Редакцияот 08.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

БУЙРУК

2015-жылдын 8-июну № 249-б

Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 8-июнунда болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) жетинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2015-жылдын 7-9-июнунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Диль Валерий Исидорович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Темирбекова Айнура Кубанычбековна

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Урмат уулу Мират

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Айдаров Каныбек Абдрайович

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борборунун директору;

Даиров Рахимбек Даирович

-

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация колледжинин директору (макулдашуу боюнча);

Люлина Светлана Ивановна

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын ШКУ жана КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча секторунун башчысы, комиссиянын катчысы.