Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 9-июлу № 317-б
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 - беренесин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17- беренелерине.ылайык:
Кризистик жана өзгөчө кырдаалдардын мезгилинде калкка кабарлоо боюнча мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жана координациялоо механизмдери жөнүндө нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Ушул Нускама кризистик жана өзгөчө кырдаалдардын мезгилинде калкка кабарлоо боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык жана жалпыга маалымдоо каражаггарынын ортосундагы ез ара аракеттенүүсүнүн тартибин жана коордннациялоо механизмдерин аныктайт.
Нускама министрликтердин, администрациялык мекемелердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын ортосунда болжолдонгон, же болуп өткөн, анын ичинде, жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомдук кеңири резонансты жараткан же жаратышы мүмкүн болгон кризистик жана езгөчө кырдаалдар женүндө калкка маалымдоо, аларды жоюу жана калктын жашоо-тиричилигин камсыздоо боюнча көрүлүүчү чаралар тууралуу координацияланган жана макулдашылган бирдиктүү өз ара аракеттенүүлөрү үчүн негиз болуп саналат.
2. Калкка маалымдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн адам курмандыктарын алып келүүчү, адамдардын ден-соолугуна же айлана-чейреге зыян тийгизүүчү материалдык жоготуулар, адамдардын турмуш-тиричилигине кесепет алып келүүчү, болжолдонгон же ал болгон езгече жана кризистик кырдаалдардын бардык түрлөрү боюнча маалыматтын болуусу негиз боло алат.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жарандардын коопсуздугуна жана ден-соолугуна коркунуч жараткан өзгөчө жана кризистик кырдаалдар женүндө жана анын кесепеттери тууралуу маалымат ачык-айкын болууга тийиш.
4. Болуп өткөн же болжолдонгон өзгөчө жана кризистик кырдаалдар, алардын кесепеттери жана аларды жоюунун жүрүшү тууралуу калкка маалымдоо ыкмалары төмөнкүлөр:
- тийиштүү маалыматты жалпыга маалымдоо каражатгарына (ЖМК), маалыматтык агенттиктерге, интернет-басылмаларга жана башка кызыкдар жактарга, уюмдарга, анын ичинде алардын суроо-талабы боюнча берүү;
- маалыматтык процесске катышкан тийиштүү өз ара аракеттенген мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - өз ара аракеттенген тузүмдөр) расмий көз-карашын интернет тармагындагы расмий сайтта же башка мамлекеттик интернет-ресурста, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жайгаштыруу;
- ЖМК, маалыматтык агекттиктер, интернет-басылмалар жана башка кызыкдар жактар, уюмдар үчүн билдирүүлөр тийиштүү ез ара аракеттенүүчү түзүмдүн жетекчилери же маалыматтык бөлүмдөрдүн (басма сез кызматы, коомчулук менен байланыш түзүү кызматы) жетекчилери же алар ыйгарым укук берген кызмат адамдары тарабынан берилет;
- калкка, ЖМКга, маалыматтык агенттиктерге, интернет-басылмаларга жана башка кызыкдар жактарга, уюмдарга убактылуу (көчмө) басма сөз борбору аркылуу маалымдоо;
- айрым учурларда өтв тездикти талап кылган калкка маалымдоо жана кабарлоо түз эфирден теле жана радиопрограммаларды трансляциялоону токтотуу жолу менен маалыматтарды жана маалымдамаларды башкаруу органдарына, өз ара аракеттенүүчү мамлекеттик органдардын кү-чтөрүнө жана калкка өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын пайда болуу коркунучу же пайда болгондугу тууралуу ез убагында кабарлануучу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу оргакыньш жалпы мамлекеттик калкка маалымдоо жана кабарлоо комплекстүү тутумунун программалык аппараттык комплексгери аркылуу жүргүзүлөт.
5. Ушул Нускаманын 4-пунктунда керсетүлгөн ыкма аркылуу жарыяланган маалымат кризистик жана өзгөчө кырдаалдарды жоюунун жүрүшү, калктын турмуш-тиричилигин камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар, "түз байланыш" телефондору тууралуу маалыматты, жабыркаган калкка кемек көрсөтүү пункттары, калктын коопсуз жүрүм-туруму боюнча кеңештерди, каза болгондордун жана жабыркагандардын тизмесин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте болгон өзгөчө кырдаалдардын себептерин иликтеө боюнча комиссия түзүлгөн учурда анын иши тууралуу маалыматты камтууга тийиш,
6. Калкка күтүлүп жаткан жана болуп өткөн өзгечө жана кризистик кырдаалдар тууралуу маалымдоо төмөнкү принциптерде ишке ашырылат:
- борбордоштуруу - координациялоочу мамлекеттик органдын маалыматтык бөлүмүндөгү маалыматтык агымдын жыйындысын түшүндүрөт. Анда өзгөчө кырдаалдар тууралуу келип түшкен маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, алмашуу, жалпылоо, талдоо жана тийиштүү маалымат берүү ишке ашырылат;
- ыкчамдуулук, ушул Нускамадагы көрсөтүлген мөенөттө маалыматтарды ЖМКга ез мөөнөтүнде берүү боюнча иш-аракеттердин жыйындысын камтыйт;
- ачыктык - маалымдоо учурунда аскердик жана мамлекеттик жашыруун сырдан башка кабарларды кошпогондо тиешелүү мамлекеттик органдардагы толук көлөмдөгү маалымат берүүнү түшүндүрөт;
- маалыматтуулук жана объективдүүлүк - маалыматтык түзүм, калк жана ЖМК үчүн езгече жана кризистик кырдаалдар тууралуу маалыматтын толуктугу жана калыстыгы;
- мыйзамдуулук - ушул Нускаманын алкагында ишке ашырылган иштер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө", "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө", "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка маалыматтык процесске катышкан өз ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларга карама-каршы келбөөгө тийиш;
каршылаш көз караштагы (оппозициялык жана башка) жалпыга маалымат каражаттарына каршы туруу - бул калкка жана башкаруу органдарына жалпыга маалымдоо каражаттарында өзгөчө кырдаалдар жана окуялар жөнүндө бурмаланбаган маалыматгы объективдүү чагылдыруу болуп саналат.
7. Кризистик жана өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү, алардын оордугу, мүнөзү, баалоо критерийлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан белгиленген езгөчө кырдаалдарды классификациялоонун негизинде аныкталат.
Ушул Нускамадагы кризистик кырдаалдар түшүнүгү "Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жана коргонуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын маанисинде колдонулат.
Кризистик жана өзгөче кырдаалдардын мүнөзүнө жараша калкка маалымдоо боюнча иш-чараны Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу екүлдөрү, жергидиктүү мамлекеттик администрациялар,. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз байланышта мамлекеттик бийликтин темөнкү органдары координациялоону жүргүзүшөт:
- табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар (жер титирөө, сел жүрүү, суу ташкыны, бийик тоолордогу келдөрдүн табигый плотиналарынын бузулушу, кар көчкү, жер көчкү, таш кулоо, геокриологиялык процесс, карстык - суффизиондук процесс, токойлуу жана чополуу кыртыштардын чөгүүсү, суу каптоолор, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, катуу шамал, катуу бороон, тынымсыз жаан, каг/у жааган жаан, нөшөрлөген жаан, токтобой жааган жаан, бурганак, тоңголок, мөндүр, чагылгак, туман, үшүк, катуу аяз, суу кардын топтолушу жана татаал топтолуулар, жердеги кургакчылык, абадагы кургакчылык, керимсел, ысык, токой өртү, тоо өртү, талаа жана буудай чабыктарынын өрттөнүшү) - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- техногендик мүнөздөгү езгөчө кырдаалдар (плотина, шлюз, туташтыргыч, дамбалардын жана башкалардын жарылышы, турмуш-тиричиликти камсыздоочу коммуналдык тутумдагы авариялар, имараттардын жана курулмалардын күтүүсүз кулап түшүүсү, энергетикалык тутумдагы авариялар, өрттөр, жарылуулар, жарылуу коркунучу, транспорттук авариялар, радиоактивдүү заттардын тышка чыгуусу (чыгуу коркунучу) менен байланышкан авариялар, химиялык жактан кооптуу заттардын чыгуусу (чыгуу коркунучу) менен байланышкан авариялар, биологиялык кооптуу заттардын чыгуусу (чыгуу коркунучу) менен байланышкан авариялар - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- кургактыктагы абалдын езгөрүшү (кыртыш, жер асты, ландшафт), атмосферанын курамынын жана касиетинин езгөрүшү, гидросфера абалынын өзгерүшү, биосфера абалынын өзгерүшү - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- биологиялык-социалдык мүнездөгү өзгөчө кырдаалдар (адамдардын жугуштуу оору менен массалык түрдө оорушу) - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- жаныбарлардын жугуштуу оору менен массалык түрдө оорушу менен байланышкан өзгөчө кырдаалдар - ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн отоо чөптөр, зыянкечтер, илдеттер менен массалык түрдө жабыркашына байланышкан езгөчө кырдаалдар -айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту жана жаратылышты пайдаланууну камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- чыр-чатактуу мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар жарандык кагылышуулар, массалык башаламандыктар, куралдуу көтөрүлүштөр, объекттерди басып алуулар - Кыргыз Республикасынын ички иштер органы;
- согуш коркунучу, аскердик коркунучу, коопсуздук аскердик жана өлкөнүн коргонуусуна коркунуч туулганда - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кучтөрүнун Генералдык штабы;
- терроризм коркунучу же террордук акт жасоо коркунучу туулганда - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин башкарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана коргонуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн аскердик же өзгөчө абалды киргизүүдө же кризистик кырдаалдар пайда болгон кезде, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабы, ички иштер, улуттук коопсуздук, Жарандык коргонуу органдарынын, ез компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыздоо тутумуна кирген Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.
8. Калкты ЖМК аркылуу кризистик жана өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалымдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн негиз болуп, болжолдонгон же болгон абалдан жана күтүлүп жаткан же болгон езгече жана кризистик кырдаалдардын масштабына жараша, мамлекеттик Жарандык коргонуу тутумунун функциясынын тиешелүү режимдерине өтүү тууралуу чечими эсептелет, аны төмөнкүлөр кабыл алат:
- объектинин, жергиликтүү жана райондун (шаардын) масштабында-жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары;
- облустук, Бишкек жана От шаарларынын масштабында -жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары;
- республикатык, транс чек аралык масштабында - Өкмөт.
9. Кризистик жана өзгөчө кырдаалдар тууралуу божомол маалым болгон кезден же ал башталган учурдан тарта күндүзү 30 мүнөттүн ичинде (түнкүсүн 1 сааттын ичинде) Өкмет ушул Нускаманын 8-пунктуна ылайык, болжолдонуп жаткан же болгон өзгөчө жана кризистик кырдаалдар тууралуу калкка маалымдоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү органды аныктайт.
Аталган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы (мындан ары - координациялоочу орган) кийинки 30 мүнеттүн аралыгында ез ара аракетгенүүчү түзүмдердү аныктап, кризистик жана езгөчө кырдаалдардын мезгилинде ез ара аракеттенүүчү мамлекеттик органдардын иштери жөнүндө тийиштүү маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, алмашуу жана берүү боюнча иш-чараларды уюштурууну Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдары, анын ичинде, Бишкек жана Ош шаарларынын жетекчилиги, республикалык деңгээлдеги жалпы мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, алардын жер-жердеги аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз жана биргеликте ишке ашыра баштайт.
Координациялык орган тарабынан аныкталган өз ара аракеттенүүчү түзүмдөр үзгүлтүксүз негизде жана кошумча сурамжылоосуз Координациялоочу орган ушул Нускамада каралган меенетте жергиликтүү бийлик органдарьша (Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу екүлчүлуктерүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарьша, анын ичинде, Бишкек жана Ош шаарларынын жетекчилигине, мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жер-жердеги аймактык бөлүмдөрүнө), ошондой эле бардык кызыкдар өз ара аракеттенген мамлекеттик органдарга ушул Нускаманын 5-пунктунда керсөтүлгөн ыкма менен алынган тийиштүү маалыматты жарыялоо үчүн жөнөтөт.
10. Болжолдонгон кризистик жана өзгөчө кырдаалдар тууралуу калкка маалымдоо убактысы маалымат алынган учурдан тартып 1 сааттан ангаоого тийиш; болгон кризистик жана езгече кырдаалдар тууралуу маалымдоо мөөнөтү ал болгон мезгилден тарта 1,5 сааттан ашпоого жана бул тууралуу маалымат алган мезгилден 1 сааттан ашпоого тийиш,
Бул убакыт кызыкдар мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана башка ез ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн маалыматтык бөлүнүштөрүнүн ортосундагы маалыматты макулдашуу процессии камтыйт.
Болжолдонгон же болгон кризистик жана өзгөче кырдаалдар тууралуу маалыматты макулдашуу маалыматтык бел үн ү штерүнүн жетекчилери аркылуу жүргүзүлөт (алар жок учурда) же тийиштүү ез ара аракеттенүүчү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү ез алдынча башкаруу органдарынын жана башка өз ара аракеттенген түзүмдөрдүн ыйгарым укуктуу жетекчиси тарабынан ишке ашырылат. Керсөтүлген адамдар маалыматты жарыялоо мөөнөтү аяктаганга 30 мүнөттен кем эмес убакыт калганга дейре ушул Нускаманын 8-пунктунун 1-абзацына ылайык, калкка маалымдоо боюнча иш - чараларды коордннациялоо үчүн жоопкер органга макулдашылган маалыматты жарыялоо үчүн өздерүнүн компетенциясындагы маселелер боюнча тийиштүү маалыматты берүүгө милдеттүү.
11. Өз ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн маалыматтык бөлүнүштөрүндө ыйгарым укуктуу адамдардын байланыш телефондору керсетүлгөн такталган тизмеси болууга тийиш.
Өз ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн маалыматтык бөлүнүштөрү тарабынан сунушталган кризистик жана өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалымат карама-каршы мүнезде болбоого тийиш.
Эгерде координациялык орган тарабынан ез ара аракетгенүучү түзүм алган маалыматка карама-каршы келген маалымат берилсе, тийиштүү түзүмдердүн ыйгарым укуктуу адамдары кыска меенетте координациялык органга тактоо жиберүүсү зарыл. Кризистик жана езгече кырдаалдар тууралуу ЖМКга берилген маалыматтарды тактоо укугуна координациялык орган гана укуктуу.
12. Кризистик жана езгөчө кырдаалдар тууралуу маалыматтарды берүү укугуна ушул Нускаманын 8-пунктунда көрсетулгөн тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчиси жана/же ал мамлекетт'ик органдын маалыматтык бөлүнушүнүн жетекчиси жана/же облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү жана/же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчиси, жергиликтүү ез алдынча башкаруу органынын, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын жетекчиси ээ.
Калкка бирдиктуү жана координациялуу түрдө маалымдоо үчүн кризистик жана езгөчө кырдаалдар тууралуу маалыматтар ушул Нускаманын 6-пунктунда көрсөтүлгөн көлөмде болуп, бир убакта төмөнкүлөргө жөнетүлүшү керек:
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн аппараттарынын маалыматтык бөлүнүштерүнө;
- аймагында кризистик жана езгече кырдаалдар болжолдонуп жаткан жана болгон тийиштүү облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу екүлчүлүктөрүнүн аппаратына (алар болсо маалыматтык бөлүмдөрүнө);
- тийиштүү аймактын жергиликтүү мамлекеттик администрациясына;
- тийиштүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарьша, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларына;
- калкка маалымдоодо ез ара аракеттенген бардык кызыкдар мамлекеттик органдарга.
Болуп өткөн езгече жана кризистик кырдаалдардын мүнөзүнө жараша ез ара аракеттенүүчү тийиштүү түзүмдөрдүн жетекчилери жана/же ез ара аракеттенүучү түзүмдөрдүн маалыматтык бөлүнүштөрүнүн жетекчилери жана/же ез ара аракеттенүүчү түзү^мдердүн жетекчилери тарабынан дайындалган ыйгарым екүлдөр ушул Нускаманын 11-пунктуна ьшайык мөөнөттүн аякташына 30 мүнөттөн кем эмес убакыт калганда ушул Нускаманын 8-пунктунда керсетулген калкка маалымдоо боюнча иш-чараларды коордннациялоо үчүгн жоопкер мамлекеттик бийликтин тийиштүү органына кризистик жана езгече кырдаалдар мезгилиндеги мамлекеттик органдардын иши женүндө тийиштүү маалыматты чогултууга, иштеп чыгууга, алмашууга жана берүүго милдеттүү.
Координациялык орган тарабынан бардык маалымдоо процессинин жалпы координациясы жана кризистик жана езгече кырдаалдар мезгилиндеги ез ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн иши жөнүтндө тийипггүү маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, алмашуу жана берүү процесси үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратный (мындан ары - Өкмөтүнүн Аппараты) маалыматтык бөлүнүштерүнө жүктелөт. Ошондой эле аталган орган кризистик жана езгече кырдаалдардын мезгилинде ез ара аракеттекүүчу түзүмдөрдүн иш-аракетинин сапатын көзөмелдөөнү ишке ашырат; ез ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн бардык маалыматтык белүнүштөрүнүн ишин координациялайт; кризистик жана езгече кырдаалдардын мезгилинде ез ара аракеттенүүчү түзүмдөргө жарандардын кайрылуусун көзөмөлдөйт;
каршылаш көз караштагы (оппозициялык жана башка) жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине маалыматтык каршы турууну жүргүзөт.
13. Болжолдонгон жана болгон кризистик жана өзгечө кырдаалдар жөнүндө калкка кабарлоо, аларды жоюунун жүрүшү жана калктын турмуш-тиричилигин камсыздоо боюнча кабыл алынган чаралар, ошондой эле ез ара аракеттенүүчү түзүмдердүн маалыматтык бөлүнуштерүнүн иш-аракетин координациялоону уюштуруу шли ушул Нускаманын 8-пунктунда керсөтүлгөн тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт. Калкка кабарлоо жана түздөн-түз өз ара аракеттенүү аталган мамлекеттик органдардын маалыматтык бөлүнүштөрүнүн жетекчилери жана/же аталган мамлекеттик органдын жетекчилери тарабынан дайындалган ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан ишке ашырылат.
14. Кризистик жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө маалыматтарды берүү үч этапта ишке ашырылат:
- алгачкы этап биринчи (биринчи маалымдоо) кризистик жана езгече кырдаалдар аныкталгандан тарта алгачкы 1,5 саатты же анын пайда болуу коркунучу келип чыккандан баштап 1 саатты камтыйт. Болжолдонгон жана болгон кризистик жана езгече кырдаалдар жөнүндө алгачкы маалыматтын мүнөзү жана көлөмү ушул Нускаманын 8-пунктунда көрсөтүлгөн маалымдоо боюнча иш-чараларды координациялоого жоогасер тийиштүү мамлекеттик органдын маалыматтык белүнүштөрүнүн жетекчиси тарабынан аныкталат (өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын түрү жана алардын мүнөзүнө жараша).
Маалымат башка ез ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн компетенциясына тийиштүү болгон кезде, калкты маалымдоо боюнча иш-чараларды координациялоого жооптуу мамлекеттик органдын маалыматтык белүнүшү ез ара аракеттенүүчү түзүмдердүн маалыматтык бөлүнүштерүнүн жетекчилери менен макулдашылган сон маалыматты жарыялоого сунуштайт.
Мындай маалыматты макулдашуу мөөнөтү 30 мүнеттөн ашпоого тийиш. Мындай маалыматтын милдети - кризистик жана өзгечө кырдаалдардын алгачкы мезгилиндеги маалыматтык боштукту толтуруу, калк арасындагы дүрбелөңдүн алдын алуу, кризистик жана езгече кырдаалдарга кабылган жарандардын аң-сезимдүү' жана уюшулган аракеттери үчүн өбөлгө түзүү.
Болгон кризистик жана өзгөчө кырдаалдар тууралуу ЖМК үчүн алгачкы кабар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: кризистик жана езгече кырдаалдардын мүнөзү жана көлемү, өзгөчө кырдаалдардын өнүгүүсүнө таасир тийгизе турган көйгөйдүн езгече аспектилери, (мисалга, аба-ырайы), маморган же жергиликтүү ез агдынча башкаруу органы тарабынан учурдагы кесепетти жоюуга жана аларды келечекте болтурбоо боюнча кабыл алынган иш-аракеттердин тизмеси. АлгачКЫ кабарда болуп өткөн кризистик жана езгечө кырдаалдар боюнча маалыматты камтуучу интернет-ресуретардын дареги, кайрылуулар үчүн телефондор керсөтүлүшү керек. Билдирүүдө себеп-натыйжалык байланыштарга эмес, хронология жагына басым жасоо маанилүү болот,
ЖМКга билдирилген алгачкы кабардан соң, болуп өткен өзгөчө кырдаалдар жөнүндө так маалыматтар чогултулганга жана өз ара аракеттенүүчү жана бшлка кызыкдар түзүмдер менен макулдашылган биргелешкен коз карашты иштеп чыкканга дейре убактылуу "маалыматтык тыныгуу" режими киргизилет, "Маалыматтык тыныгуу" мезгили 1 сааттан ашпоого тийиш.
"Маалыматтык тыныгуу" мезгилинде оз ара аракеттенүүчү түзүмдөр кризистик жана езгече кырдаалдардын енүтүүсү женүнде жаңыртылган маалыматты ЖМКга ез алдынча берүүге укуксуз. Жаңыртылган маалыматтар координациялык органга ЖМКга макулдашылган билдирүүнү берүү үчүн жөнөтүлет. Өз ара аракеттенүүчү түзүмдөр ЖМКга координациялык орган тарабынан берилүүчү маалыматтын жакынкы мөенетү тууралуу маалымдоого укуктуу;
- экинчи этап өзүне өзгөчө жана кризистик кырдаалдардын өнүгүү мезгилин камтыйт. Кийинки маалыматтарды берүү ырааттуулуту 2 сааттан кем эмес убакытты түзөт.
Кризистик жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу учурунда калкка маалымдоо үчүн күнү-түнү координациялоочу жана ез ара аракеттенүүчү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана башка жергиликтүү бийлик органдарынын интернет-ресурстары максималдуу түрдө колдонулууга тийиш.
Маалыматтык бөлүмдөр ез ара аракеттенүүчү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана башка кызыкдар түзүмдөрдүн, жергиликтүү бийлик органдарынын интернет-ресурстарында кризистик жана езгече кырдаалдарды жоюунун жүрүшү, калктьга жашоо-тиричилигин камсыздоо боюнча кабыл алынган чаралар. "туз байланыш" телефондору тууралуу маалыматтар, жабыркаган калкка психологиялык көмөк көрсөтүү пункттары, калктын коопсуз жуттүм-туруму боюнча сунуштар, каза болгондордун жана жабыркагандардын тизмеси тууралуу маалыматты тез жайгаштырып турушу зарыл;
- үчүнчү этап (кризистик мезгилден кийинки абал) кризистик жана езгече кырдаалдарды чектөөден баштап, анын кесепеттерин жоюу мезгилин камтыйт. Маалымат берүү ырааттуулугу, кризистик жана езгече кырдаалдар тууралуу акыркы маалыматтан соң, 24 сааттан ашпоого тийиш, маалымдоо ушул Нускаманын 7-пунктунда көрсөтүлгөн тийиштүү мамлекеттик органдын маалыматтык белүм жетекчиси тарабынан ишке ашырылат. Бул мезгилде калктын турмуш-тиричилигин камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар, курман болгон жана жабыркагандардын саны, келтирилген чыгымдын жана материалдык зыяндын, кризистик жана өзгөчө кырдаалдар камтыган аймактын көлөмү, кризистик жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу үчүн кабыл алынган чаралар, жабыркагандарга көрсөтүлгөн көмөк, абалдын кайталанбашы боюнча көрүлүп жаткан аракеттер ж.б. тийиштүү маалыматтар берилууге тийиш.
Билдирүүлөргө эксперттердин жана өзгөчө кырдаалдын себебин иликтоө боюнча түзүлгөн атайы Өкмөттүк комиссиянын расмий корутундуларысыз кризистик жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышына себепкер жактар жана күнөөлүүлөр тууралуу божомолдорду киргизүүгө жол берилбейт.
15. Мамлекеттик органдардын маалыматтык бөлүмдөрүнүн үч этаптагы негизги милдети - мамлекеттик органдардын кризистик жана өзгөчө кырдаалдар мезгилиндеги иш-аракети жөнүндө объективдүү маалыматты үзгүлтүксүз чогултуу, иштеп чыгуу, алмашуу, берүү, объективдүү жана өз учурундагы маалыматгык процесс уюштуруу болуп эсептелет.
Өзгөчө кырдаалдарда калкка журүм-турум эрежелери, адамдардын ден-соолугун жана өмүрүн, чарба объектилерин жана айлана-чөйренү сактоо үчүн аракеттер, иш-чаралардын тартиби жөнүндө ыкчам билдирүүлордү берүү максатында, телерадиоберүү каналдары боюнча видео, текст жана баяндама түрүндөгү билдирүүлөрдү берүү жолу аркылуу коомдук тартипти сактоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 112 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкына өзгечө кырдаалдар жөнүндө жарыялоо жана маалымдоо үчүн телерадиоберүү каналдарын колдонуу тартиби жөнүндө жобо аркылуу аныкталган тартипте, ошондой эле эки тараптуу түзүлгөн макулдашуулардын негизинде ишке ашырылат.
16. Өз ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн бардык кызматтык адамдары маалыматтык бөлүнүштөрге кризистик жана езгөчө кырдаалдар түзүлгөн аймактагы тийиштүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши, тартылган күч-каражатгары, анын кесепетин жоюу жана кшпстын турмуш-тиричилигин камсыздоо тууралуу зарыл материалдарды өз убагында даярдап берип турууга милдеттүү.
Өз ара аракеттенүүчү түзүмдөр болжолдонгон, же болуп өткөн кризистик жана өзгөчө кырдаалдар тууралуу маалыматты координациялык органга өз учурунда бербеген убакта иштин мөенөтүнде аткарылбагандыгы үчүн жеке жоопкерчиликти ез ара аракеттенуүчү түзүмдүн жетекчиси тартат.
17. Кризистик жана өзгөчө кырдаалдар жабык, өзгечө маанилүү жана режимдик уюмдарда жана/же объектилерде болгон учурда бул тууралуу уюмдар жана объектилер компетенциясына кирген мамлекеттик бийлик органдарынын маалыматтык бөлүнүштөрү тарабынан маалымат берилет.
18. Болжолдонгон же болгон, же тескерисинче, иш жүзүндө болбогон кризистик жана өзгөче кырдаалдардын фактысы боюнча начар маанайдын, коомдогу социалдык оор абалдын же башка терс таасирлердин өсүүсүне түрткү болгон маалыматтарга байланыштуу негизсиз же ашыкча жана эч кандай ырасталбаган маалыматтар келип чыккан учурда, калкка маалымдоо боюнча иш - чараларды коордннациялоо үчүн жоопкер мамлекеттик орган тарабынан ушул Нускаманын 8-пунктунда көрсөтүлгөн кризистик жана езгече кырдаалдардын түрүнө жана мүнөзүнө жараша төмөнкү аракеттер көрүлөт:
- Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, тийиштүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен тыгыз байланышта даярдалат жана кызыкдар ез ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн маалыматтык белүнүштерү менен маалыматтары төгүндөгөн түзүмдөрдүн ортосунда макулдашылат;
- макулдашылган расмий кез караш ушул Нускаманын 5-пунктуна жарыяланат.
Дүрбөлөң маанайды жаратуучу имиштерге жана анын жайылышына каршы туруу максатында маалымдоо убактысы имиштер жаралгандыгы тууралуу маалымат алган убактан 1 сааттык мөөнөттен ашпоого тийиш.
Имиштерге каршы туруу жана маалыматтык кризисти жоюу максатында калк арасына жайылтылган билдирүүлөр карама-каршы мүшезгө ээ болбоого жана имиштерди жоюуга жана калк арасындагы оор абалды азайтуунун себеби болуп калууга тийиш.
19. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган, болуп өткөн езгече кырдаалдар тууралуу маалымат узак меенетте (1 сааттан ашуун) берилбеген учурда, кызыкдар ез ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн маалыматтык кабарынын мүнөзү жана көлөмү жөнүндө чечимди Өкмөттүн Аггааратынын маалыматтык бөяүнүшүнүн жетекчиси же анын тапшырмасы боюнча - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын маалыматтык бөлүшүпгүнүн жетекчиси тарабынан бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу боюнча аныкталат.
20. Кризистик жана езгече кырдаалдар жергиликтүү, райондук, облустук, республикалык жана/же коңшу елке менен чектеш аймактын денгээлинде болгон, калкка маалымдоо боюнча иш-чараларды коордннациялоо үчүн жоопкер мамлекеттик органдын күч аракети жана каражаты аркылуу езгече кырдаалдар болуп өткөн тийиштүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, облустагы Өкметтүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын базасында калкка маалымдоо, ошондой эле ЖМК екүлдөрүнө көмек көрсөтүү ирээтинде өзгөчө кырдаалдардын мүнөзүне' жана түрүнө жараша (ушул Нускаманын 8-пункту) убактылуу (көчме) басма сөз жыйыны уюштурулат, анын курамына кызыкдар өз ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн маалыматтык бөлүмдерүнүн өкүлдөрү кирет.
Республикалык жана же коңшу өлкө менен чектеш аймактын деңгээлиндеги кризистик жана өзгөче кырдаалдар болгон кезде убактылуу (кечмө) басма соз жыйыны Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык бөлүмүнүн базасында жана анын күч-аракети, каражаты аркылуу уюштурулат. Анын курамына бардык кызыкдар өз ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн маалыматтык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кирет.
Республикалык жана/же коңпгу өлке менен чектеш аймак денгээлиндеги кризистик жана езгече кырдаалдардын кесепетин жоюу жүрүп жаткан жердеги тийиштүү аймактын жергиликтүү ез алдынча башкаруу органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, облустагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын базасында Өкметтүн Аппаратынын маалыматтык бөлүшүнүн күчү. каражаты аркылуу убактылуу (кечме) басма сөз жыйынын түзүуге жол берилет.
Убактылуу (көчмө) басма сез жыйынын уюштурган тийиштүү мамлекеттик органдын маалыматтык бөлүмү ушул Нускамада каралган маалыматтык процесс боюнча иш-чараларды уюштуруута жана ишке ашырууга жооптуу болуп саналат. Бул маалыматтык бөлүмдүн жетекчиси убактылуу (кечме) басма сез жыйынынын жетекчиси убактылуу (кечме) басма сез борборун уюштурган, кризистик жана өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттик органдардын иши тууралуу объективдүү жана ез учурундагы маалыматты берүү, чогултуу, иштеп чыгуу, алмашууга, объективдүү жана ез учурундагы маалыматтык процесстин уюштурулушуна жалпы жетекчилик кылган тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу аркылуу дайындалат.
Тийиштүү кызыкдар өз ара аракеттенүүчү тузүмдөрдүн маалыматтык бөлүнүшүнүн жетекчилеринин жана/же кызматкерлерин убактылуу (кечме) басма сез борборунун курамына киргизилиши мындай басма сез борборун уюштуруп жаткан маалыматтык бөлүнүштүн жетекчисинин же Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык белүнүшү'нүн жетекчисинин расмий кайрылуусу боюнча ишке ашырылат.
21. Убактылуу (көчмө) басма сөз борбору кризистик жана өзгөчө кырдаалдар болгон аймактагы абалды, алардын кесепетин жоюунун жүрүшүн, мамлекеттик органдар тарабынан калктын турмуш-тиричилигин камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдоого кызыкдар ез ара аракеттенүүчү түзүмдөрдүн негизги координациялык органы болуп саналат.
Убактылуу (көчмө) басма сөз борбору кризистик жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштер аяктаганга чейин күнү-түнү иштейт.
Убактылуу (кечме) басма сөз борборун түзүүдө анын ачылыш орду, мөенөтү, курамы, ошондой эле автотранспорт, тиешелүү шаймандар, видео жана фотоаппаратуралар, байланыш каражаттары менен камсыздалышы көрсөтүлөт.
22. Кризистик жана өзгөчө кырдаалдар болгон аймакка келген ЖМК өкүлдөрү кечмө басма сөз борборунда тиешелүү катгоодон өтөт. Ага негиз катары журналисттик күбөлүктүн болуусу, ал эми чет элдик журналисттер үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелуу аккредитациялык күбөлүтү болууга тийиш.
23. Кризистик жана өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыркаган калк үчүн министрлик, административдик ведомство жана башка өз ара аракеттенүүчү түзүмдүн базасында "түз байланыш" ачуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, жогоруда көрсөтүлгөн байланыштын номурлары жөнүндө маалымат кыска мөөнөттүн аралыгында убактылуу (көчмө) басма сөз борборунун жетекчисине билдирилиши керек. "Түз байланыш" жана анын иши туурал\'у маалымат каткка ЖМК, интернет-ресуретары, маалыматты жарьшлоонун башка жеткиликтүү ыкмалары аркылуу жеткирилет.
24. Убактылуу (көчмө) басма соз борбору кризистик жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча штабда (мисаты, штабдык машина) жайгашат, анда жетекчилик жайгашат, ал эми кризистик жана өзгөчө кырдаалдар болгон жерде чатырлардын лагери орнотулса - жеке чатырга жайгашат ("БАСМА СӨЗ БОРБОРУ" такгасы илинет).
Убактылуу (көчмө) басма сез борборунун жетекчилиги ЖМКнын аккредиттелген өкүлдерүнө жайгашуусу, ошондой эле өзгөчө кырдааддын мүнөзүнө жараша иштөө шартын камсыздоо мүмкүндүгү тууралуу маалымдайт.
25. Убактылуу (көчмө) басма сөз борборунда аккредиттелген журнадисттер байланыш каражаты, электр энергиясы жана транспорт менен зарылдыкка жараша камсыздалат. Телефондорду, телекамера аккумуляторлорун зарядкалоо автономдук булак аркылуу ишке ашырылат.
Убактылуу (көчмө) басма сез борбору аркылуу езгече жана кризистик кырдаатдар тууратуу учурдагы колдо болгон маалыматтарды билдирүү ушул Нускаманын 15-пунктунда аныктатган меенетте ишке ашырылат. Кризистик жана езгече кырдаатдар болгон жерде иштеген журнашсттерге алдын ала пресс-релиздин чыгуу мөөнөтү айтылат.
Басмага кайрылуу кризистик жана өзгөчө кырдаалдарды же анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын башталышында, кризистик жана езгече кырдаалдарды жоюу боюнча штабдын жетекчиси же анын орун басары келген учурдан 30 мүнөттөн ашык эмес меенетте ишке ашырылат. Андан кийинки маатымат берүү ырааттуулугу маалыматтык себептин (жаны маалыматтар, иштин жыйынтыкталышы, кошумча күчтөрдүн келиши) болуусун жана обого жаңылыктардын чыгуу убактысын эске алуу менен түзүлгөн кырдаалдардан кез каранды болуп саналат. Интервью убактысы тууралуу журналисттерге алдын-ала маалымат берилет. Комментарийлер үчун кызыкдар өз ара аракеттенүучү тузүмдөрдүн кызматтык адамдары, ошондой эле маалыматтык бөлүмдөрдун жетекчилери тартылышат.
26. Кризистик жана өзгөчө кырдаалдар болуп өткөн жердеги фото жана видеотартууларды жүргүзүүгө мүмкүн болгон коопсуз аралыкты аныктоо кризистик жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча штабдын жетекчисине жүктөлөт.
Кызыкдар өз ара аракеттенүүчү түзүмдердүн бардык кызматтык адамдары убактылуу (кечме) басма сөз борборунун кызматкерлеринин суроолору боюнча кризистик жана өзгөчө кырдаалдардын аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иштер, тартылган күчтөр, каражаттар, кырдаалдардын кесепетин жоюу жана калктын турмуш-тиричилигин камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу бардык зарыл маалыматтык материалдарды тез даярдоого жана берип турууга тийиш.