Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 24 июня № 290-б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташтык жана координациялоо боюнча Түрк агенттигинин ортосундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыларын башкаруунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү" долбоору боюнча кызматташтык жөнүндө протоколдун долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Премьер-министрннин Аппаратына караштуу Кызматташтык жана координациялоо боюнча Түрк агенттиги (ТИКА), мындан ары "Тараптар" деп аталып, алар 2006-жылдын 5-сентябрында Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасындагы ТИКА программасынын координациялык кеңсесинин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Републикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуунун алкагында төмөнкулер жөнүндө макулдашышты:
Ушул Протоколдун максаты "Бюджеттик пландаштыруунун маалыматтык системасы" жана "Казыналыкты башкаруунун маалыматтык системасы" багыттары боюнча "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыларын башкаруунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү" (ИСУГФ) долбоорунун алкагында зарыл иштерди жүргүзүү болуп саналат.
"Бюджеттик пландаштыруунун маалыматтык системасы"- бюджетти болжолдоонун маалыматтык системасы, бюджеттик сунуштарды кабыл алуу жана аларды консолидациялоо, бюджетти даярдоо жана аны бекитүү процесстери.
"Казыналыкты башкаруунун маалыматтык системасы" - бюджетти аткаруунун маалыматтык системасы, бухгалтердик эсеп процесси, акча каражаттарын башкаруу жана ички жана тышкы карызды башкаруу.
1. Ушул Протоколдун 1-беренесинде көрсөтүлгөн иштер ТИКА, Түркия Республикасынын Казыналыгынын катчылыгы, Түркия Республикасынын
Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте аткарылат.
2. Ушул Протоколдун 1 -беренесинде көрсөтүлгөн багыттар боюнча тараптар бул иштерди жүргүзүүчү айрым долбоордук топторду түзүшөт.
3. Долбоордук топторго ар бир багыт боюнча Түркия Республикасынын тиешелүү мекемелеринин эң аз дегенде үч кызматкери жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жок дегенде үч кызматкери кирет.
4. Түзүлгөн долбоордук топторду ар бир Тараптын бирден кызматкери координациялайт.
1. Ушул Протоколдун 1-беренесинде көрсөтүлгөн долбоордун ар бир багыты боюнча экиден кем эмес профилдик адисти жана кеминде бир ИТ-адисин берет. Ар тараптуу иштерди жүргүзүү үчүн кеминде 3 адам дайындалат.
2. Түркия Республикасынын Казыналыгынын катчылыгынын жана Түркия Республикасынын Финансы министрлигинин адистери ушул Протоколдун 1-беренесинде көрсөтүлгөн багыттар боюнча зарыл болгон консультациялык колдоолорду көрсөтүшөт жана тажрыйба белүшет.
1. Ушул Протоколдун 1-беренесинде керсетулген багыттар боюнча иштин жүрүшүндө Кыргыз Тарабы таанышып чыгуу үчүн мурда даярдалган документтерди Түркия Тарапка берет, алар мисал жана шилтеме катары пайдаланылат.
2. Ушул Протоколдун 1-беренесинде керсетулген долбоордук топтордо иштөө үчүн ар бир багыт боюнча кеминде профилдик эки адис жана бирден ИТ-адисти берет жана иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыздайт.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ИТ-адистери ушул Протоколдун 1-беренесинде керсетулген багыттар боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгууга катышат жана автоматташтырылган система ишке киргизилгенден кийин колдоого алышат.
4. Түркия Республикасында жана Кыргыз Республикасында окутуу программаларынын натыйжасы катары институционалдык эс тутумдун туруктуулугун жана мурастуулугун камсыздайт.
5. Түркия Тарабынан берилүүчү матери ал дарга, жабдууларга жана кызмат керсетүүлөргө бажы алымдарын, салыктарды жана жыйымдарды төлөөдөн, анын ичинен жергиликтүү салыктарды төлөөдөн Түркия Тарабын бошотуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасындагы ТИКА программасынын координациялык кенсесиннн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун 4-беренесин колдонууну камсыздайт.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин делегациясынын Түркия Республикасында жашагандыгы жана жүргендүгү үчүн чыгымдарды телөйт.
1. Долбоордук топтордун тиешелүү адистерин бардык маселелер боюнча программалык камсыздоону иштеп чыгууну жана окутууну координациялайт жана гранттык негизде каржылайт.
2. Түркия тараптын жумушчу топторунун аныктоосу боюнча техникалык жабдууларды жана лицензияларды берет, ал ар программалык камсыздоону иштеп чыгууда талап кылынат.
3. Түркия Республикасынын Казыналыгынын катчылыгынын жана Түркия Республикасынын Финансы министрлигинин делегацияларынын эл аралык транспорттук чыгымдарын, Кыргыз Республикасында жашагандыгы жана жүргөндүгу үчүн чыгымдарды телөйт.
4. Зарыл болгон изилдөелөрдүн алкагында Түркияга жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин делегацияларынын авиаучуусунун чыгымдарын төлөйт.
Ушул Протоколго тараптардын өз ара макулдугу боюнча Тараптар өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизе алышат. Киргизилген өзгертүүлер жана толуктоолор ушул Протоколдун курамдык бөлүгү болуп саналат, алар езүнче документ менен таризделет. Ушул Протоколго киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
1. Ушул Протокол тараптардын мурда кол койгон башка эл аралык макулдашууларынан келип чыккан милдеттенмелерге таасирин тийгизбейт.
2. Ушул Протокол кол коюлган датадан баштап күчүнө кирет.
3. Ушул Протокол 3 жылдын ичинде күчүн жоготпойт. Ушул Протоколду колдонууга токтотуу женүндө тараптардын биринин жазуу жүзүндөгү маалымдоосу жок учурда, ал бир жылдан ашпаган кийинки мөөнөткө автоматтык түрде узартылды деп эсептелет.
4. Тараптардан бири кандайдыр бир себептерден улам өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда, бул Протокол бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн. Мындай учурда Тараптардын бири ушул Протоколду жокко чыгаруу тууралуу ниети жөнүндө кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү, мына ошондон кийин гана Протокол күчүн жоготот.
Ушул Протоколго 2015-жылдын "______"___________________
шаарында кыргыз, түрк жана орус тилдеринде, ар бири экиден нускада кол коюлду, үч нуска тен бирдей юридикалык күчкө ээ.
Тараптардын ортосунда ушул Протоколду колдонуу чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча кайчы-пикирлер келип чыккан учурда, орус тилиндеги текст артыкчылыктуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атынан | Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташтык жана координациялоо боюнча Түрк агенттигинин атынан
|