Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 25 майы, № 225-б
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү жана 2016-жылы Кыргыз Республикасында ийгиликтүү өткөрүү, ошондой эле Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому автомобиль жолун капиталдык ондоо боюнча иш-чараларды өз убагында ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине 2015-2016-жылдарда 23,027 км, 7,5 км - 30,5 км узундуктагы Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (мындан ары - Бишкек -"Манас" аэропорту автомобиль жолу) автомобиль жолунун участогун капиталдык оңдоого 1 084 842 654,00 (бир миллиард сексен төрт миллион сегиз жүз кырк эки мин алты жүз элүү төрт) сом бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун даярдоодо ушул буйруктун 1-пунктунун экинчи абзацында аталган каражаттарды караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти Бишкек - "Манас" аэропорту автомобиль жолунун участогун долбоорлоо жана капиталдык ондоо боюнча заказчынын функциясын ишке ашыруучу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти белгиленген тартипте:
- Бишкек - "Манас" аэропорту автомобиль жолунун участогун капиталдык оңдоого долбоордук-сметалык документтерди бекитсин;
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келишимдерди түздөн-түз түзүү методу менен Бишкек - "Манас" аэропорту автомобиль жолунун участогун капиталдык оңдоо үчүн зарыл болгон сатып алууларды жүргүзсүн;
- Бишкек - "Манас" аэропорту автомобиль жолунун участогун капиталдык ондоо үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылсын;
- Бишкек - "Манас" аэропорту автомобиль жолунун участогун капиталдык ондоо үчүн "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча бөлүнгөн каражаттарды өздөштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын маалымат берип турсун;
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |