Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 10-июлу № 327-б
Бишкек шаарында коомдук транспортту өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2015-жылдын 14-15-июлунда Бишкек шаарында өтө турган «Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү "2-фаза" долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Касымалиев Адылбек Алешович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министри, делегациянын жетекчиси; |
Ибраев Саматбек Кулукеевич | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Кадыров Бахтияр Сабыржанович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сапарбаев Жоомарт Рахатович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Салимов Турсунтай Аблизович | - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Кулматов Кубанычбек Кенешович | - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Джакыпов Кылычбек Джумадилович | - Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Мукашев Болотбек Бейшенбекович | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директору; |
Рыспаев Бакыт Келгенбаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; |
Мурзаев Кубат Садырбекович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардамдар башкармалыгынын начальниги; |
Абдразаков Мадылбек Медершаевич | - Бишкек троллейбус башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Усубалиев Азамат Абдыкадырович | - Бишкек шаарын өнүктурүү агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча); |
Мамышев Болот Шаршенбекович | - Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча). |