Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 14-июлу, № 330-б
Турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктардын алдын алуу боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктардын алдын алуу боюнча иштери жетишсиз деп табылсын.
3. Министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" мыйзамдарын ишке ашыруунун алкагында өздөрүнүн функцияларын милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылышсын;
- балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук, балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча ата-энелик милдеттеринен качкандыгына карата жоопкерчилиги тууралуу, зарыл учурларда балдарга камкорчулук дайындоо тууралуу калк арасында дайыма маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдарды аныктоо менен байланышкан маселелер боюнча тиешелүү кызматкерлерди окутууну камсыз кылышсын.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин;
- турмуштук оор кырдаалда турган балдар жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү тартибин бекитсин жана Турмуштук оор кырдаалда турган балдар жөнүндө бирдиктүү маалымат базасын түзсүн;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөргө жана балдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган мамлекеттик социалдык заказдын алкагында долбоорлорду даярдоону жана ишке ашырууну камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2015-жылдын 1-сентябрына чейин ата-энелеринин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалда калган балдар жөнүндө маалыматты тиешелүү мамлекеттик органдарга берүү тартибин иштеп чыксын жана бекитсин.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- 2015-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө балдардын суицидинин алдын алуу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып жалпы билим берүү уюмдарында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча «ата-энелерди жалпы окутууну» уюштурсун.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- балдарга карата ырайымсыз мамиле жана зомбулук фактысы боюнча медициналык корутунду чыгарууда медициналык кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтсүн;
- биринчи медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде өнүгүүсүндө кыйынчылыкка кабылган, өнүгүүсү кечендеген балдар үчүн эрте кийлигишүү программасын киргизсин.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:
- баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарында окуучулардын даттанууларын кабыл алуу үчүн "ишеним телефондорун" уюштурсун;
- республиканын чегинен тышка чыккан эмгек мигранттарынын балдарынын маалымат базасын түзсүн жана ай сайын Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине тиешелүү маалыматтарды берип турсун.
9. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын маданиятынын белгилүү ишмерлерин тартуу менен балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча жалпы улуттук маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын өткөрүүнү камсыз кылсын.
10. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
Т.А. Сариев |