Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 25-июну № 266
1. Соттолгондорду кармоо үчүн атайын комплекстин (мындан ары - Атайын комплекс) курулушуна байланыштуу маселелерди иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия үч жумалык мөөнөттө Атайын комплексти долбоорлоого, курууга жана эксплуатациялоого байланыштуу маселелерди иликтесин жана жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин кароосуна сунуштама киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын аткаруу бийлиги органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматты сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлумүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Соттолгондорду кармоо үчүн Атайын комплекстин курулушуна байланыштуу маселелерди иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Каримбеков Алик Жолдошмаматович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Алпаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Сатывалдиев Калыбек Ажибекович | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрикин орун басары |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - Финансы министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын директору; |
Кубатбеков Чынгыз Курманбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Орозалиев Нурлан Султанович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Абдыбеков Азаматбек Мелисбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Султаналиев Туруспек Омурович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Джаныбеков Акылбек Кадырович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Чаяхметов Бауыржан Жыргалбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Алпаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлумүнүн инспектору; |
Шеменов Айбек | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкармалыгынын башчысы; |
Ниязбаев Аип Сулайманович | - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин "Аскер Курулуш" мамлекеттик ишканасынын башкы инженери. |