча);

Элкеева Канымгуль Рысбаевна

-

"Азаттык" радиостанциясынын кабарчысы (макулдашуу боюнча);

Уралиев Марат Касымбекович

-

"Вечерний Бишкек" гезитинин кабарчысы (макулдашуу боюнча).

Күзөт:

Тыныев Эркин Урумкулович(**)

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын кызматкери;

Ибраев Нурбек Эрмекович(*)

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын кызматкери;

Стамакунов Тологон Зуевич

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын кызматкери;

Бакасов Азирет Сталбекович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын кызматкери.

Эскертүү:

(*) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунун каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет;

(**) - 2015-жылдын 23-29-майында Казакстан Республикасынын Астана шаарына командировкага жиберилет;

(***) - 2015-жылдын 27-29-майында Казакстан Республикасынын Астана шаарына командировкага жиберилет.

 

2-тиркеме

2015-жылдын 29-майында Бурабай поселогунда (Казакстан Республикасы) болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына киргизилүүчү документтердин долбоорлорунун ТИЗМЕГИ

1. Өлчөө каражаттарынын тибин, метрологиялык аттестациялоону, текшерүүнү жана калибирлөөнү бекитүү максатында сыноолордун жыйынтыктарын өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун долбоору.

2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жөнүндө макулдашуунун долбоору.