Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2015-жылдын 22-июлу, № 324

Зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Бишкек шаарында 2015-жылдын 1б-июлунда жүргүзүлгөн террорго каршы операциянын жүрүшүндө жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык комиссия ыкчам тартипте тийиштүү сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

 

Бишкек шаарында 2015-жылдын 16-июлунда жүргүзүлгөн террорго

 каршы операциянын жүрүшүндө жабыр тарткан Кыргыз

 Республикасынын жарандарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу

 үчүн чараларды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык

 комиссиянын курамы

 

Маматалиев Абдырахман Мадакимович

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Боронов Кубатбек Айылчиевич

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Турганбаев Мелис Турганбаевич

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Касымалиев Адылбек Алешович

- Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Табалдиев Бусурманкул Беркутович

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;

Мамбетов Турдубек Мамбетович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жала турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Кулматов Кубанычбек Кенешевич

- Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Каримбеков Алик Жолдошмаматович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Аалиев Азиз Кубанычбекович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы.