КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 20-июлу, № 340-б
Кыргыз Республикасынын жана Словакия Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторуна ээ болгон жарандарынын өз ара сапарларынын режимдерин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визадан бошотуу тууралуу макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Словакия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталып), эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүдөгү жалпы кызыкчылыктарды жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын менен Словакия Республикасынын дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлеринин кирүү жана чыгуу жол-жоболорун жеңилдетүүгө ниеттерин билдиришип, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашышты:
1- берене
Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин дипломатиялык жана кызматтык паспортторго ээ болгон жарандары Макулдашуучу тараптардын аймагына Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык эл аралык байланыш үчүн ачык мамлекеттик чек ара өтмөлөрү аркылуу кирүүгө, андан чыгууга, аймакта турууга жана транзит менен өтүүгө укуктуу.
2- берене
Бул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар Макулдашуучу башка тараптын мамлекетинин аймагында токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөттө визасыз турууга укуктуу. Туруунун мөөнөтү келген өлкөнүн ченемдик укуктук актылары менен узартылышы мүмкүн.
3- берене
Башка Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери болуп саналган дипломатиялык жана кызматтык паспортторго ээ болгон Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү дипломатиялык расмий миссиясы аягына чыкканга чейин башка Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына визасыз кирүүгө, чыгууга жана анда турууга укуктуу.
Аккредиттөөчү мамлекеттин Элчилиги келген өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине бул беренеде көрсөтүлгөн адамдардын өлкөнүн аймагындагы иш орунга келүүсү, болуусу жана өлкөдөн чыгуусу тууралуу алдын ала билдирүүсү керек.
4- берене
Бул Макулдашуунун аракетине ылайык келген адамдар башка Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында болгон учурда эл аралык укук боюнча берилген укуктарына жана артыкчылыктарына зыян келтирбестен, келген өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоого жана чет өлкөлүк жарандардын кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана туруу жол-жоболорун жөнгө салуучу колдонуудагы эрежелерин сактоого тийиш.
5- берене
Ар бир Макулдашуучу тарап каалабаган адам катары эсептеген дипломатиялык жана кызматтык паспорттун ээсине өз мамлекетинин аймагына кирүүсүнө жана туруусуна уруксат берүүдөн баш тартуу укугуна ээ. Мындай баш тартуу тууралуу билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу башка Тарапка токтоосуз жөнөтүлүшү керек.
Ар бир Макулдашуучу тарап коомдук тартипти, коопсуздукту же саламаттыкты сактоо максатында бул Макулдашуунун ишин толугу менен же айрым жоболорун убактылуу чектей же токтото алат. Башка Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу мындай чектөөлөр жана токтотуулар тууралуу дароо билдирилиши керек.
6- берене
Макулдашуучу тараптар жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун үлгүлөрүн, ошондой эле Макулдашуучу тараптар бул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн керектүү ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарган күндөн тартып отуз (30) күндүн ичинде аларды пайдалануунун тартиби жөнүндө маалыматтарды дипломатиялык каналдар аркылуу алмашышат.
Макулдашуучу тараптар жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспортторго өзгөртүүлөр тууралуу ал өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин алтымыш (60) күндөн кем эмес убакытта дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине маалымат беришет.
7- берене
Бул Макулдашууну ишке ашырууда келип чыккан ар кандай кайчы пикирлер жана талаштар Макулдашуучу тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
8- берене
Макулдашуучу тараптардын өз ара макулдугу менен бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу жана 9-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет.
9-берене
Макулдашуучу тараптар бул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу бири-бирине жазуу түрүндө билдиришет. Мында Макулдашуу жазуу түрүндгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн отуз (30) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ар бир Макулдашуучу тарап Макулдашуунун ишин токсон (90) күндүн ичинде токтотуу тууралуу ниетин жазуу түрүндө башка Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу билдирүү менен ушул Макулдашуунун жарактуулугун токтото алат.
Буларды ырастоо менен, өз Өкмөттөрүнүн атынан бул максаттар үчүн тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилгендер бул Макулдашуута кол коюшту.
Бул Макулдашуу күчүнө кирген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2010-жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан өз ара бошотуу тууралуу макулдашуу өз ишин токтотот.
___ шаарында 201_-жылдын «_» -__эки түп нускада кыргыз, словакия, орус жана англис тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Текстти чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
| Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
|