Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 4-июну № 237-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык:
Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого байланыштуу маалыматтарды алмашуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Бангладеш Эл Республикасынын Банкынын алдындагы Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана Бангладеш Эл Республикасынын Банкынын алдындагы Финансылык чалгындоо бөлүмү, кызматташуу духунда жана өз ара кызыкчылыктан улам, тең үзүрдүн негизинде жана Тараптардын ар биринин мыйзамдарынын алкагында, кылмыштуу кирешелерди адалдоого, терроризмди каржылоого жана алар менен байланыштуу кылмыш иштери тууралуу маалыматтарды алмашууга шарт түзүүнү каалашат.
Ушуга байланыштуу Тараптар төмөндөгүлөр жөнүндө өз ара түшүнүшүүгө жетишишти:
1-берене. Кызматташуу чөйрөсү
Тараптар тең үзүрдүн негизинде, өздөрүнүн демилгеси боюнча же суроо-талап боюнча кылмыштуу кирешелерди адалдоого, терроризмди каржылоого жана алар менен байланышкан кылмыш ишине катышы бар деп шектелген жактарды тергөөдө жана соттук куугунтуктоодо жардам бере турган маалыматтарды жана маалымдарды бири-бирине берип турууда кызматташат.
2. Тараптардын ортосундагы кызматташуу жана маалымат алмашуу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-берене. Суроо-талапты тариздөө
3. Ар бир суроо-талап, улуттук мыйзамдарда уруксат берилген чектерде төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) суроо-талаптын себебинин кыскача баяндамасын;
2) белгилүү болгон тийиштүү фактылардын кыскача баяндамасын;
3) жеке жана юридикалык жактарды идентификациялоо үчүн бардык болгон маалыматтарды;
4) кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого байланыштуу кылмыштарды жасаганга шектүүлөр же күнөөлүүлөр тууралуу, ошондой эле тергөөнүн стадиясы жөнүндө керек болгон баардык маалыматтарды;
5) суралган маалымат кандай колдонула тургандыгы, анын ичинде, эгер бар болсо, талап кылган Тараптын өлкөсүнүн кайсы укук коргоо органдарына же башка мамлекеттик ведомстволоруна маалыматты колдонууга жол берилгендиги жана ошол органга же ведомствого маалыматты берүү себеби жөнүндө маалыматты.
4. Суралуучу Тарап зарылдыгына жараша суроо-талапты аткаруу максатында же аны аткарууну тездетүү үчүн кошумча маалымат сураса болот.
5. Каалаган маалыматты жана маалымдарды суроо-талап маалыматты берүүдөн баш тартуу, ошондой эле ушул Меморандумдун токтошу жазуу түрүндө жүзөгө ашырылышы керек.
3-берене. Маалыматты колдонуу
6. Тараптар алынган маалыматты ушул Меморандумда көрсөтүлгөн же суроо-талапта баяндалгандан башка максаттар үчүн пайдаланышпайт жана берилген маалыматты өткөрүп берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз пайдаланышпайт.
7. Ушул Меморандумдун алкагында жүзөгө ашырылган өзүнүн демилгеси боюнча же суроо-талапты канааттандыруу үчүн алынган маалыматты колдонуу чектөөнүн предмети болуп саналат да, өткөрүп берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз алуучу Тарап:
1) мындай маалыматты суроо-талапта (суроо-талап болгон учурда) көрсөтүлгөн жаза иштерине карата гана жана финансылык чалгындоо максаттарында гана (байланыштарды таап чыгуу жана тергөө ресурстарын топтоону кошкондо) колдоно алат; жана
2) ушул маалыматты жазык сот ишин жүргүзүүдө далил катары колдонбойт.
8. Алуучу Тарап өткөрүп берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоо милдетин алат (суроо-талапта көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо).
9. Эгер Тарап башка Тараптан алынган маалыматты ачууну талап кылган соттук процесстин же териштирүүнүн субъектиси болуп калса, мындай соттук процесстин же териштирүүнүн субъектиси болуп калган Тарап, дароо билдирүүсү зарыл жана башка Тараптан маалыматты өткөрүп берүүгө уруксат суроого мүмкүнчүлүк табышы керек, а эгер уруксат берилбесе маалымат кандайдыр бир үчүнчү жакка берилбеши же маалыматтын берилбеши үчүн тийиштүү чектөөлөр коюлгандыгын камсыздоо үчүн керектүү чаралар көрүлүшү керек.
10. Өткөрүп берүүчү Тарап берилген маалыматты колдонууга карата негизделген суроо-талаптарды жибере алат, ал эми алуучу Тарап мүмкүнчүлүктүн болушуна жараша кайра байланышты камсыздоосу керек.
4-берене. Купуялык
11. Берилген маалымат купуя болуп саналат жана эң кур дегенде алуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарында каралган кызматтык сырдын талаптары менен корголушу керек.
12. Өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү ушул Меморандумга ылайык милдеттенме өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү ушул Меморандумдун иш аракети токтогондугуна карабастан Тараптарды байланыштырууну улантышы керек.
5-берене. Дараметти бекемдөө
13. Финансылык маалыматтарды алмашууга кошумча, Тараптар башка жолдор менен да кызматташат. Буга кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо менен байланышкан башка кылмыш иштери жөнүндө, анын ичинде финансылык маалыматтарды талдоо жана билимдерди, изилдөөлөрдү алмашуу, жаңы жана келип чыккан тенденциялар боюнча жана кылмыштуу кирешелерди адалдоонун типологиялары тууралуу жалпы маалыматтарды алмашуу кирет.
6-берене. Баш тартуу
14. Эгер өз ара аракеттенүү Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына, эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, улуттук кызыкчылыктарына же эл аралык келишимдерине карама-каршы келе турган болсо же болжол менен кылмыш деп саналган ошол эле аракеттерге же аракетсиздикке карата Тараптардын мамлекеттеринде соттук териштирүүлөр башталган болсо суроо-талаптар четке кагылышы мүмкүн. Суроо-талап кылган Тарап баш тартуунун себеби тууралуу маалымдалышы керек.
7-берене. Суроо-талаптардын тили
15. Тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүү англис тилинде жүзөгө ашырылат.
8-берене. Контроль жүргүзүү
16. Ар бир Тарап ушул Меморандумдун алкагында берилген каалаган маалыматка карата натыйжалуу контролду камсыздоосу керек.
9-берене. Маалымат берүү
17. Тараптардын ар бири, өздөрүнүн мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык, маалыматты өткөрүп берүүнүн алгылыктуу жол-жоболорун чогуу уюштурушат жана ушул Меморандумду аткаруу максатында биргелешкен кеңешүүлөрдү жүргүзүшөт.
10-берене. Иш-аракет мөөнөтү; өзгөртүү; токтотуу
18. Ушул Меморандум Тараптардын ага кол койгон учурунан тартып күчүнө кирет.
19. Ушул Меморандумга өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналган тийиштүү протоколдор менен таризделет.
20. Тараптын кимиси болсо да башка Тарапка 30 күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жиберүү менен өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү ушул Меморандумдун иш-аракетин токтото алат.
Меморандум 2015-жылы "__" ____________ ________________ шаарында ар бири кыргыз жана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн |
| Бангладеш Эл Республикасынын Банкы алдындагы Финансылык чалгындоо бөлүмү үчүн |