Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-июну № 283-б
Бишкек шаарында өтө турган "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасында жана тамак-аш өнөр жайыкда өндүрүштүк-сатуу чынжырчасы" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасында жана тамак-аш өнөр жайында өндүрүштүк-сатуу чынжырчасы" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүмөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүне жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Касымалиев Адылбек Алешович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министри, делегациянын жетекчиси; |
Айдаралиев Таалайбек Алимбекович | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри, делегациянын жетекчисинин орун басары. |
Делегация мүчөлөрү:
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Панкратов Олег Михайлович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министри; |
Нышанов Сайдулла Камболотович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Дыйканбаев Курманбек Сапарович
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ибраев Таалайбек Омукеевич
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Турганбаев Толон Самудинович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун орун басары; |
Чуйков Николай Алексеевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Жээналиев Алмаз Жээналиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкармалыгынын начальниги. |