Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-июлу № 311-б
Контролдук-кассалык машиналарды фискалдаштыруу боюнча долбоорду өз учурунда жана натыйжалуу ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- контролдук-кассалык машиналарды фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруу үчүн 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына 20,0 (жыйырма) миллион сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн каражаттарды караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул буйруктун 1-пункттунда аталган бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|