РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-июнундагы № 297-б (Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-июну - 1-июлунда болуучу өнүктүрүү максатында кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөргө катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы жөнүндө) буйругу

Редакция30.06.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 30-июну № 297-б 

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-июну - 1-июлунда болуучу өнүктүрүү максатында кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Делегациянын жетекчисине өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2015-жылдын 30-июну - 1-июлунда болуучу өнүктүрүү максатында кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөргө катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы

 

Джакыпов Кылычбек Джумадилович

- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, делегациянын жетекчиси.

 

Делегация мүчөлөрү:

Сулайманкулов Болот Абыкеевич

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Суюмбаева Паиза Усенбаевна

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;

Темиралиев Таалайбек Асанбекович

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы;

Байгончоков Мирлан Конушбекович

- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Каденова Зууракан Ажимаматовна

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;

Калиев Айбек Рыспекович

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Уезбаев Улан Калмурзаевич

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Абдиев Бахтияр Мамадиярович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Пирназаров Марат Туголбаевич 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

Халитов Михаил Гилфанович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Орозбаева Лада Джантаевна 

- Кыргыз      Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Исмаилов Кубанычбек Искакович

- Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору;

Тологонов Данияр Омурсадыкович 

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Америка департаментинин директорунун орун басары;

Орозбеков Алымбек Асылбекович

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин донордук жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы;

Эшназаров Наби Асанович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин геология башкармалыгынын начальниги.

 

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев