КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-июну № 267-б
Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 17-июнунда болуучу КМШнын Экономикалык кеңешинин 66-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министри Панкратов Олег Михайловичке КМШнын Экономикалык кенешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 17-июнунда болуучу КМШнын Экономикалык кеңешинин 66-жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы
Панкратов Олег Михайлович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министри, делегациянын башчысы; |
Асанкожоева Зина Мукаевна | - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Урмат уулу Мират (*) | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти. |
Эскертүү:
(*) - Санкт-Петербург шаарына 2015-жылдын 15-17-июнунда командировкага жиберилет.