Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 4-июну № 234-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык:
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүгө байланышкан маалыматтарды алмашуу жаатындагы кызматташтык тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Нигерия Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугун берүү менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүгө байланышкан маалыматтарды алмашуу жаатындагы кызматташтык тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Нигерия Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого, ошондой эле алар менен байланышкан кылмыштуу иштерге каршы аракеттенүү жаатындагы өз ара кызыкчылыктарды жетекчиликке алып, жана кызматташтыкты кыйла натыйжалуу жол менен жүргүзүү зарылдыгын көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана Нигерия Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмү (ар бири мындан ары "Тараптар" деп аталышат), төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар ушул Меморандумдун жоболоруна ылайык, өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде аракеттенүү менен, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин сактап өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде маалымат алмашууну ишке ашырышат.
2-берене.
Тараптар, кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого, ошондой эле алар менен байланышкан кылмыштуу иштерге катышы бардыгы шектүү, акча каражаттары же башка мүлк менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жеке жана юридикалык жактардын иши жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо баскычында өз ара аракеттенүүнү, анын ичинде маалыматтарды алмашууну ишке ашырышат.
3-берене.
3.1. Маалымат алмашуу жазуу жүзүндө, анын ичинде Тараптардын демилгеси боюнча же cypoo-талаптарынын негизинде, тексти берүүнүн техникалык каражаттарын колдонуу менен жүргүзүлөт.
3.2. Маалымат алуу үчүн суроо-талап жазуу жүзүндө же электрондук цифралык колтамганы пайдалануу менен корголгон "Эгмонт" тармагы аркылуу электрондук почта менен жиберилет, эгерде бар болсо.
3.3. Эгер зарыл болуп калса суроо-талапты талаптагыдай аткаруу үчүн суроо-талапты жөнөткөн Тарап суранган Тараптан кошумча керектүү маалымат сурай алат.
4-берене.
4.1. Эгерде суроо-талапты аткаруу суроо-талап жөнөткөн Тараптын мамлекетинин суверенитетине, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка маанилүү кызыкчылыктарына зыян келе турган болсо, улуттук мыйзамдарына жана (же) эл аралык милдеттенмелерине каршы келсе, ошондой эле суроо-талапта көрсөтүлгөн фактылар боюнча суроо-талап жөнөткөн Тараптын мамлекетинде соттук териштирүү жүрүп жаткан болсо суроо-талапты аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартылышы мүмкүн.
4.2. Эгерде Тарап суроо-талапка жооп берүү чечимин кабыл алса, жооп берүүчү Тарап калыптанган тажрыйбага ылайык, маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптын алынгандыгын ырастайт жана кийин суроо-талапты жөнөткөн Тарапка ар кандай маалыматты берет.
Эгерде суроо-талапты жөнөткөн Тарап суроо-талапты аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, суроо-талапты жөнөткөн Тарапка мындай чечим кабыл алгандыгынын себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө маалымдайт.
5-берене.
5.1. Ушул Меморандумдун алкагында алынган маалымат, суроо-талапта көрсөтүлгөн максаттардан башка максаттарда, аны берүүчү Тараптын жазуу жүзүндө макулдугусуз колдонулбайт.
5.2. Ушул Меморандумдун алкагында алынган маалымат купуя болуп саналат жана ага маалыматты алуучу Тараптын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарында каралган улуттук булактардан алынган мындай маалыматтарга карата коргоо режими таралат.
5.3. Тараптар, өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын жана эл аралык милдеттенмелерин жетекчиликке алуу менен ушул Меморандумдун алкагында алынган маалыматты кокустан же мыйзамсыз жок кылуудан, өзгөртүүдөн, ачыкка чыгаруудан, ошондой эле башка ар кандай укуксуз колдонуудан коргоого багытталган керектүү уюштуруу-техникалык чараларын көрүшөт.
5.4. Ушул Меморандумдун алкагында алынган маалыматтын сактоо мөөнөтү маалымат берилген максатка талап кылынган убактан ашпашы керек. Эгерде ушул Меморандумдун алкагында берилген маалыматтын сактоо мөөнөтү бул убакыттан ашса, Тараптардын мамлекеттеринин ченемдик укуктук актыларына ылайык жок кылынат.
6-берене.
Ушул Меморандумда көрсөтүлгөн маалымат кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого, ошондой эле алар менен байланышкан кылмыштуу иштерге тиешеси бар иштерде гана сотко чейинки жана соттук максаттарда колдонулат.
7-берене.
7.1. Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык маалыматты берүү тартибин бирге аныкташат жана ушул Меморандумду ишке ашыруу маселелери боюнча консультациялар өткөрүшөт.
7.2. Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатындагы Тараптардын мамлекетинин мыйзамдары тууралуу маалымат менен суроо-талап боюнча же өзүлөрүнүн демилгелери боюнча алмашышат.
7.3. Тараптар тажрыйба алмашуу жана өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулоо, ошондой эле техникалык көмөк көрсөтүү үчүн өз ара келишимдер боюнча биргелешкен конференцияларды жана семинарларды өткөрүшөт.
7.4. Ушул Меморандум кызматташтыктын башка өз ара алгылыктуу формаларын иштеп чыгууга жана өнүктүрүүгө тоскоол болбойт.
8-берене.
Тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүүлөрү жана маалымат алмашуулары англис тилинде жүргүзүлөт.
9-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ушул Меморандумдун 12-беренесинин 1-пунктуна ылайык күчүнө кирген өзүнчө протоколдор менен жол-жоболоштурулат.
10-берене.
Ушул Меморандумду чечмелөөдө жана колдонууда келип чыккан талаш маселелер консультацияларды жүргүзүү жана Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
11-берене.
Ушул Меморандумдун жоболору Кыргыз Республикасы жана Нигерия Республикасы катышуучу болгон башка эл аралык келишимдерден келип чыккан тийиштүү укуктарга жана милдеттенмелерге зыян келтирбейт.
12-берене.
1. Ушул Меморандум ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Меморандумду колдонуу Тараптардын биринен ушул Меморандумдун аракетин токтотуу жөнүндө жазуу түрүндөгү билдирүүсү токтотуу күнүнөн алты ай мурда келген учурдан баштап токтойт.
3. Ушул Меморандумдун маалыматтын купуялуулугун камсыздоо боюнча жоболору Меморандумдун аракеттери токтотулгандан кийин да күчүндө калат.
Меморандум 2015-жылдын "__" _____________ ____________ шаарында эки нускада түзүлдү, ар бири кыргыз жана англис тилдеринде. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкса Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн |
| Нигерия Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмү үчүн |