РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 275-б (Бишкек шаарында 2015-жылдын 29-июнунда болуучу «Жалал-Абад шаарында катуу таштандыларды башкаруу утумун жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүу банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамы жөнүндө) буйругу

Редакция19.06.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 19-июну № 275-б

 Бишкек шаарында 2015-жылдын 29-июнунда болуучу "Жалал-Абад шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан жыйынтыктоочу протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

 Тиркеме

Бишкек шаарында 2015-жылдын 29-июнунда болуучу "Жалал-Абад шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүу банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын курамы

 

Мамбетов Турдубек Мамбетович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору, расмий делегациянын жетекчиси.

Расмий делегациянын мүчөлөрү:

Байгончоков Мирланбек Конушбекович

- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

 Джакыпов Кылычбек  Джумадилович

- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Мурзаев Кубат Садырбекович

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги;

Айдралиева Расым Шаршекеевна

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Масабиров Талайбек Айтмаматович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

Турганбаев Төлөн Самудинович

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директору;

Авазов Салайдин Абдувалиевич

- Жалал-Абад шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Бакиров Төлөн Калдарбекович

- Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы "Жалал-Абад тазалык" муниципалдык мекемесинин начальниги (макулдашуу боюнча).