Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-июну № 278-р
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) Бишкектеги борборунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги борборунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциитүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары "КР КМ" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, жана мындан ары "ЕККУнун Борбору" деп аталуучу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги борбору, биргеликте "Тараптар" деп аталып,
коргонууну жана коопсуздукту бекемдеөнү жана ошондой эле терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин көтөрүү жолу менен Кыргыз Республикасынын дараметин мындан ары бекемдөе зарылчылыгын таанып,
коргоо, коопсуздук, терроризмге каршы аракеттенуү жана туруктуу өнүктүрүү жаатында Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле доктриналарды, стратегияларды, концепцияларды, программаларды жана башка саясий документтерди аткаруу зарылчьшыгына ишеним артуу менен,
мындан ары "ЕККУ" деп аталуучу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун коопсуздук секторуна ар тараптуу реформаларды жүргүзүүгө жана эл аралык келишимдердин универсалдуу жоболорун, БУУнун Коопсуздук кенешинин резолюцияларын жана ЕККУнун коргоо, коопсуздук, терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы жетекчиликке алынган документтерин аткарууга багытталган куч аракеттерин колдоп,
КР КМ менен ЕККУнун Борборунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон каалоону өзгөчө белгилөө менен, төмөнкүлөр женүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1-берене
Ушул Макулдашуунун предмета КР КМнын терроризмге каршы аракеттенүүчү бөлүнүштөрүнүн ишин өркүндөтүү жана жакшыртуу, коргоону жана коопсуздукту чыңдоо, ошондой эле мындан ары "долбоордук иштер" деп аталуучу ишенимди бекемдөе болуп саналат.
Тараптар төменкү иш-чараларды ишке ашыруу жолу менен КР КМнын потенциалын жогорулатууга багытталган долбоордук иштерди аткаруу максатында кызматташтык жөнүндө макулдашты:
- КР КМнын бөлүнүштөрүн каржылоо жана жабдууга материалдык-техникалык жардам көрсөтүү;
- окутууну жана/же зарылдыкка жараша КР КМнын кайрылуусуна ылайык уюпггуруу жана өткөрүү жолу менен КР КМнын бөлүнүштөрүнүн потенциалын жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын башка күч түзүмдөрүнүн катышуусу менен биргелешкен машыгууларды өткөрүү;
- коопсуздукту камсыздоо жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык институттар жана башка чет өлкөлүк өнөктештөр менен кызматташтыкты түзүү жана өнүктүрүү;
- ишенимди жана коопсуздукту чындоо чараларына көмөк көрсөтүү;
- 2011-жылдагы Вена документа, Коопсуздуктун аскердик саясий аспекттери боюнча жүрүм-турум кодекси боюнча жыл сайын өтүүчү конференцияларга, верификациялык борборлсрдун жетекчилеринин кеңешмелерине, жыл сайын өтүүчү куралдарды контролдоо боюнча жолугушууларга КР КМнын екүлдөрүнүн катышуусуна жардам берүү;
- 2011-жылдагы Вена документинин алкагында КР КМнин ЕККУ менен байланыштык коммуникациялык тармагын кармоону каржылоого жардам көрсөтүү;
- аскердик-саясий кызматташтык боюнча ЕККУ жана/же башка эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү башка программаларга, окууларга жана иш-чараларга катышуу.
Долбоордук иштерди аткаруунун алкагында Тараптар ар бир календардык жылга иш-чаралардын планын иштеп чыгышат жана бекитишет.
2-берене
Долбоордук иштерди жүзегө ашыруу максатында КР КМ ЕККУнун Борборуна төмөнкүдөй көмөк керсөтөт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте ылайыкталган бөлмөлердү (окуу класстарды) берүү жана КР КМ өкүлдөрүн окутуусун камсыздоо үчүн ЕККУнун Борборунун өкүлдөрүнун кирүүсүн камсыздоодо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биргелешкен машыгууларды еткөрүү үчүн окутуу полигондорун берүүдө;
- керек болгон учурда долбоордук иштин алкагында иш-чараларды транспорт менен камсыздоодо;
- ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруунун алкагында ЕККУнун Борбору тарабынан долбоордук ишти мониторинг кылууга мүмкүнчүлүктү камсыздоого, ошондой эле долбоордук иштин алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды баалоого, ЕККУнун Борбору менен бирге катышууга, керектүү корутундаларды жана сунуштарды иштеп чыгууга;
-КР КМ өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоого, ушул Макулдашуунун долбоордук иш-чараларын жүзөгө ашыруунун алкагында өткөрүлүүчү биргелешкен машыгууларга, алардын тематикасына ылайык
3-берене
Долбоордук ишти аткаруу максатында ЕККУнун Борбору төмөнкүлөргө кемөк көрсөтет:
- ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган иш-чараларды ишке ашыруута;
-терроризмге каршы күрөшүүгө катышкан КР КМнын аскер кызматчыларынын кесиптик деңгээлин жогорулатууга;
-КР КМ менен бирге долбоордук ишти координациялоого;
-долбоордук иштин аткарьшышынын мониторингине катышууга, долбоордук иштин алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды баалоого жана керектүү корутундуларды жана сунуштарды иштеп чыгууга.
4-берене
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Тараптар төмөнкүлөргө милдеттенет:
-долбоордук ишти аткарууну камсыздоого;
-долбоордук ишти жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган купуя жана ачыкка чыгарылбоочу маалыматты Тараптардын ар биринин алдын-ала макулдутусуз ачыкка чыгарбоого жана учүнчү тарапка бербөөгө.
Долбоордук ишти аткаруу максатында Тараптар ездерүнүн долбоордук ишти жүргузүүдө кат алмашуу жолу менен Тараптарды көрсөтуүгө ыйгарым укуктарга ээ болгон өкүлдөрүн дайындашат.
5- берене
Долбоордук иштерди каржылоо ЕККУнун Борборунун жалпы жылдык бюджетинен, ошондой эле КР КМ үчүн тийиштуу жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде КР КМнын жарым-жартылай техникалык колдоосу менен ишке ашырылат.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча долбоордук иштерди каржылоо ЕККУнун Борборунун бюджеттен тышкаркы каражаттарынын, мүмкүнчүлүк болгон учурда ЕККУнун донор өлкөлөрүнүн эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн.
6- берене
Долбоордук ишти аткаруу үчүн ЕККУнун Борборунун каражаттарына сатылып алынган мындан ары «долбоордук мүлк» деп
аталуучу мүлк ЕККУнун Борборунун мүлкү болуп эсептелет жана Макулдашуунун 1-беренесине ылайык долбоордук ишти жүзөгө ашьфуу үчүн колдонулат.
Мында, долбоордук мулктүн бөлүгү ЕККУнун Борборунун аныктоосу жана КР КМ менен макулдашуу боюнча КР КМге өткөрүлүп берилет.
Долбоордук мүлктүн тизмегин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕККУнун Борборунун тартиптерине жана процедураларына ылайык Тараптар аныкташат.
Долбоордук мүлктү КР КМнын балансына еткөрүп берүү тийиштүү актыга Тараптардын ыйгарым укуктуу адамдарынын кол коюусу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Долбоордук иштин алкагывда КР КМнын менчигине берилүүчү долбоордук мүлк ЕККУнун Борбору тарабынан көрсетүлгөн гуманитардык жардам болуп эсептелет.
КР КМ долбоордук мүлктүн так эсебин жүргүзөт жана туура колдонулушуна, туура абалда кармалышына толук жоопкерчиликти алат. Бул эсептердин маалыматтары ЕККУга биринчи талап менен берилет.
Алынган милдеттенмелер Макулдашуунун күчүн жоготкондугуна жана токтотулгандыгына карабастан күчүндө кала беришет.
Эгерде долбоордук мүлк туура эмес колдонулса же ушул Макулдашуунун шарттары аткарылбаса, ЕККУнун Борборунун талабы боюнча КР КМ долбоордук мулктү ЕККУнун Борборуна 30 (отуз) күндүн ичинде кайтарып берүүгө милдеттенет.
7-берене
ЕККУнун Борбору ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагьшда үчүнчү тараптардын дооматтары, анын ичинде Ушул Макулдашууда каралган жардам көрсөтүүнүн жүрүшүндө келип чыккан дооматтар боюнча кандайдыр-бир жоопкерчилик тартпайт.
8-берене
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашуунун айрым жоболору алып салынышы, өзгөрүшү жана толукталышы мүмкүн. Киргизилген оңдоолор ушул Макулдашуунун ажыратылгыс белугу болуп саналуучу өзүнчө протоколдор менен таризделет жана Макулдашуунун 12-беренесине ылайык күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу ал жеткис кырдаал (форс-мажор) түзулгөн учурда Тараптардын биринин демилгеси боюнча бузулушу мүмкүн. Мындай учурда Макулдашуу аны аткаруу мүмкүн болбой калган учурдан баштап бузулду деп эсептелет.
9-берене
Ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга жана чечмелөөгө байланыштуу талаш-тартыштар келип чыккан учурда Тараптар аларды сүйлөшүүлөрдү жана/же консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечишет.
10-берене
Ушул Макулдашуунун жоболорунун же ага тиешеси бар жоболордун эч бири ЕККУнун Борбору жана анын расмий өкүлдөрү пайдаланган артыкчьшыктардан жана иммунитеттен баш тартуу деп эсептелбейт.
11-берене
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө иштелип чьпскан бардык материалдарга жана ойлоп табууларга, анын ичинде автордук укуктар жана иатенттер менен чектелбестен берилген бардык укуктар Тараптардын менчигинде гана болот.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптар зэ болгон интеллектуалдык менчикке укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Тараптардын ортосунда тиешелүү келишимдерди түзүү аркылуу үчүнчү тарапка берилиши жана/же үчүнчү таран пайдаланышы мүмкүн.
12-берене
Ушул Макулдашуу Тараптар ага кол койгон убактан баштап күчүнө кирет жана Долбоордук иш менен байланышкан милдеттенмелер аткарылганга чейин колдонууда болот.
Бишкек шаарында 2015-жылдын "_____"_____ кыргыз, орус жана англис тилдеринде эки нускада аткарыллы, алар бирдей юридикалык күчкө ээ жана Тараптардын архивдеринде ар бир тилде 1 (бир) нускадан сакталат.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, Тараптар англис тилиндеги текстке таянышат.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атынан:
| Бишкектеги ЕККУнун Борборунун атынан:
|