Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 13-июлу, № 328-б
1. Корея Республикасынын Кванджу шаарында 2015-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага Кыргыз Республикасынын студенттик командаларынын ийгиликтүү даярдык көрүүсүн жана катышуусун камсыз кылуу максатында:
Корея Республикасынын Кванджу шаарында 2015-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага Кыргыз Республикасынын студенттик командаларынын ийгиликтүү даярдык көрүүсүн жана катышуусун камсыз кылуу боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Уюштуруу комитети:
- жума сайын 2015-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага спортсмендердин даярдык көрүүсүнүн жана катышуусунун негизги маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрсүн;
- 2015-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын спортсмендерин жана жеңүүчүлөрү менен байге ээлеринин машыктыруучу-окутуучуларын бир жолку акчалай сыйлоонун суммасын аныктасын.
З. 2015-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага Кыргыз Республикасынын курама студенттик командаларынын даярдык көрүүсү жана катышуусу боюнча чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-жылга смета боюнча каралган каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын спортунун түрлөрү боюнча федерацияларынын, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун атайын каражаттарынын, ошондой эле демөөрчүлүк келип түшүүлөрдүн эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитети, Кыргыз Республикасынын студенттик спорт федерациясы жана Кыргыз Республикасынын спортунун түрлөрү боюнча федерациялары менен бирге:
- курама командаларды даярдоого тийиштүү контролдоону камсыз кылсын, анын курамына зарыл болгон учурда өзгөртүүнү ыкчам киргизсин;
- курама командалардын окуу-машыктыруу процессии жүргүзүү ордун аныктасын жана бекитсин, республиканын курама командаларынын мүчөлөрүн сапаттуу даярдоону камсыз кылуу үчүн спорт базаларын тиешелүү шаймандар жана жабдуулар менен жабдуу боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын студенттик курама командалары үчүн 2015-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага даярдык көрүү жана катышуу планына ылайык аларга тийиштүү шарттарды түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге зарыл болгон дары-дармек каражаттарына курама командалардын муктаждыктарын аныктасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды сатып алсын;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясын Корея Республикасынын Кванджу шаарына жеткирүүнү камсыз кылсын.
5. Жалпыга маалымдоо каражаттарына Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага республиканын студенттик курама командаларынын даярдык көрүүсүнүн жана катышуусунун жүрүшүн чагылдыруу сунушталсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.А.Ниязалиевага жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ниязалиева Дамира Абаскановна
| Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Сариева Эльвира Кубанычбековна | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
| |
Касымалиев Адылбек Алешович | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Абдылдаев Эрлан Бекешович | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; |
Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович | Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Абдылдаев Эркин Абдрасулович | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Жаштык" спорттук-массалык жана ден соолукту чыңдоо иштери боюнча республикалык борборунун директору; |
Карыпбеков Илим Майрамбекович | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Иманалиев Токтобек Тыбынович | Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, Кыргыз Республикасынын студенттик спорт федерациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Абдыкалыков Акынбек Абдыкалыкович | Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлор кеңешинин төрагасы, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Дуйшеналиев Туратбек Болотбекович | И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Адамкулова Чынара Усенбековна | Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Нифадьев Владимир Иванович | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Мусаев Абдылда Инаятович | К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Абдрахманов Толобек Абылович | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору (макулдашуу боюнча). |