Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-июну № 284-б
Кыргыз Республикасынын калкын Евразия экономикалык союзунун шарттарына социалдык адаптациялоо, эмгек ресурстарын сактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын калкын Евразия экономикалык союзунун шарттарына социалдык адаптациялоого, ошондой эле эмгек ресурстарын сактоого карата иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык түзүлсүн,
2. Жумушчу топ 2015-жылдын 10-августуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын калкын Евразия экономикалык союзунун шарттарына социалдык адаптациялоо, ошондой эле эмгек ресурстарын сактоо боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жана башка аткаруу бийлиги органдарынын кызматкерлерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Aппaратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Ниязалиева Дамира Абаскановна | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич | - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Асанбаев Алмаз Жолчуевич | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Джакыпов Кылычбек Джумадилович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Джапаркулов Рыскулбек Эсенбекович | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; |
Шаикова Алина Кавылбековна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы; |
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы; |
Исаев Канатбек Кедейканович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Кайыпов Аманбай Кайыпович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Каптагаев Эмилбек Саламатович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Джуманазаров Байышбек Токтомушевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Эгамбердиева Джумагуль Шариповна | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Жеенбеков Сооронбай Шарипович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Разаков Жениш Парпиевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. |