Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 27-июлу, № 355-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен Түркмөнстандын Министрлер Кабинетине караштуу Башкы архив башкармалыгынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары “Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги менен Түркмөнстандын Министрлер Кабинетине караштуу Башкы архив башкармалыгы, эки мамлекеттин ортосундагы тарыхый жактан калыптанган достук мамилени көңүлгө алуу менен, эки өлкөнүн архив мекемелеринин ортосунда бирдей пайдалуу кызматташтыкты түзүү максатында, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
Тараптар ушул Макулдашууга, Тараптардын мамлекеттик мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстан мүчө болгон эл аралык
келишимдерге ылайык, өз ара пайда корүүнүн жана теңчиликтин негизинде кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
Тараптар документтердин сакталуусун камсыз кылуу жана аларлы пайдалануу. ошондой эле архив ишин маалыматташтыруу боюнча маалыматты жана иштин тажрыйбалары менен алмашууну ишке ашырышат.
Тараптар өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык жана өз компетенциясынын алкагында, улуттук архив фондуларын Кыргыз Республикасы жана Түркмөнстан элдеринин тарыхы боюнча маалыматтарды камтыган документтер менен толуктоо максатында бири-бирине архивдик документтердин көчүрмөлөрүн беришет. Көчүрмөлөрдү өз ара берүү акысыз, эквиваленттик негизде же эки тарапка тең алгылыктуу келишимдик баада жүргүзүлөт.
Көчүрмөлөрдү алуу боюнча иштердин конкреттүү шарттары Тараптарда кошумча макулдашылат жана өзүнчө келишим менен таризделет.
Тараптар архивдик документтерди биргелешип жарыялоону ишке ашырат жана макулдашылган тематика боюнча документтик көргөзмөлөрдү уюштурат.
Тараптар өз компетенциясынын алкагында жана тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык ведомстволук архив мекемелеринин изилдөөчүлөрүнө көмөк көрсөтөт.
Тараптар бири-бирине архив документтеринин негизинде экинчи Тараптын жарандарынан жана мекемелеринен түшкөн социалдык-укуктук суроо-талаптарын канааттандырууга көмөктөшөт.
Тараптар архив мекемелеринин иш тартиби жана ишти уюштуруу боюнча ченемдик укуктук актылар, ошондой эле архив иштери боюнча архив таануу жана илимий усулдук адабияттар (иш эрежелери, илимий конференциялардын жана семинарлардын материалдары ж.б.) жана Тараптардын архивдик мекемелери тарабынан басып чыгарылган архивдик документтер менен алмашат.
Тараптар эл аралык архив уюмдарынын ишине катышуу маселелери боюнча кызматташтыкты өркүндөтүшөт.
Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын алар мүчө бөлүп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктарына жана милдеттерине таасирин тийгизбейт.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара жазуу жүзүндө макулдашуусу боюнча, ушул Макулдашуунун 12-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда пикир келишпестиктер пайда болгондо Тараптар аларды консультация жана сүйлөшүү жолу менен чечет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу эгерде Тараптардын бири кезектеги мезгил бүтөөрүнө алты ай калганга чейин анын колдонулушун токтотуу ниети тууралуу экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
______________шаарында 201 5-жылдын “_____”___________
кыргыз, түркмөн, орус тилдеринде, эки түп нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурларда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги үчүн
______________________ | Түркмөнстандын Министрлер Кабинетине караштуу Башкы архив башкармалыгы үчүн
_________________________ |