Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 4-июну № 238-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык:
Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Индия Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилде тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого байланыштуу маалыматтарды алмашуу боюнча кызматташуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен Индия Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө МЕМОРАНДУМ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жана Индия Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмү,
терроризмди каржылоого, кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана алар менен байланышкан кылмыштарга тиешелүү иштер боюнча маалыматтарды алмашууда кызматташтыктын жана өз ара кызыкчылыктын маанайында көмөктөшүүнү каалашып төмөнкүлөр тууралуу макулдашышты:
1-берене.
Тараптар терроризмди каржылоого, кылмыштуу кирешелерди адалдоого катышы бар деп шектелген финансылык операцияларга жана алар менен байланыштуу кылмыштарга, ошондой эле ага катышы бар адамдарга тиешелүү маалыматтарды чогултууда, иштеп чыгууда жана талдоодо кызматташышат. Ушул максатта Тараптар, өз демилгеси менен же суроо-талап боюнча терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого тиешеси бар деп шектелген адамдарга тиешелүү баардык колдо болгон же чогултулган маалыматты суроо-талапка ылайык алмашышат.
Маалыматты берүү жөнүндөгү бардык суроо-талаптар негизги фактыларды кыскача баяндоо менен негизделет.
2-берене.
Тийиштүү Тараптан алынган маалымат, эч бир үчүнчү жакка берилиши мүмкүн эмес жана берүүчү Тараптын алдын ала макулдугусуз администрациялык, тергөө же соттук максаттарда колдонулушу мүмкүн эмес.
3-берене.
Тараптар тийиштүү Тараптан алынган маалыматтардын же документтердин эч бири берген Тараптын алдын ала макулдугусуз ушул Меморандумда көрсөтүлбөгөн максаттарда пайдаланылышына же ачыкка чыгарылышына жол беришпейт.
4-берене.
Ушул Меморандумду аткаруунун жүрүшүндө алынган маалымат купуя болуп саналат жана ал алуучу Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарында улуттук булактардан алынган ошондой маалыматка карата каралган коргоо режими менен корголушу керек.
Тараптардын ушул Меморандумдун алкагында купуялыкты сактоо тууралуу милдеттенмелери ушул Меморандумдун жарактуулугунун токтогонуна карабастан улантыла берет.
5-берене.
Тараптар, өз өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык, өз ара аракеттенүүнүн алгылыктуу жол-жоболорун чогуу аныкташат жана ушул Меморандумду ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешүүлөрдү жүргүзүшөт.
Тараптардын ортосундагы өз ара аракеттенүү англис тилинде жүзөгө ашырылат.
6-берене.
Тараптар төмөнкү учурларда көмөктөшүүгө милдеттүү эмес:
(1) эгерде суроо-талапта көрсөтүлгөн фактылар боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткан болсо;
(2) эгер мындай көмөк көрсөтүү улуттук коопсуздукка зыян келтире турган болсо.
7-берене.
Тараптардын өз ара макулдугу менен ушул Меморандумга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу, өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана ушул Меморандумдун 10-пунктуна ылайык күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Ушул Меморандумдун жарактуулугу каалаган убакытта токтотулса болот. Жарактуулук Тараптардын биринен жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган учурдан тартып токтотулат.
8-берене.
Ушул Меморандум кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Меморандум 2015-жылы "___" ____________ ________________ шаарында ар бири кыргыз жана англис тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында баардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Меморандумдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы үчүн |
| Индия Республикасынын Финансылык чалгындоо бөлүмү үчүн |