Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-июну № 276-б
2014-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 6-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун шарттары жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басарына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2014-жылдын 24-ноябрындагы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун 6-беренесин жетекчиликке алуу менен,
Кыргыз Республикасынын аймагында Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле Фонддун кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасындагы статусун, артыкчылыктарын жана иммунитеттерин аныктоо максатында,
төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене
Фонддун иши, укуктук статусу, укукка жөндөмдүүлүгү, иммунитегтери жана артыкчылыктары салыктык жеңилдиктери Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкметү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2014-жылдын 24-ноябрындагы (мындан ары - 2014-жылдын 24-ноябрындагы Макулдашуу) макулдашуу жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун уставы (мындан ары - Устав) менен аныкталат.
2-берене
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөндө келтирилген терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:
«Фонд» - Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду;
«Фонддун имараты» - Фонд тарабынан езүнүн ишин аткарууда пайдалануучу менчик, мүлктүк жалдоо же акысыз пайдалануу укугунда таандык болгон бардык бөлмө-жайлар, имараттар же имараттардын бөлүгү;
«Фонддун мүлкү жана активдери» - акча каражаттарын жана башка активдерди кошкондо бардык мүлк, ошондой эле менчик, мүлктүк жалдоо же акысыз пайдалануу укугунда өзүнүн расмий ишин ишке ашырууга байланыштуу Фондго тиешелүү архивдер;
«Фондлун архивдери» - сүрөт жана видеотасмаларды, үн жазууларды.
компьютердик программаларды, ошондой эле Фондго тиешелүү маалыматтарды камтьгган диск же пленкаларды кошкондо, барды к жазуулар, кат алышуулар, документтер жана башка материалдар;
«Фонддун кеңешинин мучөлерү» - Фонддун Тараптарынын Фонддун Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, анын ичинде Фонддун Кенешинин Төрагасы жана анын Уставдын 8-беренесинин 2-пунктуна ылайык дайындалган орун басарлары;
«Фонддун кызмат адамдары» - Фонддун башкармалыгынын мүчелөрү, Башкармалыктын терагасын жана 2014-жылдын 24-ноябрындагы Макулдашууга ылайык дайындалган анын орун басарларын кошкондо;
«Фонддун кызматкерлери» - Кыргыз Республикасынын аймагында Фонддун ишине байланышкан иштерди аткаруу ү^үчи Фонд тарабынан жалданган жана штаттык кызматты ээлеген персонал;
«Фонддун жумушчулары» - Фонддун ишин тейлеө боюнча милдеттерди аткаруучу, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен Фонд тарабынан жалданган техникалык персонал;
«үй-бүлө мүчөлөрү» - жолдошу (жубайы) жана жашы жете элек балдары.
3-берене
Фонддун имараты кол тийгис. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү Фонддун Башкармасынын төрагасынын же анын кызматын аткаруучунун макулдугу менен гана аларга жүктөлген функцияны аткаруу үчүн Фонддун имаратына кире алышат. Макулдук менен Фонддун имаратына кирген ар бир адам, Фонддун Башкармасынын төрагасынын же анын кызматын аткаруучунун өтүнүчү боюнча имараттан токтоосуз чыгып кетет.
Фонддун имараты ар кайсыл мамлекеттин мыйзамы боюнча куугунтукталган же өткөрүтт берүүгө тийиш болгон адам дар га баш калкалоочу жай катары кызмат кылбайт.
Фонддун имаратынын кол тийбестиги анын функцияларына ылайык эмес же Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна, анын жеке жана юридикалык жактарынын кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү максаттарда пайдаланууга укук бербейт.
4-берене
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган же мында туруктуу жашабаган Фонддун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине тийиштүү аккредитациялык карточкаларды аккредитациялоону жана тариздөөнү камсыздашат.
5-берене
Фонддун кызмат адамдары, кызматкерлери жана Кыргыз Республикасында алар менен бирге жашаган уй-бүлө мүчөлөрү:
а) фонд тарабынан төлөнүүчү эмгек акыга жана башка сыйакыгасалык салуудан бошотулат;
б) бардык милдеттүү мамлекеттик милдеттерден бошотулат;
в) иммиграция боюнча чектөөлөрдөн жана чет өлкөл\'к жаран катары каттоодон бошотулат;
г) ташуу, сактоо, ал үчүн аныкталбаган жайларда же тийиштүү бажы органдарынын иштеө убактысында эмес жана ушул түрдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү бажылык тариздөө үчүн жыйымдардан тышкары, бажы алымынан, салыктардан жана предметтер менен баштапкы буюмдарды күтүү жана жеке пайдалануу үчүи багытталган башка мүлккө ушул жыйымдар менен байланышкан төлөмдөрдөн бошотулат. Жогоруда аталган предметтерди жана мүлктү башка максатта колдонуу, анын ичинде сатуу, колдонуута берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы салыгын төлеөгө жана башка талаптарды аткарууга алып келет;
д) эл аралык кризис учурунда дипломатиялык өкүлдөр пайдаланган репатриация боюнча жеңилдиктерди пайдаланышат.
«а», «б», «в», «г», «д» пункттары Кыргыз Республикасынын жарандары болгон же мында туруктуу жашаган, Фонддун кызмат адамдарына, кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчелөрүнө, ошондой эле Фонддун жумушчуларына жайылтылбайт.
«а» жана «г» пункттары Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген Фонддун кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлерунө жайылтылбайт.
Эгер Фонддун өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын тийишгуү компетентгуү органдары зарыл болгон убактылуу мөенөтү'н узартууну беришсе, Кыргыз Республикасынын жарандары болгон Фонддун кызмат адамдары жана кызматчылары аскердик милдетин өтөөден бошотулат.
Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген Фонддун кызмат адамдары жана кызматкерлери эл аралык укукка ылайык Кыргыз Республикасында тийиштүү рангдагы дипломатиялык өкүлдөргө берилүүчү жана Кыргыз Республикасынын практикасында колдонулган артыкчылыктарды, иммунитеттерди жана жеңилдиктерди пайдаланышат.
Фонд ушул Макулдашууга ылайык Фонддун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине, ошондой эле ушул берененин жоболору колдонулуучу башка адамдарына артыкчылыктарды жана иммунитеттерди берүү максатында мындай адам жөнүнде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине маалымдайт.
кызматтык функцияларын түздөн-түз аткарууда жасалган иш-аракеттери боюнча Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына тиешелүү эмес:
а) Фондго таандык транспорттук каражат менен жасалган жол- гранспорт кырсыгына байланыштуу Фондго, аны башкарган кызмат адамына же кызматкерге зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доомаггардан;
б) кызмат адамы же кызматкер тарабынан жасалган аракеттин натыйжасыида өлүмгө же денеге залал келтирүүгө байланышкан дооматтардан.
8- берене
Атайын аныкталган жерлерден башка жерлерде же тийиштүү бажы органынын иштеген жеринен бөлөк же иштөө убактысынан башка убакытта алып өткөндүк, сактагандык, бажылык тариздегендик жана ушул сыяктуу кызмат керсөтүүлөрден башка учурларда Фондго расмий пайдалануу ү^үн арналган буюмдар жана башка ташылып келүүгчү мүлк бул үчүн эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү үчүн каралган тартипте Кыргыз Республикасында бажы телөмдөрүнон, салыктардан жана ушуга байланыштуу жыйымдардан бошотулат. Аларды башка максаттарда пайдалануу, анын ичинде аларды сатуу же .пайдаланууга еткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы телемдөрүн төлөөгө жана башка талаптарды аткарууга алып келет.
9- берене
Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүгүртуүдөн алынган же жүгүртүү чектелгенден башка мүшктү, валютаны, баалуу кагаздарды жана башка финансылык инструменгтерди Кыргыз Республикасынын аймагында уставдык функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде алууга, ошондой эле аларды тескөөгө. ар кандай валютада эсептери болууга, финансылык бүтүмдөрдү жана контракттарды тү-зүүтө, өзүнө тийиштүү валютаны, баалуу кагаздарды жана башка
финансылык инструменттерди Кыргыз Республикасына жана Кыргыз Республикасынан сыртка которууга жана өзүнө таандык валютаны ар кандай башка валютага алмаштырууга укуктуу.
10-берене
Фондго расмий байланыштар үчүн Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү маалыматты беру-үдө, почталык, телеграфтык, телекстик, факсимилдик, телефондук байланышты жана байланыштын башка каражаттарын пайдалануудан кем эмес шарттар берилет.
11-берене
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары ар кандай уруксатсыз кирүүлөрдөн жана зыян келтирүүдөн Фонддун имаратын коргоо үчүн жана Фонддо тартип бузуунун алдын алуу үчун тийиштүү чараларды көрүшет. Фондго Кыргыз Республикасындагы эл арачык уюмдарга же алардын өкүлчүлүктөрүнө көрсөтүлгөндей эле коргоо көрсөтүлөт. Фонддун етүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары Фонддун ичиндеги тартипти калыбына келтирүү үчүн жана Фонддун имаратындагы тартип бузуучуларды чыгаруу үчүн укук коргоо органдарынан зарыл болгон сандагы кызматкерлерин беришет.
12-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Фонддун иши үчүн зарыл болгон кызматтык имараттарды жана жабдуулзрды тандоодо Фондго көмөк көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Фонддун иши үчүн зарыл болгон кызмат көрсетүүлердү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы ар кандай эл аралык уюмдарга же алардын екүлчүлүктерүно берилүү^ү шарчтардан кем эмес ыңгайлуу шарттарда Фонддун имаратын кармоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү Фонддун алуусун камсыздайт.
13-берене
Фонд өзүнүн белмө-жайларында желегин, эмблемасын же өзүнүн башка символикасын иле алат. Символиканы башка жерлерде жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашылууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Өкметү кызматтык иштер боюнча Кыргыз Республикасына келүүчү төмөндөгү адамдардын Кыргыз Республикасына киришине, жүрүшүне жана чыгышына жардам берүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрет:
а) Фонддун Кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрүнө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө;
б) Фонддун кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө;
в) Фонддун Кенешинин мүчөлөрүн коштоочу эксперттерге.
14-берене
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонуута байланышкан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмнту менен Фонддун ортосунда сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
Фонддун ишинин жүрүшүнде Тараптардын ортосунда пайда болгон талаштар менен карама-каршылыктар Уставда каралган тартипте чечилет.
15-берене
Тараптардын ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү езгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
16-берене
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган датадан тартып убактылуу колдонулат жана ушул Макулдашуунун кү^үнө кирү\'сү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирүүнү Фонд алган датадан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын аймагында Фонд ишин токтоткон учурда, Кыргыз Республикасында Фонд катышуучу болгон бардык мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктук мамилелер жөнгө салынгандан кийин бул Макулдашуу күчүчт жоготот.
_______ шаарында 2015-жылы «______» ______ ар бири кыргыз жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында эки текст тең бирдей юридикалык күчкө зэ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
| Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду үчүн
|