Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-июнундагы № 285 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
1.1. Балдар иштери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистештирилген орган болуп саналат.
1.2. Комиссия төмөнкүлөрдө түзүлөт:
- райондук мамлекеттик администрациялардын алдында;
- райондук бөлүнүүсү болбогон тиешелүү шаарларда - жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын (мэрия) алдында;
- райондук бөлүнүүсү болгон жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын алдында.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Комиссия өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Балдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракетте жүргүзөт.
1.4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1.5. Комиссиянын чечими райондук мамлекеттик администрациянын, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органынын тиешелүү токтому менен бекитилет жана тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык органдар, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
1.6. Комиссиянын чечимине сот тартибинде даттанууга болот.
2.1. Комиссия өзүнүн ишинде төмөнкүдөй принциптерди жетекчиликке алат:
- баланын укуктарын жана кызыкчылыктарын биринчи кезекте деп таануу;
- расасы, терисинин өңү, жынысы, тили, дини, саясий же башка көз карашы, улуттук, этностук же социалдык келип чыгуусу, мүлктүк абалы, баланын ден соолугунун жана төрөлүшүнүн, анын ата-энелеринин, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ден соолугунун абалы же кандайдыр бир башка жагдайларынын белгилери боюнча басмырлоого жол бербөө;
- коомдун тең укуктуу мүчөсү катары баланын укугун жана эркиндигин сыйлоо жана камсыз кылуу;
- баланы уруп-согуунун, моралдык зомбулуктун, кемсинтүүнүн же кыянаттык кылуунун бардык формаларынан, ошондой эле камкордуктун жоктугу же этиятсыз кайрылуудан жана аны эксплуатациялоонун бардык формаларын колдонуудан коргоону камсыз кылуу;
- ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын укуктарын жана милдеттерин сыйлоо;
- балдарга толук баалуу тарбияны камсыз кылуу, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, аларды коомдо толук баалуу турмушка даярдоо максаттарында үй-бүлөнү колдоо;
- (сегизинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
3.1. Комиссиянын милдеттери:
- турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын коргоону камсыз кылуу;
- мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын турмуштук оор кырдаалда турган балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу.
Комиссия жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн сунушу менен баланы коргоо боюнча жеке пландын долбоорун жана турмуштук оор кырдаалда турган баланын андан аркы тагдырын аныктоого тийиштүү маселелерди кароону жана жактырууну, ал боюнча сунуштарды, сын-пикирлерди киргизүүнү;
2) турмуштук оор кырдаалда турган баланы коргоо боюнча жеке пландын, анын ичинде иш-чаралар пландарында каралгандардын аткарылышына жана аларды аткаруу мөөнөттөрүнө мониторинг менен контроль жүргүзүүнү;
3) баланы убактылуу жайгаштыруу боюнча чараларды көрүүнү. Баланы (балдарды) берүү жөнүндө келишим ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшү менен асырап алуучу ата-энелердин (балдарды үй-бүлөгө тарбиялоого алууну каалаган жубайлардын же айрым жарандардын) ортосунда Балдар боюнча комиссиянын макулдугу боюнча түзүлөт;
4) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн турмуштук оор кырдаалда турган балдардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана үй-бүлөнү колдоо боюнча сунушун кароо;
5) ювеналдык юстиция маселелери боюнча мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн өз ара аракеттенүүлөрүн камсыз кылуу, маалыматтарын суроо жана кароо, квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешке маалыматтарды жиберүү.
4.1. Комиссия дайыма иштөөчү жумушчу орган болуп эсептелбейт жана өзүнүн ишмердигин мезгилдүү негизде жүргүзөт. Комиссиянын ишин тиешелүү жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органы же жергиликтүү мамлекеттик администрация дайындаган туруктуу негизде иштөөчү секретариат уюштурат.
4.2. Комиссиянын жобосу жана курамы аталган Комиссияны түзгөн тиешелүү орган тарабынан бекитилет.
4.3 Балдар иштери боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) ички иштер органынын аймактык бөлүнүшүнүн өкүлү;
2) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн өкүлү;
3) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн өкүлү;
4) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн өкүлү;
5) миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнүн өкүлү;
6) райондук мамлекеттик администрациянын же мэриянын өкүлү;
7) жарандык коомдун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
4.4. Комиссиянын төрагасы болуп тиешелүү түрдө райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары же шаардын вице-мэри эсептелет.
4.5. Комиссиянын курамы жергиликтүү өзалдынча башкаруунун аткаруучу органынын же райондук мамлекеттик администрациясынын чечими менен бекитилет.
4.6 Жарандык коомдун өкүлдөрү Комиссиянын курамына алардын, балдарды коргоо жана балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү кесиптик тажрыйбаларын эске алуу менен киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
5.1. Комиссия жүктөлгөн маселелерди чечүү үчүн материал түшкөн учурдан тартып 10 күндөн ашпаган мөөнөттө аларды карайт.
Ишти мөөнөтүндө кароого мүмкүнчүлүк болбогон өзгөчө учурларда Комиссия 7 күндөн ашпаган белгиленген мөөнөткө узартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
5.2. Комиссия балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн материалдарын караганда зарыл болсо керектүү маалыматтарды жана документтерди талап кылып сурап алат, ошондой эле иштин материалдары боюнча түшүнүктөрдү алуу үчүн кызмат адамдарын жана жарандарды чакырат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 619 токтомунун редакциясына ылайык)
5.3. Комиссиянын отуруму анын курамынын жарымынан кем эмеси болгондо укуктуу болуп эсептелет.
Балдар, ата-энелер же аларды алмаштыруучу адамдардын даттануулары боюнча Комиссиянын отурумунда каралып жаткан иш боюнча баланын болушу, ошондой эле бардык кызыкдар адамдардын болушу зарыл.
5.4. Комиссиянын отурумуна отурумдун ордун жана күнүн, мазмуну боюнча ишти кароо, ишти кароого катышкан адамдардын келиши жөнүндө маалыматтарды жана ишке тиешелүү башка маалыматтарды, алардын түшүнүктөрүн кыскача жазуу, ошондой эле кабыл алынган токтомду жарыялоо жана ага даттануунун тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрүү жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен протокол түзүлөт.
Протоколго Комиссияга төрагалык кылуучу жана катчы кол коюшат.
5.5. Комиссиянын чечими отурумга катышуучу Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, төрагалык кылуучу жана катчы кол коюшат жана райондук мамлекеттик администрациясынын же шаар мэриясынын токтому түрүндө таризделет.
5.6. Комиссиянын чечиминин көчүрмөсү балага, анын ата-энесине же аларды алмаштыруучу адамдарга берилет.