Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-июну № 237
Кара-Кече көмүр кенинде кемүр казуучу компаниялар тарабынан чийки зат казуу методдорун иликтөө жана айлана-чөйрөнү жана жер казынасын коргоону жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кара-Кече көмүр кенинде көмүр казуучу компаниялар тарабынан чийки зат казуу методдорун иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
Комиссия он күндүк мөенөттө:
2. көмүр казуучу компаниялардын чийки затты казуу методдорун иликтөө үчүн Кара-Кече көмүр кенине барсын;
жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча айлана-чөйрөнү жана жер казынасын коргоону жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун- энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу белүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Джунушалиев Туратбек Шаршенкулович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы, |
Садыков Нурлан Маткасымович | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Асизов Касен Асизович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Рыскулов Улан Дуулатович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Артыкбаев Расул Саткынович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары; |
Керимов Памирбек асыранбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн кен пайдалануу секторунун эксперти; |
Жумабеков Кенеш Кадыралиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экологиялык экспертиза жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги; |
Кадыров Арстанбек Солтобекович | - Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары; |
Бейшеев Канатбек Дуйшенбекович | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы адиси - юрист; |
Жакыпов Мирлан Мустафаевич | - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана енөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы дирктору; |
Абдиев Арс^ганбек Раимбекович | - "Көмурчү" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Какитаев Кадырбек Какитаевич | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |