РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-июнундагы № 296-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан акча каражат бөлүү жөнүндө) буйругу

Редакция29.06.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 29-июну № 296-б

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык колдоо көрсөтүү максатында, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата:

Бишкек шаарындагы начар уккан жана керең балдар үчүн № 21 атайын жатак-мектебинин окуу-усулдук жана материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүнсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев