Редакцияот 19.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 19-июну  № 272-б

2015-жылдын 8-июнундагы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен социалдык объектилерге келтирилген зыянды (чатырлардын кыйроосу) жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1.  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 4 700 000 (төрт миллион жети жүз миң) сомду Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы орто мектептин, спорт комплексинин жана маданият үйүнүн чатырларын калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн бөлүп берсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Өзгөче кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектилердин чатырларын калыбына келтирүү жумуштарын аткарсын.

3.  Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсун.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев