Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 17-июну № 247
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин катчылыгы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин катчылыгы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрү ушул буйрук менен бекитилген Жобону жетекчиликке алып, өз ишин өз ара аракеттенүү менен ишке ашырсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин катчылыгы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин катчылыгы (мындан ары -катчылык) катчылыктын милдеттерине жана функцияларына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин (мындан ары - Премьер-министр), Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин (мындан ары - вице-премьер-министрлер) ишин камсыздоо максатында уюштурулат.
2. Катчылык өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты (мындан ары - Өкмөттүн Аппараты) жвнүндө жобону, Өкмөттүн Регламентин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
Катчылык катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча Өкмөттүн токтомдорунун жана буйруктарынын, Премьер-министрдин буйруктарын жана тапшырмаларын, вице-премьер-министрлердин тапшырмаларын аткарууну камсыздайт.
3. Катчылыктын кызматкерлери мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
Катчылыктын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 '"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобого ылайык кызматына дайындалышат жана кызматынан бошотулушат.
4. Катчылыктын кызматкерлери катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүүгө, мамлекеттик кызматчылардын этикасын сактоого, кызматтык жашыруун сырды жана жашыруундуулук режимин сактоого милдеттүү.
5. Катчылыктын кызматкерлери Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин тапшырмаларын аткаруу үчүн катчылыктын
компетенциясына таандык маселелер боюнча Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин кароосуна киргизилүүчү материалдарды сапаттык жана өз убагында даярдоо үчүн жекече жоопкерчиликтүү болушат.
2. Катчылыктын кызматкерлери
6. Катчылыктын курамы төмөнкү кызматтардан турат:
1) Премьер-министрдин кеңешчилери;
2) Премьер-министрдин пресс-катчысы;
3) Премьер-министрдин консультанты;
4) Премьер-министрдин жардамчысы;
5) вице-премьер-министрлердин кеңешчилери;
6) вице-премьер-министрлердин консультанттары;
7) вице-премьер-министрлердин жардамчылары.
3. Катчылыктын милдети жана функциялары
7. Катчылыктын милдети Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин ишин маалыматтык, аналитикалык жана уюштуруучулук жактан камсыздоо болуп саналат.
8. Премьер-министрдин кеңешчилеринин, консультантынын жана жардамчысынын ыйгарым укуктары жана функциялары Премьер-министр тарабынан аныкталат.
9. Катчылык милдетти чечүү үчүн төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) Премьер-министрдин пресс-катчысы;
- жалпыга маалымдоо басма сөз, электрондук, радио жана теле көрсөтүү каражаттарына (мындан ары - ЖМК) карата Премьер-министрдин атынан өкүлчүлүк функцияларын аткаруу;
- пресс-конференцияларды, брифингдерди, журналисттер менен жолугушууларды, ЖМКда Премьер-министрдин ишин чагылдыруу маселелери боюнча чыгууларын уюштуруу;
- өлкөнүн социалдык-экономикалык, саясий турмушундагы маселелер боюнча Премьер-министрдин позициясын түшүндүрүү жана аларды чечүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына жана эл аралык коомчулукка маалымат берүү максатында ЖМКда иштерди уюштуруу;
- Премьер-министрдин иши жөнүнде ЖМКда материалдарды анализдөөнү ишке ашыруу жана Премьер-министрге тиешелүү сунуштарды киргизүү;
- Премьер-министрдин ишине тиешелүү маалыматтык кабарларды, пресс-релиздерди, макалаларды жана кийин ЖМКда медиа-продуктуларды таратуу;
- Премьер-министрдин басма иши боюнча сунуштарын иштеп чыгуу;
2) вице-премьер-министрлердин кеңешчилери:
- тейлөөчү чөйрөлөрүнө маалыматтык жана аналитикалык материалдарды иштеп чыгуу жана вице-премьер-министрлерге киргизүү;
- вице-премьер-министрлердин кеңешчилери даярдаган аналитикалык материалдардын негизинде тейлөөчү чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана вице-премьер-министрлерге киргизүү;
- вице-премьер-министрлердин кеңешчилери компетенциясына таандык маселелер боюнча вице-премьер-министрлердин баяндамаларынын, сөздөрүнүн жана презентацияларынын тезистерин даярдоо;
- вице-премьер-министрлердин кеңешчилери компетенциясына таандык маселелер боюнча вице-премьер-министрлердеги кеңешмелердин протоколдорун даярдоо;
- резолюциялардын, тапшырмалардын, анын ичинде протоколдук тапшырмалардын долбоорлорун Өкмөттүн Аппаратынын профилдик бөлүмдорү менен алдын ала макулдашуу боюнча жумушчу тартипте даярдоо;
- вице-премьер-министрлерди маалыматтык камсыздоо чөйрөсүндөгү Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрү менен өз ара аракеттенүү;
3) вице-премьер-министрлердин консультанттары:
- вице-премьер-министрлердин кирүүчү жана чыгуучу кат-кабарлары менен иштөө;
- вице-премьер-министрлердин кароосуна келип түшкөн Өкмөттүн ченемдик укуктук актылары жана башка чечимдеринин долбоорлору менен бөлүмдүн ишинде турган көрсөтүлгөн актылардын долбоорлору боюнча Өкмөттүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо белүмү менен өз ара аракеттенүү;
- Өкмөттүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн ишинде турган Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору жана башка чечимдеринин долбоорлору боюнча макулдаштык кеңешмелерин уюштуруу;
- мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын демилгелеген долбоорлору жана Өкмөттүн ба- шка чечимдеринин долбоорлору боюнча вице-премьер-министрлерде талкуулоо үчүн макулдаштык кеңешмелерин уюштуруу;
- вице-премьер-министрлердин консультанттарынын компетенциясына таандык маселелер, анын ичинде макулдаштык кеңешмелери боюнча вице-премьер-министрлердеги кеңешмелеринин протоколдорун даярдоо;
- резолюциялардын, тапшырмалардын, анын ичинде протоколдук тапшырмалардын долбоорлорун Өкмөттүн Аппаратынын профилдик бөлүмдөрү менен алдын ала макулдашуу боюнча жумушчу тартипте даярдоо;
- вице-премьер-министрлердин протоколдук тапшырмаларын аткаруунун жүрүшүн мониторингдөө;
4) вице-премьер-министрлердин жардамчылары:
- вице-премьер-министрлердин тапшырмаларын аткаруу;
- вице-премьер-министрлердин жумушчу кеңешмелерин жана иш сапарларын уюштуруучулук жана документтик жактан камсыздоо;
- вице-премьер-министрлердин жардамчыларынын компетенциясына таандык маселелер боюнча, анын ичинде майрамдык, куттуктоо, массалык жана башка мүнөздөгү иш-чараларды жүрп/зүүдө вице-премьер-министрлердин өкүлдүк функцияларын аткарууда алардын баяндамаларынын, сөздөрүнүн жана презентацияларынын тезистерин даярдоо;
- вице-премьер-министрлердин жардамчыларынын компетенциясына таандык маселелер боюнча вице-премьер-министрлердин жумушчу кеңешмелеринин протоколдорун даярдоо;
- резолюциялардын, тапшырмалардын, анын ичинде протоколдук тапшырмалардын долбоорлорун Өкмөттүн Аппаратынын профилдик бөлүмдөрү менен алдын ала макулдашуу боюнча жумушчу тартипте даярдоо.
4. Катчылыктын ыйгары.м укуктары
10. Катчылык алдына коюлган милдеттердин жана функциялардын алкагында төмөнкү укуктарга ээ:
1) мамлекеттик органдар жана башка уюмдар, ршондой эле катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча Өкмөткө кайрылган адамдар менен мамилелерде Премьер-министрдин жана вице- премьер-министрлердин атынан иш алып барууга;
2) мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан езүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга жана алууга;
3) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнөн өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтык материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга жана алууга;
4) катчылыктын компетенциясына таандык маселелер боюнча жумушчу топтордун, комиссиялардын, анын ичинде ведомстволор аралык комиссиялардын ишине катышууга.