Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 4-июну № 236-б
Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Шри-Ланканын Борбордук банкынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо менен байланышкан маалыматтарды алмашуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Шри-Ланканын Борбордук банкынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Шри-Ланканын Борбордук банкынын Финансылык чалгындоо бөлүмү (мындан ары ар бири "Тарап" же жалпысынан "Тараптар" деп аталуучу), кызматташуу жана өз ара кызыкчылык маанайында, ар бир Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык, кылмыштуу кирешелерди адалдоону же терроризмди каржылоону териштирүүдө же соттук куугунтуктоодо көмөктөшүү үчүн маалымат алмашууга өбөлгө түзүүнү каалашат.
Ушуга байланыштуу Тараптар юридикалык милдеттендирүүчү документти түзүү ниетинде эмес, бирок аталган маалымат алмашууда болушунча максималдуу деңгээлде көмөк көрсөтүү максатында төмөнкүдөй өз ара түшүнүшүүгө жетишти:
Максаты
1. Кылмыштуу кирешелерди адалдоону же терроризмди каржылоону териштирүүдө же соттук куугунтуктоодо катышы бардыгына жетишерлик негиз бар деп саналган маалыматтарды Тараптар өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарында жол берилген деңгээлде бири-бирине бере турган чектерди белгилөө.
Маалымат алмашуу
2. Өз өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарына ылайык, ошондой эле өздөрүнүн жеке саясатына жана жол-жоболоруна ылайык Тараптардын ар бири өз демилгеси же экинчи Тараптын суроо-талабы боюнча кылмыштуу кирешелерди адалдоону же терроризмди каржылоону териштирүүгө же соттук куугунтуктоого катышы болушу мүмкүн болгон кандай гана болбосун маалыматты берип турушат. Экинчи Тарапка берилген маалымат кылмыштуу кирешелерди адалдоону же терроризмди каржылоону териштирүүгө же соттук куугунтуктоого катышы бар максаттар үчүн гана колдонулушу мүмкүн.
Суроо-талаптын негизи
3. Суроо-талап жиберген Тарап мүмкүн болушунча маалыматтын каалаган суроо-талабын ырастаган негизги фактылардын кыскача баяндамасын берет.
Маалыматты берүү
4(a). 4(б) пунктка ылайык алуучу Тарап берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз маалыматты (маалыматты берүү жөнүндө суроо-талапта аталган учурлардан тышкары) бербейт (административдик, тергөөчүлүк жана соттук териштирүүчүлүк үчүн берүүлөрдү кошкондо).
4(б). Эгерде Тараптардын бири сот иштерин жүргүзүүгө же экинчи Тараптан алынган маалыматты берүүнү талап кыла турган жол-жоболорго катышса, ушундай жол-жобого же териштирүүгө катышкан Тарап, токтоосуздан маалыматты берген Тарапка кабарлашы керек жана андан маалыматты берүүгө макулдугун алуусу зарыл, ал эми эгерде макулдук алынбаса, анда маалыматтын үчүнчү жакка берилбешин же маалыматты берүүгө тийиштүү чектөөлөр коюлушун камсыздоо үчүн тийиштүү чараларды көрүүгө тийиш.
Суроо-талаптагы маалыматты пайдалануу жана берүү
5(a). Суроо-талаптагы маалымат, кылмыштуу кирешелерди адалдоону же терроризмди каржылоону териштирүү же соттук куугунтуктоо менен байланышкан максаттарда гана колдонулат.
5(б). Суралуучу Тарап суроо-талап жиберген Тараптын алдын ала макулдугусуз суроо-талаптагы маалыматты, суроо-талапты канааттандыруу максатында маалыматты алуудан башка каалаган максаттар үчүн бере албайт.
Кабарлоо
6. Эгерде маалыматты берүү жөнүндө суроо-талапты алган Тарап, суроо-талапка жооп бербей турган чечим кабыл алса, анда ал суроо-талап жиберген Тарапка өзүнүн чечими тууралуу кабарлайт.
Өз ара аракеттенүүнүн жол-жоболору
7. Тараптар өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык өз ара аракеттенүүнүн алгылыктуу жол-жоболорун чогуу аныкташат жана ушул Меморандумду ишке ашыруу маселелери боюнча консультацияларды өткөрүшөт.
Купуялуулук
8. Тараптардан алынган бардык маалыматтар катуу контроль астында болушу керек жана маалыматты уруксат берилген ыкмада гана колдонууну камсыздоо максатында корголушу, ошондой эле купуялуулук тартибинде иштелип чыгышы керек. Берилген маалымат алуучу Тараптын ички булактардан алынган маалыматтарды коргоо үчүн каралган улуттук мыйзамдарынын талаптары менен корголот.
Андан аркы кызматташуу
9. Тараптар кылмыштуу кирешелерди адалдоону жана терроризмди каржылоону алдын алуу, табуу жана ага каршы аракеттенүү жаатында өз ара кызматташуунун башка багыттарын талкуулашат.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү
10. Ушул Меморандум өз ара макулдашуу боюнча каалаган убакытта өзгөртүлүшү мүмкүн.
Колдонулуу мөөнөтү жана токтотуу
11. Ушул Меморандум Тараптар ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
12. Ушул Меморандумдун иш-аракети каалаган убакытта токтотулушу мүмкүн. Иш-аракет Тараптардын биринен жазуу түрүндөгү билдирүү алынган учурдан баштап токтойт. Ушул Меморандум токтотулганга чейинки алынган маалыматтын купуялуулугун сактоо менен байланышкан ушул Меморандумдун шарттары жана жоболору ушул Меморандумдун иш-аракети токтогондон кийин да сактала берет.
Меморандум ______________ шаарында 2015-жылдын "__" ____________ эки түп нускада ар бири кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү. Бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст жетекчиликке алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн |
| Шри-Ланканын Борбордук банкынын Финансылык чалгындоо бөлүмү үчүн |