Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 24-июну № 289-б
1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарын жана башка мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана реформалоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча уюмдун (ЕККУ) ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине аталган Меморандумга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - "Өкмөт") менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (мындан ары - "ЕККУ") атынан чыгуучу ЕККУнун Бишкектеги борбору (мындан ары - "ЕККУнун борбору"), укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарды реформалоо жаатында тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин жетекчиликке алуу менен, ошондой эле 2003-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын түзүмдүк, усулдук жана практикалык өнүктүрүү жана реформалоону киргизүү багытында ЕККУнун керсөтүп келе жаткан олуттуу жардамын эске алуу менен,
Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды реформалоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жана алардын ишине демократиялык принциптерди киргизүү алкагында кеңеш берүүчүлүк, методологиялык, материалдык-техникалык жардам жана көмөк көрсөтүү ниетинде,
тийиштүү чаралар аркылуу коомдун, Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын ортосундагы ишенимди бекемдөө зарылдыгын таануу менен,
эл аралык алдыңкы практика жана бул тармакта тажрыйба алмашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарын реформалоо процессине баалуу салым кошууга жөндөмдүү ЕККУнун дараметин таануу менен,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
Ушул Меморандумдун максаты болуп Тараптардын ортосундагы кызматташууну камсыздоочу укуктук негизди түзүү, иштин ыкмаларын жана аларды практикалык имплементациялоо куралдарын аныктоо, Өкмөттүн деңгээлинде ишке ашырылуучу программалык документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын тутумуна иштин алдыңкы принциптерин киргизүүнүн убактылуу интервалдарын белгилөө эсептелет.
Ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында укук коргоо жана башка мамлекеттик органдары болуп төмөнкүлөр түшүнүлөт: ички иштер, улуттук коопсуздук, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча, кылмыштык-аткаруучулук тутуму, бажы, чек ара кызматы,
Финансылык чалгындоо органдары, ошондой эле баңгизаттарды контролдоо боюнча органдар.
Ушул Меморандумдун максаттарына жетүү үчүн Тараптар төменкү чөйрөлөрдө кызматташат:
1. Долбоордук ишти ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарын реформалоо.
2. Коомдук коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоодо Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын дараметин күчөтүү.
3. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын дараметин күчөтүү (анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, адамдарды сатууга, экстремизмге, терроризмге, улуттар аралык чыр-чатактарга, легалдуу эмес миграцияга, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди легалдаштырууга, адамга жана мүлккө каршы кылмышка каршы аракет кылууда, коррупцияга каршы, киберкылмыштуулук менен күрөшүүдө, жазык сот өндүрүшүнө катышкан адамдарга мамлекеттик коргоону камсыздоодо).
4. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын билим берүү тутумун өркүндөтүү.
5. Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын административдик-башкаруучулук дараметин күчөтүү.
1. ЕККУнун Бишкек шаарындагы борбору аркылуу ЕККУнун комок көрсотүүсү Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарын өнүктүрүүгө жана реформалоого багытталган бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу жүргүзүлөт.
2. Ушул Меморандумду аткаруу максатында Тараптар өздөрүнүн өкүлдөрүн дайындашат, аларга долбоордук иштерди макулдашууда жана ишке ашырууда Тараптардын атынан чыгуучу ыйгарым укуктар берилет.
3. Ар бир долбоордун иши, узактыгы жана шарттары эки Тарап менен жыл сайын макулдашылууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЕККУ тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык Өкмөттүн керектеөлорүне карата иштелип чыгат.
Долбоордук ишти каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт: 1. ЕККУнун борборунун бекитилген жалпы жылдык бюджетинин.
2. ЕККУнун муче мамлекеттери (мындан ары - "донор-мамлекеттер"), эл аралык уюмдар тарабынан бюджеттен сырткаркы салымдардын, мындай мүмкүнчүлүк болсо жана Тараптардын өз ара макулдашуусу менен.
ЕККУнун борбору төмөнкүлөргө милдеттенет:
1. Долбоордук ишти ишке ашыруунун жүрүшүндө Өкмөт, донор-мамлекеттер, ЕККУнун аткаруучулук түзүмү менен кызматташууга;
2. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарды өнүктүрүүдө Өкметке кеңеш берүүчүлүк жана материалдык-техникалык көмөк көрсетүүгө, алар төмөнкүлердү камтыйт:
1) зарылдыгына жараша жана Өкмөт менен макулдашуу боюнча кызматташуу чөйрөсүнүн жана долбоордук иштердин алкагында демилгеленген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга көмөк көрсетүү;
2) зарылдыгына жараша окууларды/тренингдерди уюштуруу жана өткөрүү аркылуу укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу;
3) коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо чөйресүндө эл аралык институттар жана башка чет элдик өнөктөр менен кызматташтыкты орнотуу жана өнүктүрүү;
4) Өкмөт жана тийиштүү укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар менен бирдикте укук тартибинин тутумунда өткөрүлгөн реформалардын мониторингине, долбоордук иштин алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларды баалоого жана корутундулар менен сунуштамаларды иштеп чыгууга катышуу;
5) укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга болгон коомдук ишенимдин деңгээлин аныктоого багытталган социологиялык сурамжылоолорду жана башка иш-чараларды өткөрүүгө комок көрсетүү;
6) билим берүү жана укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кадрларын кайра даярдоо тутумун өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
7) алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө болгон таанышуу иш сапарларын жана эл аралык эксперттерди тартууну кошуу менен алдыңкы тажрыйба алмашууга көмөк көрсөтүү;
8) тематикалык семинарларды, тегерек столдорду, конференцияларды уюштуруу жана өткөрүү.
3. Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын дараметин чыңдоо боюнча (анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, адамдарды сатууга, экстремизмге, терроризмге, улуттар аралык чыр-чатактарга, легалдуу эмес миграцияга, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди легалдаштырууга, адамга жана мүлккө каршы кылмышка каршы аракет кылууда, коррупцияга, киберкылмыштуулукка каршы күрөшуүдө, жазык сот өндүрүшунө катышкан адамдарга мамлекеттик коргоону камсыздоодо), укук коргоо ишинин башка багыттары боюнча, ошондой эле чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен чек аралык жана эл аралык өз ара.i аракеттенүү механизмдерин күчөтүү боюнча Өкметтүн аракеттерине көмөк көрсөтүүгө.
4. ЕККУнун борбору, долбоордук ишти аткаруу үчүн ЕККУнун борборунун жетекчилиги тарабынан дайындалган анын расмий адамдары, эл аралык эксперттери, кызматкерлери, өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана ЕККУнун беделине жана макамына терс таасирин тийгизе тургап бардык иш-аракеттерден алые болууга тийиш.
Өкмөт төмөнкүлөргө милдеттенет:
1. Ушул Меморандумдун 2-беренеси менен аныкталган иш чөйрөсүн ишке ашыруунун жүрүшүндө ЕККУнун борбору менен кызматташууга.
2. Ушул Меморандум менен каралган милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоого.
3. Меморандумдун алкагында демилгеленген долбоорлорду жана пландарды натыйжалуу иштеп чыгууга жана ишке ашырууга комок көрсөтүү үчүн тийиштүү чара көрүүгө.
4. ЕККУнун борбору менен бирдикте долбоордук иштин алкагында жүргүзүлүүчү иш-чаралардын мониторингин жана баалоону жүргүзүүгө жана корутундуларды, сунуштамаларды иштеп чыгууга.
5. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоордук ишти ишке ашыруу жөнүндө квартал сайын отчеттордун берилишин камсыздоого.
6. Укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар тарабынан расмий кат аркылуу окуу курстарынын жана такшалмалардын катышуучуларынын дайындалышын камсыздоого.
7. ЕККУнун линиясы боюнча өткөрүлүп берилген мүлктү ушул Меморандумду ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткорүп алууну, белүштүрүүнү жана максаттуу пайдаланууну камсыздоого.
8. Ушул Меморандумдун алкагында өткөрүлүүчү иш-чараларга укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын екүлдөрүнүн катышуусун камсыздоого, ошондой эле квалификациялуу адистерди тартууга көмөк көрсөтүүгө.
9. ЕККУнун борборунун расмий суроо-талабынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар тарабынан ушул Меморандумду ишке ашыруу маселелерине гана тийиштүү болгон маалыматтардын берилишин камсыздоого.
1. ЕККУнун борбору Өкмөт менен кызматташтыкта бул Меморандумга ылайык аткарылуучу долбоорлорду ишке ашыруунун кыскача серебин ЕККУнун катышуучу-мамлекеттерине мезгилдүү отчеттор аркылуу берип турат.
2. Долбоордук ишти аткаруунун орто-аралык же акыркы мониторингин жүзөгө ашыруу үчүн ЕККУ же донор-мамлекеттер тарабынан эксперт катарында тартылган адамдар Өкмөт менен макулдашылат.
1. Тараптар эки Тараптын биргелешкен кызматташтык иш-чараларына катышуусун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте коомчулукка жеткирүү керектигин белгилешет. Алар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
- кызматташтыкка тиешеси бар бардык жарыяланган маалыматтык документтерде ар бир Тараптардын биргелешкен долбоорлордогу ролу жана салымы белгиленет;
- Тараптардын макулдугу боюнча ушул Меморандумдун алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларда ар бир Тараптын символикасы пайдаланылышы мүмкүн.
1. Долбоордук иштин алкагында ЕККУнун борбору тарабынан сатып алынган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарына кайтарымсыз негизде өткөрүп берилет.
2. ЕККУнун борборунун менчиги болуп саналган мүлк укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарга убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн. Мүлктү убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү шарттары, аны максаттуу пайдалануу жана кайтарып берүү тартиби ЕККУнун борборунун жана тийиштүү укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын ортосундагы макулдашуу боюнча белгиленет.
3. Тараптардын макулдугу боюнча убактылуу пайдаланууга берилген мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү укук коргоо же башка мамлекеттик органга кайтарымсыз өткөрүп берилиши мүмкүн.
4. 9-берененин жоболору ушул Меморандум күчүнө киргенге чейин ЕККУ тарабынан сатып алынган мүлккө жайылтылбайт.
Тараптар ушул Меморандумду ишке ашыруунун натыйжасында алынган же долбоордук ишти ишке ашырууга байланышкан бардык документтердин .жана маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү жана Тараптардын алдын ала кат жүзүндөгү макулдугусуз ушул Меморандум менен түз же кыйыр байланышкан кандайдыр бир маалыматтарды ачыкка чыгарбоого тийиш.
1. Ушул Меморандумду ишке ашыруунун жүрүшүндо келип чыккан түрдүү пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана/же кеңешүүлер аркылуу чечилүүгө тийиш.
2. Эгерде Тараптардын бири Меморандумду андан ары натыйжалуу же талаптагыдай аткаруу мүмкүн эмес деп эсептесе, анда ал экинчи Тарап менен кеңешүүгө тийиш. Эгерде кырдаалды жөнгө салуу женүндө макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, Тараптардын бири 2 (эки) ай мурун кат жүзүндө билдирүү жөнөтүү аркылуу, долбоордук ишти ишке ашырууга байланышкан чыгымдарга компенсация төлөө зарылдыгысыз, Меморандумдун ишин токтото алат.
Ушул Меморандумда камтылган же байланышкан эч нерсе ЕККУнун борборуна же болбосо түрдүү жумушта иштеген ЕККУнун расмий адамына, кызматкерине, персоналына же эл аралык экспертине жайылтылган, Кыргыз Республикасынын жарандарын жана/же Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдарды эске албаганда, кандайдыр бир артыкчылыктардан жана иммунитеттерден көрсөтүлгөн жана божомолдонгон баш тартуу катарында эсептелбөөгө тийиш.
1. Долбоордук ишти ишке ашыруу боюнча иш-чаралар ар жылдык негизде аныкталат жана ушул Меморандумга маалыматтык баракчалар түрүндө Тараптар тарабынан бекитилген долбоорлордун концепттеринин тиркемеси менен бирдикте Тараптар тарабынан (30-январга чейин) пландаштырылат. Тиркемелер Меморандумдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Меморандум менен каалаган тиркеменин ортосунда дал келбестиктер жана карама-каршылыктар пайда болгон учурда Меморандум артыкчылыкка ээ болушу керек. Долбоорлордун бекитилүүчү концепттери долбоорлор, алардын максаттары, мөенөттөрү, бюджета жана анын катышуусу менен долбоорду ишке ашыруу болжолдонгон укук коргоо жана башка мамлекеттик органы тууралуу маалыматтарды өзүнө камтыйт.
2. Долбоордук ишти жүргүзүү алкагында Иш-чаралар планы түзүлөт, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кураторлук кылган түзүмдүк бөлүнүшү менен макулдашылгандан кийин ЕККУнун ыйгарым укуктуу екүлү жана тийиштүү укук коргоо жана башка мамлекеттик органынын жетекчиси тарабынан 2 (эки) жылда аны ишке ашыруу мөөнөтү бекитилет. План аларды ишке ашыруу бюджети менен долбоордук иш-чаралардын максаттарын, милдеттерин жана тизмектерин, жооптуу адамдарды жана ар бир пландаштырылган иш-чараны ишке ашыруунун убакыттык интервалдарын, ошондой эле алдыга коюлган максаттарга жетүүнү баалоо критерийлерин өзүнө камтыйт. Иш-чаралар планы ушул Меморандум менен жөнгө салынган долбоордук иштин бөлүгү болуп эсептелет жана аны макулдашкан Тараптар аткарууга милдеттүү.
3. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Меморандумга жана долбоорлордун концепттерине өзгертүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс белүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделет.
1. Эгерде экинчи Тарап ушул Меморандумдун шарттарын аткара албай калса, каалаган Тарап же Тараптардын бири Меморандум боюнча милдеттерди андан ары аткаруудан баш тарта алат жана ушул Меморандумдун иши токтотулушу мүмкүн. Бул Меморандумду токтотууну демилгелеген Тарап 60 (алтымыш) күндөн кем эмес убакыттын ичинде экинчи Тарапка мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүү берүүгө тийиш.
2. Меморандумдун ишин мөөнөтүнөн мурда токтотуу ал иштеп жаткан мезгилде жетишилген кызматташтыктын каалаган түрүнүн аякташына таасир тийгизбейт жана Тараптар үчүн финансылык кесепеттерге алып келбейт.
3. Эгерде долбоордук ишти улантууга мүмкүн болбогон жагдайлар (негизинен форс-мажор) пайда болсо, ЕККУнун борбору жана Өкмет эки жактуу макулдашуу боюнча долбоордук иштин бардыгын же бир бөлүгүн токтото алышат.
4. Эгерде Меморандумдун иши ушул берененин 1-пунктуна ылайык токтотулбаса, Тараптар токтотуу мөөнөтүн минималдаштырууга күч жумшашы керек жана аны улантуу мүмкүндүгүнө кепилдик болоор менен долбоордук ишти кайра баштоого тийиш.
Ушул Меморандумдун Тараптары бир дагы мамлекеттик кызмат адамы же екүлү ушул Меморандумга ылайык женге салынган каалаган иштен финансылык пайда көрө албасы тууралуу макулдашат. Бул жобону сактабагандык олуттуу материалдык бузуу болот жана ЕККУнун борборуна ушул Меморандумдун 14-беренесине ылайык ушул Меморандумдун ишин токтотууга укук берет.
Ушул Меморандум Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте ал бекитилген учурдан тартып күчүнө кирет жана 5 (беш) жылга чейин күчүндө болот. Эгерде Тараптардын бири кезектеги мөөнөт бүткөнгө чейинки 3 (үч) айдан кем эмес убакытта анын ишин токтотуу ниети тууралуу экинчи Тарапка кат түрүнде билдирбесе, анын иши кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрде узартылат.
Ушул Меморандум кыргыз, орус жана англис тилдеринде, ар бири эки нускада даярдалды. Үч тексттин ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ жана аутенттүү болуп эсептелет.
Бишкек шаарында 2015-жылдын "_____" ______, 6 (алты) түп нускада, 2 (эки) кыргыз, 2 (эки) орус жана 2 (эки) англис тилдеринде кол коюлду, эки Тараптын ар бирине ар бир тилде бир нускадан берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | ЕККУнун Бишкектеги борбору үчүн
|
1-тиркеме
Максаты: | Милицияны реформалоонун улуттук механизмдерине ылайык, түзүмдүк, укуктук жана билим берүү реформаларын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына көмөк көрсетүү |
Бенефициарлар/ камтуу зоналары: | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы, Кадрларды даярдоо борбору, Эксперттик-криминалистика борбору |
Профиль: | Долбоордун узактыгы: 1/2015-12/2015 |
Долбоордун баалоо парки: €130,000 | |
Өнөктөштер: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Кыргыз Республикасындагы башкармалыгы, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, өкмөттук эмес уюмдар | |
Иш-чаралар: | Баяндоо: Ички иштер органдарын реформалоого жооптуу ыйгарым укуктуу органдар реформалоо процессиндеги алардын жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн мобилизациялайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Укуктук тартип тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча кеңешке колдоо, ошондой эле ички иштер органдарынын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүн орнотууга кемөк көрсөтүлет. Ыйгарым укуктуу органдар менен бирге андан ары башка укук коргоочу жана мамлекеттик органдарда колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин баалоо тутумун апробациялоого комок көрсөтүлөт. Ишке жалдоонун, ишти баалоонун жана кызмат боюнча алдыга жылуунун жаңы жол-жоболорун киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ар тараптуу методологиялык жана кеңеш берүүчүлүк жардам керсетүлөт. Ачык-айкындуулукту, отчеттуулукту жана коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүүнү жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички коопсуздук кызматын реформалоодо методологиялык жана техникалык колдоо зарыл болот. Ички иштер органдарынын тутумунда билим берүүнү реформалоонун, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алгачкы даярдыгынын стандарттарынын эл аралык мыкты практикасын колдонуу максатында кесипкой билим берүүнүн эл аралык талаптарына ылайык эл аралык оң практиканы окуп үйрөнүүгө көмөк көрсөтүлөт. Болон процессинин талаптарына ылайык жаңы окуу программаларын иштеп чыгуу жолу менен жогорку полициялык билим берүүнүн сапатын баалоонун ички тутумун түзүү үчүн консультациялык жардам берилет. |
Күтүлгөн натыйжалар: | Ички иштер органдарынын ишинин контекстинде Кыргыз Республикасындагы түзүмдүк жана укуктук реформаларды ишке ашыруу колдоого алынат жана алдыга жылдырылат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тутумундагы окутуу, кайра окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана жогорку билим берүү тутуму жакшырат. |
2-тиркеме
Максаты: | Компетенттүү органдардын потенциалын жогорулатуу жана алардын ишин координациялоонун механизмдерин жакшыртуу аркылуу уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттерине комок көрсөтүү |
Бенефициарлар/ камтуу зоналары: | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча координациялык борбору; Күбөлөрдү коргоо боюнча башкармалыгы, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы, Онунчу башкы башкармалыгы, Башкы тергөө башкармалыгы. |
Профиль: | Долбоордун узактыгы: 1 /2015-12/2015 |
| Долбоордун баалоо наркы:€180,000 |
| Өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитета, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо кызматы, сот органдары жана башкалар |
Иш-чаралар: | Эл аралык стандарттарга ылайык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттердин укуктук жана тажрыйбалык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кеңеш берүүчүлүк жана эксперттик жардам көрсөтүү, ошондой эле уюшкан кылмыштуулуктун коркунучун баалоо механизмин кошкондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүсүнүн потенциалын жогорулатуу үчүн кемчиликтерди, артыкчылыктуу багыттарды жана зарыл аракеттерди аныктоо максатында изилдеөлөрдү жүргүзүү жана баалоону жүзегө ашыруу аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга мыйзамдык колдоо. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын алдындагы кайра түзүлгөн Координациялык борбордун натыйжалуу ишин топтоо аркылуу уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө ведомстволор аралык мамилени координациялоо жана өркүндетүү боюнча мыкты эл аралык тажрыйбаларды колдонуу үчүн координациялык механизм. Эл аралык стандарттарга ылайык күбөлөрдү коргоо тутумун өркүндөтүүнү жана кылмыш процессинин башка катышуучуларын, ошондой эле окуу жүрүштерүн жана бириктирилген окутуу иш-чараларын уюштурууну кошкондо уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча адистештирилген окутуу иш-чаралары аркылуу укук коргоо, сот жана башка мамлекеттик органдарынын потенциалын жогорулатуу. |
Күтүлгөн натыйжалар | Ведомстволор аралык координациялык механизм натыйжалар: күчөтүлөт жана 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырууда, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана коопсуздук маселелерге чек ара аралык мамилелерди алдыга жылдырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне колдоо көрсөтүлөт. Укук коргоо, сот жана башка мамлекеттик органдар кылмыш иштерин иликтөөдөгү жана укук бузууларды куугунтукка алуудагы езүнүн потенциалын жогорулатышат, жабыркагандарды жана күбөлөрдү коргоо боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырышат, өз ара укуктук жардам берүү инструменттерин колдонуу менен биргелешкен иликтеөлердү жүргүзүшөт. |
3-тиркеме
Максаты: | Калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүгө милициянын жогорку демилгелүүлүгү жана багыттуулугу. Өнөктөштүктөгү коомдук коопсуздук маселелерин жергиликтүү мамлекеттик жана коомдук уюмдар, жарандык коом менен биргеликте чечүү. Милициянын коом алдындагы жогорку жеткиликтүүлүгү, ачык-айкындуулугу жана отчеттуулугу. |
Бенефициарлар/ географиялык катмарлар: | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын белүмдөрү, коомдук алдын алуу борборлору жана жалпы коомчулук. Географиялык камтуу: Кыргыз Республикасы. |
Долбоор тууралуу: | Долбоорду ишке ашыруу мезгили: 1/2015-12/2015 |
Долбоордун баалоо парки: €67,357 | |
Өнүктөштөр: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүмдерү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү бийликтер, коомдук алдын алуу борборлору, эл аралык жана жергиликтүү өкметтүк эмес уюмдар | |
Иш чейрөсү: | Коомдук тартипти коргоо кызматынын активдүү моделин алга жылдыруу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууда милициянын коом, мамлекеттик түзүмдөр жана жеке сектор менен болгон өнөктөштүк мамилесин бир калыпка келтирүү. Жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдары, жарандык коом жана жеке сектор менен республиканын, шаарлардын жана райондордун деңгээлинде өнөктөштүктө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча пландарды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда, укук бузуулардын алдын алууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ички иштер органдарын колдоо. Милиция жана коомчулук үчүн маалыматтык өнөктүктөрдү жана окуу курстарын өткөрүү. Милициянын коом алдындагы жогорку жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун алдыга жылдыруу. |
Күтүлгөн натыйжалар:
| Коопсуздук жана жергиликтүү калк менен өнектөштүктө кылмыштуулукка бөгет коюу көйгейлөрүн чечүүдө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын потенциалы күчөтүлөт. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу процессные укук бузуулардын алдын алуунун мамлекеттик жана коомдук субъекттерин тартуу механизми иштелип чыгат жана ишке киргизилет. |