Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 19-июну № 274-б
Жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттардын абалын, аларда окуучуларды багуу шарттарын изилдөе максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык меенетте жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттардын абалын, аларда окуучуларды багуу шарттарын изилдесин жана жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
мамлекеттик органдардын жана уюмдардын эксперттерин, консультанттарын, адистерин ишке тартууга;
- жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууга мамлекеттик органдардан материалдарды суроого жана жардам алууга.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Ниязалиева Дамира Абаскановна | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Ашымбаева Токтобүбү Абасовна | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигииин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Каденова Зууракан Ажимаматовна | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
АбарбековаАида Мырзашевна | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигииин социалдык сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Ахматова Гульмира Абитовна
| - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигииин үй-булөнү жана балдарды коргоо боюнча башкармалыктын бөлүмүнүн башчысы; |
Жанколиева Бактыгуль Токоновна | - Бишкек шаардык мэриясыньш Саламаттык сактоо департаментииин штаттан тышкаркы педиатры (макулдашуу менен); |
Мамбетова Салтанат Сталбековна | - Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлигииин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим беруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси. |