РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 272-б (2015-жылдын 8-июнундагы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен социалдык объектилерге келтирилген зыянды (чатырлардын кыйроосу) жоюу максаты жөнүндө) буйругу

Редакция19.06.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 19-июну  № 272-б

2015-жылдын 8-июнундагы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында болуп өткөн катуу шамалдын кесепетинен социалдык объектилерге келтирилген зыянды (чатырлардын кыйроосу) жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1.  Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 4 700 000 (төрт миллион жети жүз миң) сомду Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы орто мектептин, спорт комплексинин жана маданият үйүнүн чатырларын калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн бөлүп берсин.

2.  Кыргыз Республикасынын Өзгөче кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектилердин чатырларын калыбына келтирүү жумуштарын аткарсын.

3.  Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсун.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев