Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 28-июлу, № 357-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 25-июлундагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыган ишке ашыруу, ошондой эле шайлоо комиссияларына шайлоо кампаниясын уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыз кылууда көмөк көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү штабдарды уюштурушсун;
- шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүп берүүгө байланышкан маселелерди, аларды автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш менен камсыз кылуу аркылуу чечишсин;
- жарандардын сын-пикирлерин, арыздарын, өтүнүчтөрүн жана шайлоо комиссияларынын сунуштарын өз убагында кароону уташтурушсун;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруучулук жана башка чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы төмөнкүлөр менен бирдикте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары менен шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча иштерди уюштурсун жана кийин аларды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын календардык планына ылайык шайлоо комиссияларына өз убагында берсин;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен тиешелүү органдарда кызмат өтөп жаткан, ошондой эле шектүү жана айыпталуучу катары камакка алуу жайларындагы шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча иштерди уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен республиканын чегинен сырттагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмелерин тактоо боюнча зарыл болгон иштерди аткарсын жана шайлоочулардын такталган тизмелерин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жашаган жана турган шайлоочулар жөнүндө маалыматтар менен камсыз кылсын жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына берсин;
- республиканын чегинен сыртта жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча документтерди жана тиешелүү жабдууларды өз убагында жана ыкчам жеткирүүнү уюштурсун.
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн:
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарында кызмат өтөп жаткандар;
- шектүү жана айыпталуучу катары камакка алуу жайларындагылар.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого республикалык бюджеттен зарыл болгон финансы каражаттарын өз убагында бөлүп берүүнү камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү камсыздоо боюнча чараларды көрсүн:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн жүрүшүндө коомдук тартиптин сакталышын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн убагында шайлоо участокторун кайтарууну жана шайлоо бюллетендерин шайлоо участокторуна ташуунун жана жеткирүүнүн коопсуздугун;
- шайлоо процессин өткөрүү үчүн жабдууларды сактоону.
11. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын жайларында өрт коопсуздугун жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылсын.
12. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясы (макулдашуу боюнча), "ЭлТР” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадио берүү компаниясы, "Кыргыз-Туусу", "Слово Кыргызстана" жана "Эркин Too" гезиттеринин редакциялары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн чагылдырып турушсун.
13. "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өткөрүү күнү үзгүлтүксүз телерадио берүүнү камсыз кылуу сукушталсын.
14. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Сарпашев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, штабдын төрагасы; |
Момуналиев Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр, штабдын төрагасынын орун басары; |
Шаикова А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, штабдын төрагасынын орун басары. |
Республикалык штабдын мүчөлөрү: | ||
Абдылдаев Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; |
Кудайбердиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо министри; |
Турганбаев М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри: |
Мамбеталиева Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Малабаев А.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри; |
Боронов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри; |
Турдубаев К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министри; |
Азыранкулов А.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Табалдиев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы; |
Мамыркулов А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы; |
Исакулов Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, штабдын төрагасынын орун басары; |
Токтоболотов М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Эргешов А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы; |
Молдоисаева М.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Аалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Сагынбаев Д.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Убалиев Э.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт, жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Ахмедова Н.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы. |