Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-июлу, № 324
Зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Бишкек шаарында 2015-жылдын 1б-июлунда жүргүзүлгөн террорго каршы операциянын жүрүшүндө жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия ыкчам тартипте тийиштүү сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Бишкек шаарында 2015-жылдын 16-июлунда жүргүзүлгөн террорго
каршы операциянын жүрүшүндө жабыр тарткан Кыргыз
Республикасынын жарандарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу
үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык
комиссиянын курамы
Маматалиев Абдырахман Мадакимович | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Боронов Кубатбек Айылчиевич | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | |
Турганбаев Мелис Турганбаевич | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; |
Касымалиев Адылбек Алешович | - Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Табалдиев Бусурманкул Беркутович | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; |
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жала турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; |
Кулматов Кубанычбек Кенешевич | - Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Каримбеков Алик Жолдошмаматович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
Аалиев Азиз Кубанычбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы. |