Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 6-июлу № 306-б |
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 330-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу маселелери боюнча комиссиянын курамында:
Комиссиянын курамына киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жумаев Н.К., Комиссиянын төрагасы катары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу боюнча оперкызматкери Акматов Б.Ш.;
Чынгожоев А.Т., Шопоков К.М. жана Нурдин уулу Төлөгөн комиссиянын курамынан чыгарылсын.
Премьер-министр |
|