Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 27-майы № 232-б
2015-жылдын 30-майы - 3-июнунда Женева шаарында (Швейцария) өтө турган Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча БУУнун Комитетинин 55-сессиясынын алкагында 1999-2011-жылдардын мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактыны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын бириктирилген экинчи жана үчүнчү мезгилдүү баяндамасын берүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Женева шаарына (Швейцария) Кыргыз Республикасынын делегациясынын баруусуна жана келүүсүнө байланышкан уюштуруучулук жана башка маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Женева шаарына (Швейцария) баруусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Жекшенов Б.Ж.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы, делегациянын жетекчиси; |
Кутуева А.Б.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Ашымбаева Т.А.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Каденова З.А. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Рахманова А.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Швейцариянын Женева ш., БДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; |
Алтымышева А.Д.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин экинчи катчысы; |
Аманжолова К.Б.(*) | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси. |
(*) Эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет.