Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 28-июлу, № 348
Япониянын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (JIСА) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын ортосундагы "2015-2017-жылдардагы шайлоо циклинин ичинде шайлоочуларды идентификациялоо процессин автоматташтыруу" долбоорун ишке ашыруу үчүн гранттык макулдашуунун алкагында шайлоо өткөрүү жана сервердик программалык камсыздоо үчүн жабдууларды өз убагында кабыл алууну камсыздоо максатында:
1. Шайлоо өткөрүү жана сервердик программалык камсыздоо боюнча жабдууларды кабыл алуу үчүн тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына андан ары өткөрүп берүү менен шайлоо өткөрүү жана сервердик программалык камсыздоо үчүн жабдууларды Кыргыз Республикасына келип түшүүсүнө жараша кабыл алууну 2015-жылдын 1-августуна чейин белгиленген тартипте ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- шайлоо өткөрүү жана сервердик программалык камсыздоо үчүн жабдууларды белгиленген тартипте баланска кабыл алсын;
- шайлоо өткөрүү жана сервердик программалык камсыздоо үчүн жабдууларды андан ары участоктук шайлоо комиссияларына ташуу, орнотуу жана тестирлөө менен талаптагыдай сактоону камсыздасын.
4. Ведомстволор аралык комиссияга зарыл болгон учурларда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун тиешелүү адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын курамы
Шерипов Нурлан Турганбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Искаков Таалайбек Канатбекович | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын программалык-техникалык камсыздоо жана шайлоочулардын тизмелери менен иштөө бөлүмүнүн тутумдук администратору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
| ||
Ыштыбаев Азамат Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Садамбеков Кубанычбек Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Табалдиев Эрик Белекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын маалыматтык тутумдар бөлүмүнүн башчысы; |
Жылкычиев Мирбек Медербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын колдонмо программаларды киргизүү жана коштоо бөлүмүнүн улук инспектору; |
Атагельдинова Гульнара Курманчаевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын финансы-экономикалык иштер башкармалыгынын начальниги; |
Кучумкулов Бахтияр Абдукаримович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башкы адиси; |
Солтонбеков Хамид Манарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруучулук камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу; |
Акимбаев Аскар Жусупбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын IТ-адиси (макулдашуу боюнча); |
Исаков Нурлан Мырзабекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалыматтык технологиялар жана модернизациялоо башкармалыгынын техникалык колдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Мкртчан Павел | - | БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматтык технологиялар боюнча менеджери (макулдашуу боюнча); |
Жуйко Сергей | - | БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматтык технологиялар боюнча менеджери (макулдашуу боюнча): |
Суюмбаева Чинара | - | БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча координатору (макулдашуу боюнча); |
Хиросито Сато | - | Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин экинчи катчысы (макулдашуу боюнча). |