Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 25 марта № 125-б
Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу жана профилактикалык иштерди жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2015-2017-жылдарга балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- белгиленген мөөнөттө Иш-чаралар планын милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылышсын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жыйынды маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |
Тиркеме
2015-2017-жылдарга балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөттөрү | Аткаруучулар | Күтүлүүчү натыйжалар |
1. Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча жалпы улуттук маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын өткөрүү | ||||
1 | Балдарды тарбиялоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган социалдык жарнамаларды (5 роликти) даярдоо жана көрсөтүү | 2015-жыл | ММТМ, СӨМ, ССМ, БИМ, ИИМ, КТРК (макулдашуу боюнча) | Коомдо салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды түзүү, баланы тарбиялоо боюнча ата-эненин жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу |
2 | Балдарга карата ырайымсыз мамилелерге, анын ичинде аларга карата дене-бойлук, эмоциялык, сексуалдык зомбулукка жана алардын керектөөлөрүн күндөлүк тиричиликтин айынан тоготпой коюуга жол бербөө жөнүндө тематикалык рубрикаларды, макалаларды жана ар кандай маалыматтарды ЖМКда жайгаштыруу | Дайыма | ММТМ, СӨМ, ССМ, БИМ, ИИМ, ЖМК (макулдашуу боюнча) | Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча жарыялоолордун санынын көбөйүшү |
3 | Балдар, ата-энелер, мугалимдер, балдар менен иштешкен адистер үчүн адаптацияланган жана балдардын кызыкчылыгы үчүн балдардын укуктары жөнүндө радио жана телеберүүлөрдү уюштуруу | Дайыма | ММТМ, СӨМ, ССМ, БИМ, ИИМ, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, КТРК (макулдашуу боюнча) | Баланын укуктары жөнүндө радио жана телеберүүлөрдүн санынын көбөйүшү. Калктын, балдардын ата-энелеринин, мугалимдердин баланын укуктары жөнүндө маалымдуулугунун жогорулашы |
4 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык өнүгүү тутумунун уюмдарында баланын укуктары жөнүндө стенддерди тариздөө | 2015-жылдын 1-жарым жылдыгы | БИМ, ССМ, СӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Баланын укуктары жөнүндө таризделген стенддердин болушу |
5 | Билим берүү уюмдарында класстык сааттарды, ата-энелердин чогулуштарын, баланын укуктары, баланы тарбиялоого, окутууга жана багууга ата-энелердин жоопкерчилиги жөнүндө маселелер боюнча билим сабактарын өткөрүү | Дайыма | БИМ, ЭМЖМ | Класстык сааттардын, ата-энелердин чогулуштарынын, баланын укуктары боюнча билим сабактарынын ж.б. санынын көбөйүшү. Балдардын укуктук жана социалдык корголушунун деңгээлинин жогорулашы |
6 | Балдарга карата ырайымсыз мамилелерге жана зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол бербөө жана аныкталган учурлар жөнүндө маалыматтарды укук коргоо органдарына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүнүштөрүнө берүү жөнүндө калкка түшүндүрүү иштерин айылдык саламаттык сактоо комитеттерин тартуу менен жүргүзүү | Дайыма | ИИМ, БИМ, СӨМ, ССМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Зордуктан жана сексуалдык эксплуатациядан жабыркаган балдардын медициналык, социалдык-психологиялык, укуктук жардамдарды өз убагында алуу кепилдигинин камсыздалышы |
7 | Адеп-ахлактык тарбиялоо, үй-бүлөлүк баалуулуктар, балдарды коргоо жана ата-энелердин балдарды тарбиялоодон жана окутуудан качуусуна, балдарга карата ырайымсыз мамилеге жана зомбулукка болгон жоопкерчилик маселелери боюнча жаштар жана жаш үй-бүлөлөрдүн катышуусу менен иш-чараларды өткөрүү | Дайыма | ЭМЖМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу үчүн жаштардын жана жаш үй-бүлөлөрдүн зомбулуксуз өнөктөштүк жүрүм-турумун калыптандыруу. Ата-энелердин маданий жана адеп-ахлактык деңгээлин, алардын балдарды тарбиялоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатуу |
8 | Балдар үчүн маданий-жалпы иш-чараларды (өздүк көркөм чыгармачылык кружоктору, балдар майрамдары, фестивалдар, конкурстар, диспуттар, театрларга, музейлерге баруу ж.б.) уюштуруу | Дайыма | БИМ, ММТМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Баланын ички потенциалынын толук ачылышына, анын жеке руханий, адеп-ахлактык, эстетикалык өнүгүүсүнө мүмкүндүк берүүчү ар кандай деңгээлдеги конкурстук иш-чараларга катышкан балдардын санынын көбөйүшү |
9 | Өспүрүмдөр жана балдар, анын ичинде калктын социалдык аялуу катмарларынын балдары үчүн жеткиликтүү спорттук жана чыгармачылык секцияларды, ийримдерди түзүү | 2015-2017-жылдар | БИМ, Спорт агенттиги, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Асоциалдык жүрүм-турумдагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн, тамеки тартууга, алкогол ичүүгө, баңги зат, психотроптук, ууландыруучу, психоактивдүү заттарды колдонууга тартылган балдардын санынын кыскарышы |
10 | Айылдык клубдарда, китепканаларда, жалпы билим берүүчү мектептерде жашы жетпегендердин укуктары боюнча "Сенин укугуң - сенин милдеттериң", "Сен укуктуусуң", "Жаңы кылымдагы баланын укуктары" темасында иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу | Дайыма | ММТМ, БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Турмуштук оор кырдаалдарын алардын жашоосуна коркунучсуз чечүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө балдардын маалымдуулугу |
11 | Айылдык клубдарда, китепканаларда үй-бүлөдө баланы тарбиялоого карата терс стереотиптер, көз караштар менен күрөшүүгө багытталган тематикалык иш-чараларды уюштуруу | Дайыма | КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Балдардын кызыкчылыктарына тийиштүү чечимдерди кабыл алууда алардын катышуу мүмкүнчүлүгү жоктугуна байланыштуу эски терс стереотиптерди жеңүү |
12 | Балдарга карата ырайымсыз мамилелерди жана зомбулуктарды болтурбоо, үй-бүлөлүк баалуулуктар жөнүндө диний уюмдардын (диний окуу мекемелери, мечиттер, чиркөөлөр, синагогалар, сыйынуучу үйлөр ж.б.) өкүлдөрүнүн катышуусунда калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Дайыма | Дин иштери боюнча мамкомиссия (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Балдарды жана жаштарды руханий, адеп-ахлактык тарбиялоо деңгээлин көтөрүү |
2. Турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү жана балдарды эртерээк аныктоо боюнча иштерди уюштуруу | ||||
13 | Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды, анын ичинде ички жана тышкы мигранттардын балдарын аныктоо максатында үй-бүлөлөрдү үймө-үй кыдырып текшерүү | 2015-жылдын III-IV кварталдары | СӨМ, БИМ, ССМ, ИИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, анын ичинде ички жана тышкы мигранттардын балдарына укуктук, социалдык жардамды өз убагында көрсөтүү |
14 | Балдарга карата ырайымсыз мамилелер жана зомбулуктар аныкталган учурда маалыматтарды берүү үчүн мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына "ишеним телефондорунун" иштөөсүн камсыз кылуу | 2015-2017-жылдар | ИИМ, СӨМ, ССМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Балдарга карата ырайымсыз мамилелер жана зомбулук көрсөтүлгөн учурларды аныктоо үчүн маалыматтарды берүү механизмин түзүү |
15 | Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин алдын алуу боюнча ички иштер бөлүмдөрүнүн жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын профилактикалык иштерин күчөтүү | 2015-2017-жылдар | ИИМ | Балдарга карата ырайымсыз мамилелер жана зомбулук көрсөтүлгөн учурларды алдын алуу жана алардын санын азайтуу |
16 | Саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлдеги уюмдарынын медициналык кызматкерлерин зомбулукка байланышкан учурлар менен иштөө маселелери боюнча окутуу (педиатрлар, терапевттер, хирургдар, акушер-гинекологдор, үй-бүлөлүк дарыгерлер, психиатрлар, медициналык тез жардамдын персоналы жана башка адистер) | 2015-жылдын ичинде | ССМ | Саламаттык сактоонун баштапкы деңгээлдеги уюмдарынын окутулган кызматкерлеринин санынын көбөйүшү. Ырайымсыз мамилелерге жана зомбулукка кабылган балдарга өз убагында жана сапаттуу комплекстик медициналык-санитардык жардам көрсөтүү |
17 | Жалпы билим берүүчү уюмдардын социалдык педагогдорун зомбулукка кабылган балдарды аныктоо жана психологиялык жардам көрсөтүү методдоруна окутуу | 2015-жылдын ичинде | БИМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Зомбулукка кабылган балдарга психологиялык жардам көрсөтүү маселеси боюнча окутулган жалпы билим берүүчү уюмдардын социалдык педагогдорунун болушу |
18 | Райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери жана социалдык кызматкерлери үчүн балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктардын алдын алуу боюнча жоопкерчиликтери жөнүндө семинарларды өткөрүү | 2015-2016-жылдар | СӨМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КЭУ (макулдашуу боюнча) | Окутулган адистердин болушу |
19 | Маалыматтык стенддерге жана класстык бурчтарда ишеним телефондорунун номерлерин жана "ишеним почтасын" жайгаштыруу жолу менен теңтуштары тарабынан ырайымсыз мамилеге, психологиялык зомбулукка кабылган фактылардын учурларында балдардын адистерге (социалдык педагогдорго) жашыруун кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу | Дайыма | БИМ | Жашы жете электердин психологиялык абалынын жакшырышы, алардын позитивдүү маанайынын калыптанышы жана келечекке болгон ишеними |
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу | ||||
20 | Балдарга карата ырайымсыз мамилелер жана зомбулук көрсөтүлгөн учурларды аныктоо максатында менчигинин түрүнө карабастан балдардын интернат мекемелеринин ишине мониторинг жүргүзүү | Жыл сайын | СӨМ, БИМ, ССМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ырайымсыз мамилелер жана зомбулук көрсөтүлгөн учурлардын алдын алуу |
21 | Укук коргоо, саламаттык сактоо органдарына балага карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук көрсөтүлгөндүгү боюнча ар кандай шектенүүлөр жөнүндө токтоосуз билдирүү талаптарын жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилеринин жана мугалимдеринин сактоосу | Дайыма | СӨМ, БИМ, ССМ | Балага карата ырайымсыз мамилелер жана зомбулук көрсөтүлгөн учурларга укук коргоо органдарынын өз убагында чара көрүүлөрү |
22 | Балага карата көрсөтүлгөн ырайымсыз мамилелердин, зомбулуктун ар бир аныкталган учурларын тыкыр иликтөө | Ар бир аныкталган учурда | ИИМ | Балага карата ырайымсыз мамилелер жана зомбулук көрсөтүлгөн ар бир учур боюнча көрүлгөн чаралардын болушу |
23 | Эмгек мигранттарынын - Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдарын эсепке алууну уюштуруу жана маалыматтарды райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына өз убагында жиберүү | Жыл сайын | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), СӨМ, ЭМЖМ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, социалдык өнүгүү органдарында балдары туугандарынын же башка адамдардын багуусунда турган эмгек мигранттарынын - Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдарынын маалыматтар базасынын болушу |
24 | Жайсыз үй-бүлөлөрдүн маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү | Дайыма | СӨМ, ИИМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жайсыз үй-бүлөлөрдүн маалыматтар базасынын болушу |
25 | Аныкталган жайсыз, балдары бар үй-бүлөлөр жөнүндө маалыматтарды социалдык өнүгүү, саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер органдарынын ортосунда ыкчам алмашуу | Дайыма | СӨМ, CСM, БИМ, ИИМ | Жайсыз үй-бүлөлөр менен иш алып баруу боюнча социалдык өнүгүү, саламаттык сактоо, билим берүү, ички иштер органдарынын өз ара аракеттенүүлөрүнүн жана маалымат алмашууларынын жакшырышы |
26 | "Зомбулуксуз мектеп" пилоттук долбоорун ишке киргизүү | 2015-жылдын ичинде | БИМ, ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча) | "Зомбулуксуз мектеп" модели киргизилген жалпы билим берүүчү мектептердин санынын көбөйүшү |
27 | Жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилеринин жана мугалимдеринин окуу сабактарында баланын жоктугуна анын себептерин аныктоо менен ыкчам чараларды көрүүсү | Дайыма | БИМ | Опузалоо, ырайымсыз мамиле жана зомбулук көрсөтүү себептери боюнча сабактарга келбеген балдардын санын аныктоо |
4. Балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук көрсөтүлгөн учурларда жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу | ||||
28 | Ырайымсыз мамиледен жана зомбулуктан коргонуу көндүмдөрүнө балдарды окутуу жана сабактардын тематикаларын иштеп чыгуу | Дайыма | БИМ, ЭМЖМ | Ырайымсыз мамиледен жана зомбулуктан коргонуу көндүмдөрүнө окутулган балдардын санынын көбөйүшү |
29 | Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүгө багытталган мамлекеттик социалдык заказдын алкагында социалдык кызматтарды өнүктүрүү | Жыл сайын | СӨМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү |
30 | Зомбулуктун курмандыгы болгон балдарга психологиялык-психиатриялык жардамдарды көрсөтүү | Ар бир аныкталган учурда | ССМ, КЭУ (макулдашуу боюнча) | Зомбулукка кабылган балдарга психологиялык-психиатриялык жардамдарды өз убагында көрсөтүү |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги |
ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
Байланыш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
Спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
Дин иштери боюнча мамкомиссия | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
ЖМА | - | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
ЖӨБО | - | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук теле-радио берүү корпорациясы |
ЖМК | - | Жалпыга маалымдоо каражаттары |
ЮНИСЕФ | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду |
КЭУ | - | коммерциялык эмес уюмдар |
|
|