Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-июлу № 302-б
Нью-Йорк шаарында (АКШ) 2015-жылдын 6-10-июлунда болуучу Туруктуу өнүктүрүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун жүрүшүндө Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттары боюнча БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин ар жылдык серебинин алкагында Улуттук ыктыярдуу бетачарды сунуштоо үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы тиркемеге, ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Нью-Йорк шаарына (АКШ) баруусу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Ниязалиева Дамира Абаскановна (*)
| - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасында Миң, жылдыкты өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча координациялык комитетинин төрагасы, делегациянын жетекчиси; |
Кыдыров Талайбек Тургумбаевич | - Нью-Йорк шаарындагы БУУга караштуу Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү; |
Курманова Айдай Эркиновна (*) | - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы. |
(*) Эл аралык уюмдардын каражаттарынын эсебинен командировкага жиберилет.
Премьер-министр |
|